Служба водных ресурсов государственное учреждение

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Служба водных ресурсов государственное учреждение
Directions Website Contact the organization

Служба водных ресурсов государственное учреждение Суу ресурстары кызматы

📌Кыргызстан суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдеди📍«Кыргызсуу долбоор» ачык ак...
22/09/2026

📌Кыргызстан суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдеди

📍«Кыргызсуу долбоор» ачык акционердик коому заманбап сугат системаларын өнүктүрүү боюнча Казакстан жана Өзбекстан компаниялары менен меморандумдарга кол койду.

📌Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы «Кыргызсуу долбоор» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев баштаган делегация иш сапары менен Казакстан Республикасына жана Өзбекстан Республикасына барды. Иш сапар 2026-жылдын 15–18-сентябрь күндөрү болуп өттү.

Алматы шаарында кыргыз делегациясы «ADAMANT Inc.» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүүгө, ошондой эле Кыргызстандын климаттык жана гидрологиялык шарттарын эске алуу менен долбоордук чечимдерди иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

📍Ташкент шаарында «Кыргызсуу долбоор» ААКсынын өкүлдөрү DEBYUT, «AgroTomçi suğoriş tizimlari» жана «Аква консалт» компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Делегация ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап сугат системалары үчүн жабдууларды даярдоо технологиялары менен таанышты.

Өзбекстандык өнөктөштөр менен өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында да кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жетишилген макулдашуулар Кыргызстанда заманбап суу үнөмдөөчү технологияларды иш жүзүндө киргизүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Мындан ары тараптар тажрыйба алмашууну, долбоорлоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана заманбап чечимдерди Кыргыз Республикасынын шарттарына ылайыкташтырууну пландашууда.

📌Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү суу ресурстарын кыйла натыйжалуу пайдаланууга жана айыл чарба жерлерин сугаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

💧 📋 КР Суу ресурстары кызматынын жаңы милдеттери. Бүгүн, 2026-жылдын26-августунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,...
26/08/2026

💧 📋 КР Суу ресурстары кызматынын жаңы мил
деттери. Бүгүн, 2026-жылдын26-августунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары — Суу ресурстары кызматынын директору Уланбек Тургунбекович Торогельдиевдин жетекчилиги астында алгачкы видеоконференц байланыш (ВКС) форматындагы жыйын өттү.Жыйынга Суу ресурстары кызматынын борбордук аппаратынын, БСЧБ, РСЧБ, СРББ жана суу сактагычтардын жетекчилери катыштыЖолугушуунун негизги багыттары:
Активдерди инвентаризациялоо: Суу ресурстары кызматына караштуу баардык ведомстволук мекемелердин мүлкүнө жакынкы аралыкта толук инвентаризация жүргүзүү. Аткаруу тартиби: Документ айланмасын жана бардык бөлүмдөрдүн ишинин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү. Ченемдик-укуктук база: Зарыл болгон ведомстволук актыларды ыкчам түрдө толуктап
иштеп чыгуу.Ведомствонун иши өлкөнүн суу секторунун эффективдүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган! 💧

📋Сегодня, 26 августа 2026 года, состоялась первая видеоконференц связь (ВКС) под руководством Заместителя министра водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности КР — Директора Службы водных ресурсов Уланбека Тургунбековича Торогельдиева.В совещании приняли участие руководители центрального аппарата СВР, ГУВХ, РУВХ, БУВР и водохранилищ.Главные акценты встречи: Инвентаризация активов: Проведение полной инвентаризации имущества всех подведомственных организаций СВР и самого ведомства в ближайшие сроки Исполнительская дисциплина: Укрепление контроля за документооборотом и качеством работы всех отде
лов. Нормативная база: Оперативная доработка необходимых подзаконных
актов.Работа ведомства направлена на повышение эффективности и прозрачности водного сектора страны!

Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики-Руководитель Администрации Президента Адылбек Касымалиев в рамках ...
08/06/2026

Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики-Руководитель Администрации Президента Адылбек Касымалиев в рамках рабочей поездки в Баткенскую область ознакомился с состоянием работ по реконструкции магистрального канала Бургонду и ходом строительства малой ГЭС «Охна».

