Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Call Directions Website Contact the organization

Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел Министерство внутренних дел Кыргызской Республики Государственная организация

Безопасность посетителей: что нельзя проносить на стадион «Бишкек Арена»В целях обеспечения безопасности зрителей, котор...
25/08/2026

Безопасность посетителей: что нельзя проносить на стадион «Бишкек Арена»

В целях обеспечения безопасности зрителей, которые посетят церемонию открытия VI Всемирных игр кочевников и поддержания общественного порядка определен перечень предметов, запрещенных к проносу на территорию стадиона «Бишкек Арена».

МВД Кыргызской Республики призывает граждан перед посещением мероприятия ознакомиться с установленными требованиями и соблюдать правила безопасности.

На территорию стадиона запрещается проносить сигареты, IQOS, насвай, жевательную резинку, продукты питания и напитки, принесенные извне, стеклянные бутылки, банки и другие твердые либо бьющиеся емкости. Также запрещается проносить объемные рюкзаки, сумки и чемоданы.

Кроме того, запрещается приносить на территорию стадиона оружие, колюще-режущие предметы, пиротехнические средства, аэрозольные и газовые баллоны, а также другие опасные предметы, которые могут представлять угрозу жизни и здоровью людей.

Профессиональные видеокамеры, не имеющие предварительного разрешения, дроны, радиостанции и высокочастотное коммуникационное оборудование также не допускаются на территорию стадиона. Также запрещается проносить музыкальные инструменты, свистки, мегафоны и другие средства, создающие громкий звук.

При проверке на входе будут выявляться запрещённые предметы, пронос которых на территорию стадиона не допускается.

МВД Кыргызской Республики призывает граждан прибыть на мероприятие заблаговременно, при прохождении досмотра соблюдать законные требования сотрудников, не приносить запрещенные предметы и соблюдать общественный порядок.

Соблюдение требований безопасности является одним из важных условий для спокойного и организованного проведения церемонии открытия VI Всемирных игр кочевников.

Следует отметить, что во время мероприятий государственного значения на территории города Бишкек, Чуйской и Иссык-Кульской областей на отдельных участках дорог будут введены временные ограничения, а движение транспорта периодически будет перекрываться.

Уважаемые жители и водители !️

Просим с пониманием отнестись к временным ограничениям, связанным с проведением государственных мероприятий. В целях предотвращения заторов просим граждан заблаговременно планировать маршруты и по возможности воздержаться от поездок.

Пресс-служба МВД

Көрүүчүлөрдүн коопсуздугу: «Бишкек Арена» стадионуна эмнелерди алып кирүүгө болбойтVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачыл...
25/08/2026

Көрүүчүлөрдүн коопсуздугу: «Бишкек Арена» стадионуна эмнелерди алып кирүүгө болбойт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша турган көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында «Бишкек Арена» стадионуна киргизүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды иш-чарага барар алдында белгиленген талаптар менен таанышып, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Стадиондун аймагына тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкөлөр, банкалар жана башка катуу же сынуучу идиштерди алып кирүүгө болбойт. Ошондой эле көлөмдүү рюкзактарды, сумкаларды жана чемодандарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары, курал-жарактарды, сайгыч-кесүүчү буюмдарды, пиротехникалык каражаттарды, аэрозолдук жана газ баллондорун, ошондой эле адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон башка кооптуу буюмдарды алып өтүүгө жол берилбейт.

Алдын ала уруксат берилбеген кесиптик видеокамералар, дрондор, радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары да стадионго киргизилбейт.Ошондой эле музыкалык аспаптарды, ышкырыктарды, мегафондорду жана башка катуу үн чыгаруучу каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Тыюу салынган буюмдар кире бериште текшерилип, стадионго алып кирүүгө жол берилбейт.

Ички иштер министрлиги жарандарды иш-чарага өз убагында келип, текшерүүдөн өтүүдө кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга, тыюу салынган буюмдарды алып келбөөгө жана коомдук тартипти сактоого чакырат.

Коопсуздук талаптарын сактоо - VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин тынч жана жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүү шарттарынын бири.

Эскерте кетсек, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилип, транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылат.

Урматтуу тургундар жана айдоочулар!

Жолдордогу киргизилүүчү убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Жол тыгындарынын алдын алуу максатында каттамдарыңызды алдын ала мерчемдеп, мүмкүнчүлүккө жараша сапарга чыгуудан убактылуу баш тартууңуздарды суранабыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

📣Генерал-майор милиции в отставке Садырбек Дубанаев приглашён на VI Всемирные игры кочевниковПредседателю Совета генерал...
25/08/2026

📣Генерал-майор милиции в отставке Садырбек Дубанаев приглашён на VI Всемирные игры кочевников

Председателю Совета генералов МВД Кыргызской Республики, генерал-майору милиции в отставке Садырбеку Дубанаеву вручено приглашение принять участие в VI Всемирных играх кочевников.

📌Приглашение было помещено в специально подготовленный куржун в национальном стиле и торжественно вручено генерал-майору.

Многие годы Садырбек Дубанаев посвятил службе в органах внутренних дел. Он внёс значительный вклад в развитие системы и обеспечение общественной безопасности.

📍Кроме того, генерал-майор милиции в отставке является одним из авторов Государственного герба Кыргызской Республики - государственного символа, в котором нашли отражение история и национальные ценности страны.

