Государственное агентство гражданской авиации Кыргызской Республики

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Государственное агентство гражданской авиации Кыргызской Республики
Call Directions Website Contact the organization

Государственное агентство гражданской авиации  Кыргызской Республики Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

Государственное агентство гражданской авиации при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики (ГАГА КР) является подведомственным органом Министерства транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики, осуществляющим государственное регулирование, специальные - исполнительные, контрольные, регулирующие и другие функции в области гражданской авиации, предусмотренные Воздушным кодексом Кыргызской Республики и Положением от 15 января 2010 года.

Полное наименование Агентства:
- на государственном языке
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жарандык авиация Мамлекеттик агенттиги»;

- на официальном языке
«Государственное агентство гражданской авиации при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики».

Сокращенное наименование:
- на государственном языке - « Жарандык авиация Мамлекеттик Агенттиги»;

- на официальном языке - « Государственное агентство гражданской авиации».

Основными задачами Агентства являются:

1. Осуществление государственного регулирования деятельности в области гражданской авиации в целях обеспечения безопасности полетов воздушных судов, авиационной безопасности и качества работ и услуг.

2. Удовлетворение потребностей экономики и населения в воздушных перевозках пассажиров, багажа, грузов и других видах услуг в области гражданской авиации.

3. Создание благоприятных условий для безопасных, регулярных и эффективных воздушных перевозок и авиационных спецработ, развития рынка услуг гражданской авиации, а также удовлетворения потребностей пользователей воздушного транспорта и авиационных спецработ.

4. Развитие конкуренции в гражданской авиации и защита интересов пользователей услуг, предоставляемых субъектами гражданской авиации.

5. Внедрение в гражданской авиации Кыргызской Республики Стандартов и Рекомендуемой практики Международной организации гражданской авиации (далее - ИКАО).

6. Обеспечение выполнения обязательств, вытекающих из международных договоров Кыргызской Республики, по вопросам воздушных сообщений гражданской авиации.

7. По решению Президента Кыргызской Республики - обеспечение использования гражданской авиации в чрезвычайных ситуациях, а также реализация специальных программ оборонного характера.

8. Организация поисково-спасательных работ.

9. Реализация экономической, научно-технической и инновационной политики в области гражданской авиации.

Астанада Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн авиациялык коопсуздук боюнча координациялык тобунун жыйыны өттү2026-жылд...
20/10/2026

Астанада Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн авиациялык коопсуздук боюнча координациялык тобунун жыйыны өттү

2026-жылдын 19-октябрында Астана шаарында ИКАОнын Авиациялык коопсуздук жумалыгынын (ICAO Security Week-2026) алкагында Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн авиациялык коопсуздук боюнча координациялык тобунун жыйыны өттү.

Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Армения жана Грузиянын авиациялык бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле байкоочу катары Россия Федерациясынын өкүлү катышты.

Катышуучулар куралдуу кагылышуу аймактарына жакын жерлердеги учуу тобокелдиктерин, учкучсуз учуучу аппараттардан келип чыккан коркунучтарды, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү аныктоо, тобокелдиктерди баалоо, коргоо чараларын күчөтүү жана ыкчам маалымат алмашуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле ИКАО аудиттерине даярданууда жана алардан өтүүдө өз ара колдоо көрсөтүү, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Мындай аракеттер мамлекеттердин ИКАО талаптарына шайкештигин жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Жыйында ИКАОнын Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча глобалдык планын (GASeP) ишке ашыруу жана 2027-жылга карата биргелешкен иштин артыкчылыктары да талкууланды.

Жыйындын жыйынтыктары 2027-жылдагы ИКАОнын авиациялык коопсуздук боюнча үчүнчү жогорку деңгээлдеги конференциясына даярдык көрүүгө арналган «HLCAS/3кө карай жол» аттуу 9-сессияда сунушталат.

Иш-чара аймактагы мамлекеттердин авиациялык коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого жана бирдиктүү ыкмаларды өнүктүрүүгө болгон умтулуусун тастыктады.
___________

В Астане состоялось заседание Координационной группы по авиационной безопасности стран Центральной Азии и Кавказа

19 октября 2026 года в Астане в рамках Недели авиационной безопасности ИКАО (ICAO Security Week-2026) состоялось заседание Координационной группы по авиационной безопасности стран Центральной Азии и Кавказа.

