Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти
Call Directions Website Contact the organization

Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти 🌱Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба - таза келечек.

🇺🇸АКШнын Калифорния штатындагы иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Ак...
29/09/2026

🇺🇸АКШнын Калифорния штатындагы иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Калифорния университетинин Дейвис кампусундагы UC Davis Strawberry Breeding & Research Program селекциялык программасынын өкүлдөрү менен жолукту.

🍓Жолугушууда коммерциялык талаптарга жооп берген, түшүмдүүлүгү жогору жана ооруларга туруктуу кулпунай сортторун селекциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тааныштырылды. Ошондой эле Кыргызстанда жаңы сортторду сыноо, адистердин тажрыйба алмашуусу жана питомник базасын өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

🍓Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Мөмө ассоциациясы МӨМӨ ЖЕМИШ | КЫРГЫЗСТАН UC Davisтин кулпунай сорттору менен иш алып барууда.

28/09/2026
Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен бекитилген Органи...
25/09/2026

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен бекитилген Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди. Анын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык тармакты өнүктүрүүгө арналган конференция өттү. Иш-чаранын максаты — органикалык айыл чарбанын жетишкендиктерин талкуулоо, анын потенциалын көрсөтүү жана 2026–2027-жылдарга өнүктүрүү багыттарын аныктоо болду.

🔰Конференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, фермерлердин, өндүрүүчүлөрдүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты. МинКаб Төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков органикалык айыл чарба өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, Кыргызстандын органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар экенин айтты.

🔰Айта кетсек, 2026-жылдын август айына карата республикада 37 органикалык аймак, 11 кооператив жана PGS сертификатына ээ болгон 208 пилоттук органикалык чарба иш алып барууда. Органикалык өндүрүшкө тартылган жалпы аянт 101 миң гектардан ашты. Учурда мыйзамдык базаны өркүндөтүү, сертификация системасын өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдү колдоо жана фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

🔰Иш-чаранын алкагында ата мекендик органикалык продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, заманбап ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана өсүмдүктөрдү биологиялык коргоо каражаттары тааныштырылды. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголиянын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.
Конференциянын жыйынтыгында органикалык секторду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

🔰 Органикалык айыл чарбанын Улуттук күнүнө карата Баткен облусунда облустук деңгээлдеги иш-чара өтүүдө.Иш-чаранын алкагы...
23/09/2026

🔰 Органикалык айыл чарбанын Улуттук күнүнө карата Баткен облусунда облустук деңгээлдеги иш-чара өтүүдө.
Иш-чаранын алкагында «Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү:
тажрыйба, илим жана келечек» багытында илимий-практикалык конференция уюштурулуп, анда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, илимий жетишкендиктер, заманбап технологиялар жана органикалык өндүрүштү кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө облустун аймактарында өндүрүлгөн органикалык жана айыл чарба продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, дыйкан-фермерлердин, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн продукциялары коюлууда.

Көргөзмө-жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу жана коопсуз продукциялары, мөмө-жемиштер, жашылчалар, кайра иштетилген азык-түлүктөр жана башка айыл чарба товарлары кеңири көрсөтүлүүдө.

📌Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти — коррупцияга каршы!Биз таза, ачык жана адилеттүү иш а...
22/09/2026

📌Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти — коррупцияга каршы!

Биз таза, ачык жана адилеттүү иш алып барууну колдойбуз. Коррупцияга каршы күрөш — бул ар бирибиздин жалпы жоопкерчилигибиз.❗️

Коррупцияны бирге жоёбуз!
Ачыктыкты, мыйзамдуулукту жана таза эмгекти бирге бекемдейли!✅ #менпарабербейм #менпараалбайм #янедаювзятку #янеберувзятку

Бүгүн, 2026-жылдын 18-сентябрында, 📍Нарын шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди. Иш-чара Кыргыз Рес...
18/09/2026

Бүгүн, 2026-жылдын 18-сентябрында,
📍Нарын шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн белгилөө жөнүндө» Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Анын алкагында «Нарын – Кыргызстандын органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн аймактык модели» деген темада илимий конференция өттү.