С благодарностью приняв приглашение, он пожелал организаторам и участникам VI Всемирных игр кочевников успехов и достойного проведения международного мероприятия.

VI Всемирные игры кочевников пройдут в Кыргызской Республике с 31 августа по 6 сентября 2026 года. В них примут участие спортсмены, гости и официальные представители из ряда стран мира.

Пресс-служба МВД

25/08/2026

Отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Генералдар кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаевге VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакыруу тапшырылды.

Атайын даярдалган улуттук стилдеги куржунга салынган чакыруу генерал-майорго салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Садырбек Дубанаев көп жылдар бою ички иштер органдарында кызмат өтөп, тармактын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошкон. Ал коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында үзүрлүү эмгектенген тажрыйбалуу жетекчи катары белгилүү.

Мындан тышкары, отставкадагы милициянын генерал-майору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири болуп саналат. Анын өлкөнүн тарыхый жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган мамлекеттик символду жаратууга кошкон салымы өзгөчө мааниге ээ.

Ал өзүнө берилген чакырууну ыраазычылык менен кабыл алып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү жана жогорку деңгээлде өтүшүнө тилектештигин билдирди.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт. Ири эл аралык иш-чарага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн спортчулар, коноктор жана расмий өкүлдөр катышат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

24/08/2026

Осторожно, фейковые объявления о денежных выплатах!

В социальных сетях распространяется фейковое объявление от имени Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова о якобы предоставлении единовременной выплаты в размере 5000 сомов в честь Дня независимости Кыргызской Республики.

В публикации предлагается пройти регистрацию для получения выплаты.

МВД предупреждает: не переходите по ссылкам, указанным в подобных сообщениях, и не вводите персональные, банковские и другие конфиденциальные данные.

Информацию о государственных выплатах и других официальных решениях следует получать только через проверенные источники государственных органов.

Не позволяйте мошенникам использовать государственную символику и имена должностных лиц для введения граждан в заблуждение.

Пресс-служба МВД КР

Абайлаңыздар, акча төлөмдөрү тууралуу жасалма жарыялар таралууда!

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилет деген жалган маалымат таралууда.

Жарыяда көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, төлөмдү алуу сунушталууда.

Ички иштер министрлиги эскертет: мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбеңиздер жана жеке маалыматтарыңызды, банктык реквизиттериңизди жана башка купуя маалыматтарды киргизбеңиздер.

Мамлекеттик төлөмдөр жана башка расмий чечимдер тууралуу маалыматтарды мамлекеттик органдардын расмий жана ишенимдүү булактарынан гана алыңыздар.

Мамлекеттик символдорду жана кызмат адамдарынын ысымдарын пайдаланып, жарандарды адаштырууга жасаган алдамчылардын аракеттерине жол бербеңиздер.

ИИМдин Басма сөз кызматы

ИИМ 30- 31августта коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт 2026-жылдын 30 - 31 августунда Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр...
24/08/2026

ИИМ 30- 31августта коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт

2026-жылдын 30 - 31 августунда Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземинин өткөрүлүшүнө байланыштуу борбор калаада транспорттордун агымынын көбөйүшү күтүлүүдө. Ошондой эле, Бишкек шаарынын аймагында маал-маалы менен жол кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат.

Ошондуктан, шаардын жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн Ички иштер министрлиги жүрүү маршрутун алдын ала ойлонууну жана коомдук транспортту тандоону сунуштайт.

Бул күнү “Бишкек аренага” шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 жерден атайын шаттл-автобустар каттайт.

Борбор калаанын жашоочулары жана меймандары өздөрүнө ыңгайлуу жөнөтүү чекитин тандап жана иш-чара өтүүчү жерге баруу үчүн шаттл-автобустар пайдалана алышат.

Ички иштер министрлиги айдоочуларга кайрылып, ошол күнү мүмкүн болсо жеке транспорттон баш тартууну өтүнөт. Бул жолдордогу жүктү азайтууга, тыгындардын пайда болуу ыктымалдуулугун кыскартууга жана транспорттун эркин жүрүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берет.

Кетүүчү жерлер, шаттл-автобустар каттамдары жана алардын кыймылы тууралуу маалымат менен “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен таанышса болот.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
5. «Ак-Кула» автобекети-Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичирайону);
7. «Тунгуч» кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичирайону);
8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);
11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
13. Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси) 52 (ДЕПО-2);
17. Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
18. Дэн Сяопин проспектиси, (азыркы Чүй проспектиси) 209;
19. Гагарин көчөсү, 284 - Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
21. Тыналиев көчөсү, 16.

Иш-чара өткөрүлүүчү күнү транспорттук жүктөм көбөйүшү мүмкүн экендигин түшүнүү менен кабыл алууну жана алдын ала оптималдуу транспорттук ыкманы тандоону суранабыз.

Шаарда шаттл-автобустар жана коомдук транспортту пайдалануу сапарларды ыңгайлуу кылып, жолдогу тоскоолдуктардан арылтат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Address

Улица Фрунзе/469
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 19:00
Tuesday 09:00 - 19:00
Wednesday 09:00 - 19:00
Thursday 09:00 - 19:00
Friday 09:00 - 19:00
Saturday 09:00 - 19:00

Telephone

+996312266290

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел:

Shortcuts

Share