В заседании приняли участие представители авиационных властей Казахстана, Кыргызстана, Узбекистана, Таджикистана, Туркменистана, Азербайджана, Армении и Грузии, а также представитель Российской Федерации в качестве наблюдателя.

Участники обсудили риски выполнения полетов вблизи зон вооруженных конфликтов, угрозы со стороны беспилотных летательных аппаратов, вопросы выявления самодельных взрывных устройств, оценки рисков, совершенствования защитных мер и оперативного обмена информацией.

Особое внимание было уделено укреплению регионального сотрудничества, взаимной поддержке при подготовке и прохождении аудитов ИКАО, устранению выявленных недостатков и внедрению международных стандартов авиационной безопасности. Отмечено, что такое взаимодействие способствует повышению уровня соответствия требованиям ИКАО, что отражается в результатах аудитов государств региона.

Также рассмотрены вопросы реализации Глобального плана обеспечения авиационной безопасности ИКАО (GASeP) и приоритеты совместной работы на 2027 год.

Итоги заседания и положительный опыт регионального сотрудничества будут представлены на 9-й сессии Недели авиационной безопасности ИКАО «Путь к HLCAS/3», посвященной подготовке к третьей Конференции ИКАО высокого уровня по авиационной безопасности в 2027 году.

Заседание подтвердило приверженность государств региона укреплению сотрудничества и выработке согласованных подходов к обеспечению авиационной безопасности.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун эксплуатанттын сертификаттарын (AOC) берүүгө киргизилг...
20/10/2026

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун эксплуатанттын сертификаттарын (AOC) берүүгө киргизилген мораторийди алып салуу жөнүндө чечими өлкөбүздүн жарандык авиациясын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

2024-жылы киргизилген мораторий учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана авиация тармагын реформалоого багытталган убактылуу чара болгон.

Бул мезгилде жарандык авиациянын улуттук системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү. Анын маанилүү натыйжаларынын бири — 2026-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылышы болду.

Мораторийдин алынып салынышы инвестицияларды тартууга, жаңы авиакомпанияларды түзүүгө, ички жана эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Бирок бул учуулардын коопсуздугуна коюлган талаптардын жеңилдетилишин билдирбейт.

Ар бир жаңы авиакомпания толук сертификациялоо жол-жобосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине жана ИКАОнын колдонулуучу стандарттарына шайкештигин тастыктоого милдеттүү.

Авиакомпаниялар реалдуу аба кемелерине, квалификациялуу персоналга, зарыл инфраструктурага жана коопсуз ишмердүүлүк үчүн жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек.

Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги аба кемелеринин техникалык абалына, персоналдын даярдыгына, учуу ишмердүүлүгүнө жана коопсуздукту башкаруу системаларына катуу көзөмөл жүргүзөт.

Биздин максат — авиакомпаниялардын санын гана көбөйтүү эмес, өлкөнүн экономикасын, туризмин жана эл аралык байланыштарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү жана коопсуз авиация тармагын калыптандыруу.

Учуулардын коопсуздугу биздин эң башкы артыкчылыгыбыз болуп келген жана мындан ары да ушундай бойдон кала берет.
________
🇰🇬 Решение Президента Кыргызской Республики Садыра Нургожоевича Жапарова об отмене моратория на выдачу сертификатов эксплуатанта (AOC) открывает новые возможности для развития гражданской авиации страны.

Введённый в 2024 году мораторий являлся временной мерой, направленной на усиление государственного надзора за безопасностью полётов, совершенствование нормативно-правовой базы и реформирование авиационной отрасли.

За этот период был достигнут значительный прогресс в приведении национальной системы гражданской авиации в соответствие с международными стандартами. Одним из ключевых достижений стало исключение Кыргызской Республики из авиационного списка безопасности Европейского союза в июне 2026 года.

Отмена моратория создаёт условия для привлечения инвестиций, создания новых авиакомпаний, расширения внутренних и международных авиасообщений, а также появления дополнительных рабочих мест.