Сначала Глава Кабинета Министров посетил магистральный канал Бургонду, расположенный в Кадамжайском районе. После завершения реконструкции предусмотрено увеличение пропускной способности головного водозаборного сооружения и начального участка магистрального канала Бургонду с 18 до 30 кубических метров воды в секунду. В связи с масштабностью проекта он разделен на три лота.

Далее Председатель Кабинета Министров Адылбек Касымалиев ознакомился со строительством ГЭС «Охна», расположенной в айылном аймаке Орозбеков Кадамжайского района. Сметная стоимость проекта составляет 30 млн долл. США, мощность гидроэлектростанции - 22 МВт.

Адылбек Касымалиев поручил завершить строительные работы на указанных объектах своевременно и с соблюдением соответствующих требований качества.

🔰Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги иш сапарынын алкагында Нарын облусуна барып, аймактын барды...
04/05/2026

🔰Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги иш сапарынын алкагында Нарын облусуна барып, аймактын бардык райондорун кыдырып чыгып, райондук суу чарба башкармалыктарынын учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышты.

✅Иш сапардын жүрүшүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселелерине, ошондой эле ирригациялык инфраструктураны пайдалануунун сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

▶️Кызматтын өкүлдөрү ирригациялык объекттерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен кеңири таанышышты. Бир катар райондордо учурдагы каналдарды, гидротехникалык курулмаларды жана насос станцияларын модернизациялоо иштери жигердүү жүргүзүлүп жатканы белгиленип, бул айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга өбөлгө түзөрү айтылды.

📍Мындан тышкары, жетекчилик сугат аянттарын кеңейтүүгө жана сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы ирригациялык объекттердин курулушу менен да таанышты.

📌Иш сапардын жыйынтыгында райондук башкармалыктардын жетекчилерине долбоорлорду ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүү, суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аймактагы суу чарба тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

📍Бүгүн, 3-апрелде Суу ресурстары кызматынын жетекчиси тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери менен биргеликте Чүй облусуна бол...
03/04/2026

📍Бүгүн, 3-апрелде Суу ресурстары кызматынын жетекчиси тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери менен биргеликте Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы ирригациялык инфраструктураны текшерди.
📌Иш сапардын жүрүшүндө негизги ирригациялык объекттер каралып, сугат каналдарынын учурдагы абалына баа берилди, ошондой эле жаңы гидротехникалык объекттердин курулушу жана иштеп жаткан объекттерди реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышылды. Мындан тышкары, алдыдагы вегетациялык мезгилге сугат суу системаларын өз убагында даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
🔰Иш сапарынын жыйынтыгында Суу ресурстары кызматынын жетекчиси бир катар тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, тиешелүү кызматтарга дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз жана өз убагында камсыз кылуу милдети жүктөлдү. ✅Ошондой эле бардык пландалган курулуш жана оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарын сактоо менен аяктоо зарылдыгы белгиленди.
📌Суу ресурстары кызматы коюлган милдеттердин аткарылышын жана аймактагы ирригациялык системанын натыйжалуу иштешин көзөмөлдөөнү улантат.

📍Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын  жыйындар залында  райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси, суу пайдал...
27/03/2026

📍Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын жыйындар залында райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси, суу пайдалануу бөлүм башчысы, жана Алтын-Дара сол каналынан сугат суусун алган дыйкан-фермерлердин катышуусунда жыйын өттү. Жыйындын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2026-жылдын 16-февралындагы №9 буйругу менен бекитилген прейскуранты менен тааныштырылып дыйкан-фермерлерге сугат суусун жеткирип берүү боюнча талкуулар болду. Сугат суусуна болгон төлөмдөр үчүн жеке жактар менен келишимдер түзүлүүдө. жыйындын протоколу түзүлдү.

🔰Аймактагы адистерге сугаттын заманбап технологиялары боюнча окутуу өткөрүлдү🔰📍Ош облусугда Суу ресурстары кызматынын ад...
06/03/2026

🔰Аймактагы адистерге сугаттын заманбап технологиялары боюнча окутуу өткөрүлдү🔰

📍Ош облусугда Суу ресурстары кызматынын адистери Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы башкы жана райондук суу чарба башкармалыктарында иш алып барган кызматкерлер үчүн “Сугаттын заманбап технологиялары (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу)” темасында окутуу жүргүзүлдү.

