ИИМдин Ички аскерлери / Внутренние войска МВД

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • ИИМдин Ички аскерлери / Внутренние войска МВД
Directions

ИИМдин Ички аскерлери / Внутренние войска МВД ИИМдин Ички аскерлери / Внутренние войска МВД

16/08/2026

🇰🇬🇰🇬 “Окен ава” тасмасы ИИМдин Ички аскерлеринде көрсөтүлдү

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

🇰🇬🇰🇬 “Окен ава” тасмасы ИИМдин Ички аскерлеринде көрсөтүлдү✅️ 2026-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иште...
16/08/2026

🇰🇬🇰🇬 “Окен ава” тасмасы ИИМдин Ички аскерлеринде көрсөтүлдү

✅️ 2026-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүндө «Окен ава» тасмасы көрсөтүлдү.

✅️ Иш-чарага Ички аскерлерде кызмат өтөп жаткан жаш жоокерлер, аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты. Көрсөтүүнүн жүрүшүндө көрүүчүлөр тасманын мазмунуна күбө болуп, чыгармачыл топтун эмгегине жогору баа беришти.

✅️ Иш-чаранын соңунда 7702 аскер бөлүгүнүн командири өздүк курамды жана конокторду куттуктап, маданий иш-чаралар аскер кызматчыларынын руханий дүйнөсүн байытууда маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле командир тарабынан «Окен ава» тасмасын жараткан чыгармачыл топко Ички аскерлердин атынан ыраазычылык каттары тапшырылды.

✅️ Мындай иш-чаралар аскер кызматчыларынын маданий эс алуусун камсыз кылуу менен бирге, алардын мекенчилдик сезимин жана руханий баалуулуктарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

🇰🇬🇰🇬 7704 аскер бөлүгүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат сааты өткөрүлдү✅️ Кыргыз Республикасынын 2021-жылд...
15/08/2026

🇰🇬🇰🇬 7704 аскер бөлүгүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат сааты өткөрүлдү

✅️ Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат сааты өткөрүлдү.

✅️ Иш-чаранын жүрүшүндө укук бузуулардын алдын алуу, мыйзам талаптарын так сактоо, аскердик тартипти жана жалпы аскердик уставдардын талаптарын аткаруу, ошондой эле ынтымакты жана биримдикти чыңдоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

✅️ Мындай иш-чаралар аскер кызматчыларынын укуктук аң-сезимин жогорулатууга, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

🇰🇬🇰🇬 Ички аскерлердин 7707 аскер бөлүгүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча форум өткөрүлдү🔶️ 2026-жылдын...
14/08/2026

🇰🇬🇰🇬 Ички аскерлердин 7707 аскер бөлүгүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча форум өткөрүлдү

🔶️ 2026-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Кол башчылыгынан түшкөн тескеменин негизинде 7707 аскер бөлүгүндө аскер кызматчыларынын жубайларынын катышуусунда «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу – ар бир жарандын милдети» аттуу форум өткөрүлдү.

🔶️ Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо, жубайлардын ортосундагы өз ара сый-урматты жана жоопкерчиликти жогорулатуу болду.

🔶️ Форумга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөө, адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча баяндамалар жасалып, тематикалык видеоролик көрсөтүлдү.

🔶️ Иш-чаранын соңунда форумга активдүү катышкан конокторго ыраазычылык каттар тапшырылып, маданий концерттик программа менен жыйынтыкталды.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

🇰🇬🇰🇬 Баткен шаарында Ички аскерлер байгелүү орунга ээ болду.⚽️ 2026-жылдын 10–11-август күндөрү Баткен шаарында 2021–202...
11/08/2026

🇰🇬🇰🇬 Баткен шаарында Ички аскерлер байгелүү орунга ээ болду.

⚽️ 2026-жылдын 10–11-август күндөрү Баткен шаарында 2021–2022-жылдары Баткен окуяларында курман болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин волейбол боюнча чемпионаты жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

⚽️ Мелдешке ИИМдин түзүмдөрүнөн жалпы 13 команда катышып, күч, чыдамкайлык жана кесиптик даярдык боюнча өз ара күч сынашты.

⚽️ Чемпионаттын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин волейбол боюнча курама командасы ийгиликтүү оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээледи.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

10/08/2026

🇰🇬🇰🇬 7706 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата спорттук иш-чара өткөрүлдү

🔷️ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7706 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата Жалал-Абад гарнизонундагы күч түзүмдөрүнүн арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү.

🔷️ Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, 7706 аскер бөлүгүнүн командиринин кубогу, медалдары жана дипломдору менен сыйланышты.

🔷️ Иш-чаранын негизги максаты күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана аскер кызматчыларынын дене тарбия даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

🇰🇬🇰🇬 Жоокерлерге музейге саякат уюштурулду📢 2026-жылдын 9-августунда ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн жооке...
09/08/2026

🇰🇬🇰🇬 Жоокерлерге музейге саякат уюштурулду

📢 2026-жылдын 9-августунда ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн жоокерлерине Баткен шаарында жайгашкан Баткен мамлекеттик университетинин «Айгүл-Тоо» тарыхый-маданий музей комплексине саякаты уюштурулду.

📢 Саякаттын жүрүшүндө музейди негиздеген тарых изилдөөчү Жамалидин Абдуллаев жоокерлерге Баткен облусунун тарыхы, маданияты, тарыхый-маданий мурастары жана Баткен жергесинен чыккан белгилүү инсандар, баатырлар тууралуу кеңири маалымат берди.

📢 Иш-чаранын негизги максаты — жоокерлерди мекенди сүйүүгө тарбиялоо, алардын Мекенге болгон сүйүүсүн жана берилгендигин арттыруу, тарыхыбызды, маданиятыбызды жана улуттук баалуулуктарыбызды терең билүүгө үндөө.

📢 Ошондой эле ата-бабалардын баатырдык жолун, өлкөбүздүн тарыхын таанытуу аркылуу Мекенди коргоо — ар бир жоокердин ыйык милдети экенин түшүндүрүү.

Тарыхын билген жоокер — Мекенин терең сүйөт!

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

Address

Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ИИМдин Ички аскерлери / Внутренние войска МВД posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share