Однако это не означает смягчения требований к безопасности полётов.

Каждая новая авиакомпания должна пройти полноценную процедуру сертификации и подтвердить соответствие национальным авиационным правилам и применимым стандартам ИКАО.

Авиакомпании должны располагать реальными воздушными судами, квалифицированным персоналом, необходимой инфраструктурой и достаточными финансовыми ресурсами для обеспечения безопасной и устойчивой деятельности.

Государственное агентство гражданской авиации продолжит осуществлять строгий надзор за техническим состоянием воздушных судов, подготовкой персонала, организацией лётной деятельности и функционированием систем управления безопасностью полётов (SMS).

Наша цель — не просто увеличить количество авиакомпаний, а сформировать современную, конкурентоспособную и безопасную авиационную отрасль, способствующую экономическому росту, развитию туризма и укреплению международных связей.

Безопасность полётов всегда была и остаётся нашим главным приоритетом.

🇰🇬🇰🇿 Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Казакстан менен аба каттамдарын кеңейтүү келечеги талкууланды2026-жылдын ...
15/10/2026

🇰🇬🇰🇿 Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Казакстан менен аба каттамдарын кеңейтүү келечеги талкууланды

2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин директору Данияр Бостонов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулап, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы аба каттамдарын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Атап айтканда, жаңы авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү, каттамдар тармагын кеңейтүү жана Казакстандын Air Astana авиакомпаниясы менен өз ара кызматташтыктын келечеги каралды.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды өнүктүрүүнүн жана аба ташууларды мындан ары кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.
_________

🇰🇬🇰🇿 В Государственном агентстве гражданской авиации обсудили перспективы расширения авиасообщения с Казахстаном

15 октября 2026 года в Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялась встреча директора Данияра Бостонова с Чрезвычайным и Полномочным Послом Республики Казахстан в Кыргызской Республике.

В ходе встречи стороны обсудили перспективы дальнейшего развития двустороннего сотрудничества в области гражданской авиации, уделив особое внимание расширению воздушного сообщения между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан.

В частности, были рассмотрены возможности открытия новых авиарейсов, расширения маршрутной сети и перспективы взаимодействия с казахстанской авиакомпанией Air Astana.

Стороны также отметили важность развития транспортной связанности между двумя странами и создания благоприятных условий для дальнейшего расширения авиаперевозок.

По итогам встречи была выражена взаимная заинтересованность в продолжении диалога и укреплении сотрудничества в сфере гражданской авиации.

🇰🇬🇯🇵 Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде JICA өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз ...
15/10/2026

🇰🇬🇯🇵 Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде JICA өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аба кемелерин векторлоо жана алардын ылдамдыгын башкаруу жаатында аба кыймылын башкаруу диспетчерлеринин инструкторлорун, ошондой эле ИКАОнын PANS-OPS (Procedures for Air Navigation Services — Aircraft Operations) жол-жоболоруна ылайык учуу схемаларын иштеп чыгуу боюнча адистерди даярдоо долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Долбоордун негизги багыттарына, окуу процессин уюштурууга, авиация адистеринин квалификациясын жогорулатууга, анын ичинде учуу схемаларын долбоорлоонун эл аралык стандарттарын жана ыкмаларын өздөштүрүүгө, ошондой эле долбоорду практикалык ишке ашыруунун кийинки этаптарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар авиация адистеринин кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө, учуулардын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасында аба кыймылын уюштуруу системасын өркүндөтүүгө багытталган кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
________

🇰🇬🇯🇵В Государственном агентстве гражданской авиации состоялась встреча с представителями JICA

15 октября 2026 года в Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялась встреча с представителями Японского агентства международного сотрудничества (JICA).

В ходе встречи стороны обсудили вопросы реализации проекта по подготовке инструкторов-диспетчеров управления воздушным движением в области векторения и управления скоростью воздушных судов, а также специалистов по разработке схем полетов в соответствии с процедурами ИКАО PANS-OPS (Procedures for Air Navigation Services — Aircraft Operations).

Особое внимание было уделено основным направлениям проекта, организации учебного процесса, повышению квалификации авиационных специалистов, включая освоение международных стандартов и методов проектирования схем полетов, а также дальнейшим этапам практической реализации проекта.