✅ Жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.
♻️ Көргөзмө-жарманкенин жүрүшүндө жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эмгегинин натыйжалары көрсөтүлүп, калкка сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияларды жайылтууга басым жасалууда.

18/09/2026
16/09/2026

2026-ЖЫЛДЫН 25-СЕНТЯБРЫНДА БИШКЕК ШААРЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРГАНИКАЛЫК АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН УЛУТТУК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛӨТ.

✅ Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин имаратында өткөрүлөт.
✅ Органикалык айыл чарбанын Улуттук күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген.

‼️ Конференциянын негизги максаты — органикалык айыл чарба тармагындагы негизги жетишкендиктерди тааныштыруу, Кыргызстандын органикалык продукциясынын учурдагы потенциалын талкуулоо жана ички, аймактык жана эл аралык рыноктордун талаптарын эске алуу менен 2026–2027-жылдарга тармакты өнүктүрүү боюнча практикалык кадамдарды аныктоо.

✅ Катышуучулар органикалык айыл чарбаны климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, топурактын асылдуулугун жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнө инновациялык жана биологиялык технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашат.
Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн органикалык продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, келген конокторго продукциянын даамын татып көрүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Ошондой эле ресурстарды үнөмдөөчү заманбап технологиялардын жана өсүмдүктөрдү биологиялык коргоо каражаттарынын экспозициясы көрсөтүлөт. Коноктор жана катышуучулар үчүн тематикалык фотозона жана салтанаттуу фуршет уюштурулат.
🌱Органикалык айыл чарбанын Улуттук күнүнүн негизги жыйынтыгы катары органикалык сектордун туруктуу өнүгүшүнө, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана анын ички, аймактык жана дүйнөлүк рыноктордогу үлүшүн кеңейтүүгө багытталган конкреттүү сунуштар жана механизмдер иштелип чыгып, тиешелүү резолюция кабыл алынат.

25 СЕНТЯБРЯ 2026 ГОДА В ГОРОДЕ БИШКЕК СОСТОИТСЯ МЕЖДУНАРОДНАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ, ПОСВЯЩЁННАЯ НАЦИОНАЛЬНОМУ ДНЮ ОРГАНИЧЕСКОГО СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

✅ Мероприятие пройдет в Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.

✅ В соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики от 11 февраля 2026 года № 40 «О Национальном дне органического сельского хозяйства» учреждён Национальный день органического сельского хозяйства.

‼ Основная цель конференции — представить ключевые достижения в сфере органического сельского хозяйства, обсудить текущий потенциал органической продукции Кыргызстана и определить практические шаги по развитию отрасли на 2026–2027 годы с учетом потребностей внутреннего, регионального и международного рынков.
✅ Участники обсудят вопросы адаптации органического сельского хозяйства к изменению климата, рационального использования природных ресурсов, сохранения плодородия почв и биоразнообразия, а также внедрения инновационных и биологических технологий в сельскохозяйственное производство.
✅ В рамках мероприятия будет организована выставка органической продукции отечественных производителей с возможностью дегустации.
Также будет представлена экспозиция современных ресурсосберегающих технологий и средств биологической защиты растений. Для гостей и участников будут организованы тематическая фотозона и праздничный фуршет.

🌱Основным итогом Национального дня органического сельского хозяйства станет разработка конкретных предложений и механизмов, направленных на устойчивое развитие органического сектора, повышение конкурентоспособности отечественной продукции и расширение ее присутствия на внутреннем, региональном и мировом рынках.

✅ По итогам мероприятия будет принята резолюция, отражающая основные предложения и рекомендации по дальнейшему развитию органического сельского хозяйства в Кыргызской Республике на 2026–2027 годы.

Address

Киевская 96
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996550353709

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти:

Shortcuts

Share