✅Иш-чаранын негизги максаты – айыл чарба тармагында сууну үнөмдүү пайдалануу, сугаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап ыкмаларды өндүрүшкө кеңири жайылтуу болуп саналат. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологияларынын артыкчылыктары, аларды колдонуу ыкмалары, техникалык талаптар жана практикалык тажрыйбалар менен таанышышты.

▶️Окутуу Суу ресурстары кызматында иштеген тажрыйбалуу адистер тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан 30 кызматкер өз квалификациясын жогорулатып, алган билимдерин аймактарда жайылтууга даяр экендигин билдиришти.

📌Мындай окутуулар суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга, сугат системаларын модернизациялоого жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

🔰Аймактагы адистерге сугаттын заманбап технологиялары боюнча окутуу өткөрүлдү🔰📍Бүгүн, 27-февралда Суу ресурстары кызматы...
27/02/2026

🔰Аймактагы адистерге сугаттын заманбап технологиялары боюнча окутуу өткөрүлдү🔰

📍Бүгүн, 27-февралда Суу ресурстары кызматында Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы башкы жана райондук суу чарба башкармалыктарында иш алып барган кызматкерлер үчүн “Сугаттын заманбап технологиялары (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу)” темасында окутуу жүргүзүлдү.

✅Иш-чаранын негизги максаты – айыл чарба тармагында сууну үнөмдүү пайдалануу, сугаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап ыкмаларды өндүрүшкө кеңири жайылтуу болуп саналат. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологияларынын артыкчылыктары, аларды колдонуу ыкмалары, техникалык талаптар жана практикалык тажрыйбалар менен таанышышты.

▶️Окутуу Суу ресурстары кызматында иштеген тажрыйбалуу адистер тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан 30 кызматкер өз квалификациясын жогорулатып, алган билимдерин аймактарда жайылтууга даяр экендигин билдиришти.

📌Мындай окутуулар суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга, сугат системаларын модернизациялоого жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

✨Урматтуу кыргызстандыктар жана суу чарба тармагынын кызматкерлери!Сиздерди Жаңы 2026-жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн ку...
01/01/2026

✨Урматтуу кыргызстандыктар жана суу чарба тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди Жаңы 2026-жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайбыз!

Суу чарбасы тармагында ак ниет, талыкпаган жана жогорку кесипкөйлүк менен аткарып келе жаткан эмгегиңиздер, өз ишиңиздерге болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиздер жана ишке берилгендигиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Табигый суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, суу объектилерин коргоо, ирригациялык системаларды туруктуу иштетүү жана суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан күнүмдүк, жооптуу эмгегиңиздер өлкөбүздүн суу коопсуздугун камсыздоодо, айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүндө жана региондордун социалдык-экономикалык өсүшүндө өзгөчө мааниге ээ.

Жаңы 2026-жыл ар бириңиздерге чың ден соолук, ишиңиздерде жаңы дем, кесиптик ийгиликтерди жана ишенимдүү жетишкендиктерди алып келсин.

Үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакыт жана береке, ал эми жамаатыбызга ынтымак, биримдик жана туруктуу өнүгүү каалайбыз!

29/12/2025

📍Жаңы жылдын алдында Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери Беловодск шаарындагы балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге барышты. Иш сапардын алкагында алар тарбиялануучуларга керектүү нерселердин бардыгын: биринчи кезектеги керектелүүчү буюмдарды, гигиеналык каражаттарды жана башка маанилүү нерселерди тапшырышты.
➡️➡️➡️➡️➡️
📍В преддверии Нового года руководство и сотрудники службы водных ресурсов посетили детское психоневрологическое социально-стационарное учреждение в Беловодске. В рамках визита они передали воспитанникам всё необходимое для комфортного пребывания: предметы первой необходимости, средства гигиены и другие важные вещи. Эта встреча стала проявлением заботы, внимания и искреннего стремления подарить детям тепло и поддержку в праздничные дни.

Address

Toktonalieva 4a
Bishkek

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Служба водных ресурсов государственное учреждение posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Служба водных ресурсов государственное учреждение:

Shortcuts

Share