По итогам встречи стороны выразили заинтересованность в продолжении сотрудничества, направленного на развитие профессионального потенциала авиационных специалистов, повышение безопасности полетов и совершенствование системы организации воздушного движения в Кыргызской Республике.

🇰🇬🇨🇿 Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Чехия Республикасынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү2026-жылдын 1...
15/10/2026

🇰🇬🇨🇿 Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Чехия Республикасынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Чехия Республикасынын транспорт министри Иван Беднарик баштаган делегация менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин, «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун өкүлдөрү, ошондой эле Чехиянын Транспорт министрлигинин, Өнөр жай жана транспорт бирлигинин, Чехиянын авиациялык даярдоо борборунун, Карловы Вары жана Острава аэропортторунун, OMNIPOL Defence жана ERA компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде аба каттамдарын өнүктүрүү, авиация адистерин даярдоо жаатындагы өз ара аракеттенүү, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап авиациялык технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана эки өлкөнүн авиациялык уюмдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
___________

🇰🇬🇨🇿 В Государственном агентстве гражданской авиации состоялась встреча с делегацией Чешской Республики

14 октября 2026 года в Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялась встреча с делегацией Чешской Республики во главе с министром транспорта Иваном Беднариком.

Во встрече приняли участие представители Государственного агентства гражданской авиации, авиакомпании «Асман Эйрлайнс», Кыргызского авиационного института имени И. Абдраимова, а также представители Министерства транспорта Чехии, Союза промышленности и транспорта, Чешского центра авиационной подготовки, аэропортов Карловы Вары и Острава, компаний OMNIPOL Defence и ERA.

В ходе встречи стороны обсудили текущее состояние и перспективы двустороннего сотрудничества в области гражданской авиации, включая развитие воздушного сообщения, взаимодействие в сфере подготовки авиационных специалистов, развитие аэропортовой инфраструктуры и внедрение современных авиационных технологий.

По итогам встречи стороны выразили заинтересованность в дальнейшем укреплении сотрудничества и развитии практического взаимодействия между авиационными организациями двух стран.

13/10/2026

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) текшерүүсүн ийгиликтүү аяктады.
________

Кыргызстан успешно прошел проверку Международной организации гражданской авиации (ИКАО).
________

Kyrgyzstan Successfully Passed the ICAO Coordinated Validation Mission (ICVM)

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) текшерүүсүн ийгиликтүү аяктадыКыргыз Республикасынын Министрлер Каб...
13/10/2026

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) текшерүүсүн ийгиликтүү аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 2026-жылдын 30-сентябрынан 7-октябрына чейин өткөрүлгөн Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) миссиясынан олуттуу сын-пикирлер аныкталбастан ийгиликтүү өттү.

ИКАОнын координацияланган валидациялык миссиясынын (ICVM) алкагында эл аралык эксперттер учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү тутумунун натыйжалуулугуна жана аны өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын аткарылышына баа беришти.

Миссиянын жыйынтыктары Кыргыз Республикасында учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун улуттук тутумун өнүктүрүүдөгү оң динамиканы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун, ошондой эле ИКАОнун эл аралык стандарттарын жана сунушталган практикасын сактоо боюнча ырааттуу иштерди дагы бир жолу тастыктады.

Миссиянын ийгиликтүү аякташы жетишилген натыйжалардын туруктуулугун жана Кыргыз Республикасынын авиациялык тутумуна карата эл аралык авиация коомчулугунун ишениминин мындан ары да бекемделип жаткандыгын айгинелейт.
___________

Кыргызстан успешно прошел проверку Международной организации гражданской авиации (ИКАО)

Государственное агентство гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики успешно прошло миссию Международной организации гражданской авиации (ИКАО), проведенную с 30 сентября по 7 октября 2026 года, без выявления критических замечаний.

В рамках миссии ИКАО по координированной валидации (ICVM) международные эксперты провели оценку эффективности системы государственного надзора за безопасностью полетов и реализации мероприятий по ее совершенствованию.

