16/09/2026
🔐 Жеке маалыматтарды коргоо боюнча маанилүү кадам
🗓️ 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жеке маалыматтарды коргоого байланыштуу өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырышты.
📄 Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайыкташтыруу максатында иштелип чыккан.
⚖️ Бул өзгөртүүлөр жеке маалыматтарды иштетүүдө белгиленген талаптарды сактоону камсыз кылууга жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти өркүндөтүүгө багытталган.