Результаты миссии в очередной раз подтвердили положительную динамику развития национальной системы обеспечения безопасности полетов, эффективность проводимых реформ и последовательную работу по соблюдению международных стандартов и рекомендуемой практики ИКАО.

Успешное прохождение миссии свидетельствует об устойчивости достигнутых результатов и дальнейшем укреплении доверия к авиационной системе Кыргызской Республики со стороны международного авиационного сообщества.

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу ардагерлер жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагынын кызматкерлери!Сиздерди...
07/10/2026

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу ардагерлер жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын жарандык авиация күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Авиация ар дайым күчтүү, жоопкерчиликтүү жана өз ишине берилген кесипкөйлөрдүн тармагы болуп келген. Алар үчүн жоопкерчилик, тактык жана коопсуздук жөн гана талап эмес, күнүмдүк иштин негизги принциптери болуп саналат. Дал сиздердин эмгегиңиздердин аркасында Кыргызстан дүйнө менен жакындашып, жаңы багыттар ачылып, өлкөбүз жана жарандарыбыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык авиациясы өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Биз учуулардын географиясын кеңейтип, авиациялык инфраструктураны модернизациялап, эл аралык кызматташтыкты бекемдеп жана коопсуздук стандарттарын ырааттуу жогорулатып жатабыз. Жүргүзүлгөн иштердин маанилүү натыйжаларынын бири — кыргыз авиакомпанияларынын Европа Биримдигинин Учуу коопсуздугу боюнча тизмесинен чыгарылышы болду. Бул — бүтүндөй авиация тармагынын жетишкендиги жана ошол эле учурда мындан ары да алдыга умтулуу үчүн чоң жоопкерчилик.

Өзгөчө ыраазычылыгымды көп жылдык эмгеги, тажрыйбасы жана авиацияга болгон берилгендиги менен бүгүнкү жетишкендиктерибизге бекем пайдубал түптөгөн ардагерлерибизге билдирем.

Кесиптик өмүрүн авиация менен байланыштырган ар бириңиздерге жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер, туруктуулугуңуздар жана өз кесибиңиздерге берилгендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Кыргызстандын жарандык авиациясынын алдында мындан ары да жаңы багыттар, кеңири мүмкүнчүлүктөр жана чоң жетишкендиктер болсун!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубатчылык жана кесиптик ийгиликтерди каалайм.

Майрамыңыздар менен! Асманыбыз ачык, учууларыбыз коопсуз болуп, жаңы бийиктиктерди багындыра берели!

Урматтоо менен,

Данияр Бостонов
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин Директору

___________

Уважаемые коллеги, дорогие ветераны и работники гражданской авиации Кыргызской Республики!

Сердечно поздравляю вас с Днём гражданской авиации Кыргызской Республики!

Авиация всегда была отраслью сильных людей — профессионалов, для которых ответственность, точность и безопасность являются не просто требованиями, а принципами ежедневной работы. Именно благодаря вашему труду Кыргызстан становится ближе к миру, открываются новые направления и создаются новые возможности для нашей страны и её граждан.

Сегодня гражданская авиация Кыргызстана вступает в новый этап развития. Мы расширяем географию полётов, модернизируем авиационную инфраструктуру, укрепляем международное сотрудничество и последовательно повышаем стандарты безопасности. Важным подтверждением проделанной работы стало исключение кыргызских авиакомпаний из Списка безопасности полётов Европейского союза. Это достижение всей авиационной отрасли и одновременно большая ответственность двигаться дальше.

Особые слова признательности — ветеранам, чей труд, опыт и преданность авиации заложили основу сегодняшних достижений.

Благодарю каждого, кто связал свою профессиональную жизнь с небом, за ответственность, выдержку и верность своему делу.

Пусть впереди у гражданской авиации Кыргызстана будет ещё больше открытых маршрутов, новых возможностей и больших достижений.

Желаю всем крепкого здоровья, благополучия и профессиональных успехов.

С праздником! Чистого неба, безопасных полётов и новых высот!

С уважением,

Данияр Бостонов
Директор Государственного агентства гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики

🇰🇬🇨🇳 Кыргызстанда «Ден соолуктун аба Жибек жолу» кайрымдуулук миссиясынын ачылышы өттү2026-жылдын 24-сентябрында «Манас»...
25/09/2026

🇰🇬🇨🇳 Кыргызстанда «Ден соолуктун аба Жибек жолу» кайрымдуулук миссиясынын ачылышы өттү

2026-жылдын 24-сентябрында «Манас» эл аралык аэропортунда C909 учагынын базасындагы учуучу госпиталдын катышуусунда «Ден соолуктун аба Жибек жолу» кайрымдуулук миссиясынын салтанаттуу ачылышы өттү.

Кытайдын COMAC коммерциялык учактар корпорациясы менен Фудань университетинин Офтальмология жана оториноларингология ооруканасынын демилгеси адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүгө жана авиация менен саламаттык сактоо тармактарындагы кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.

Аземге Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов катышып, куттуктоо сөзүндө авиациялык технологияларды гуманитардык максаттарда колдонуунун жана эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдөөнүн маанисин белгиледи.

Директор кытай тарапка ыраазычылык билдирип, уюштуруучуларга жана медицина адистерине миссияны ийгиликтүү өткөрүүнү жана эки өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгы үчүн жемиштүү кызматташууну каалады.
_____________

🇰🇬🇨🇳 В Кыргызстане состоялось открытие благотворительной миссии «Воздушный Шёлковый путь здоровья»

24 сентября 2026 года в Международном аэропорту «Манас» состоялась торжественная церемония открытия благотворительной миссии «Воздушный Шёлковый путь здоровья» с участием летающего госпиталя на базе самолёта C909.

Совместная инициатива Китайской корпорации коммерческих самолётов COMAC и Офтальмологической и отоларингологической больницы Фуданьского университета направлена на оказание специализированной медицинской помощи и развитие кыргызско-китайского сотрудничества в сфере авиации и здравоохранения.

В церемонии принял участие директор Государственного агентства гражданской авиации Данияр Бостонов. В приветственной речи он отметил значимость проекта для применения авиационных технологий в гуманитарных целях и укрепления двустороннего партнёрства.

Директор поблагодарил китайскую сторону за инициативу и пожелал организаторам и медицинским специалистам успешного проведения миссии и плодотворного сотрудничества на благо граждан двух стран.

2026-жылдын 29-июлунда Мамлекеттик агенттигинде Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) өкүлдөрү менен жолугушуу...
30/07/2026

2026-жылдын 29-июлунда Мамлекеттик агенттигинде Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү келечегин, ошондой эле Мамлекеттик агенттик менен IATAнын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар жарандык авиация тармагын узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу, эл аралык аба каттамдарынын тармагын кеңейтүү, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жер үстүндөгү тейлөөнү өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды жана санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле авиация тармагындагы адистерди сертификаттоо жана алардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
IATA өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагында жетишилген оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, тармактын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда эксперттик жана консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.

________________

29 июля 2026 года в Государственном агентстве гражданской авиации состоялась встреча с представителями Международной ассоциации воздушного транспорта (IATA).
В ходе встречи стороны обсудили текущее состояние и перспективы развития гражданской авиации Кыргызской Республики, а также вопросы дальнейшего расширения сотрудничества между Государственным агентством и IATA.
Особое внимание было уделено вопросам разработки долгосрочной стратегии развития авиационной отрасли, расширения международной маршрутной сети, развития аэропортовой инфраструктуры, совершенствования наземного обслуживания, внедрения международных стандартов и цифровых решений, а также сертификации и повышению квалификации специалистов авиационной отрасли.
Представители IATA отметили положительные изменения, произошедшие в гражданской авиации Кыргызской Республики, и подтвердили готовность оказать экспертную и консультационную поддержку в реализации приоритетных направлений развития отрасли.
По итогам встречи стороны подтвердили заинтересованность в дальнейшем расширении сотрудничества, обмене международным опытом и реализации совместных инициатив, направленных на устойчивое развитие гражданской авиации Кыргызской Республики.

Address

Улица Ажыбек-Баатыра 1
Bishkek

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Telephone

+996312251620

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Государственное агентство гражданской авиации Кыргызской Республики posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Государственное агентство гражданской авиации Кыргызской Республики:

Shortcuts

Share