Фонд зеленой энергетики при Кабинете Министров Кыргызской Республики

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Фонд зеленой энергетики при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Directions

Фонд зеленой энергетики при Кабинете Министров Кыргызской Республики Группа для обсуждения вопросов развития зеленой энергетики

2026-жылдын 5-7 августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик ме...
06/08/2026

2026-жылдын 5-7 августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин делегациясы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий чакыруусу менен Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышты.
Фонддун директору Эмилбек Орозбаев «Энергетика - экономикалык өсүштүн негизи» аттуу тематикалык сессияда баяндамачы катары сөз сүйлөдү. Аталган сессия гидроэнергетиканы, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, энергетика тармагына инвестицияларды тартуу жана аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо маселелерине арналды. Өз баяндамасында ал Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, тармактын инвестициялык потенциалы жана жашыл энергетика долбоорлорун ишке ашыруунун келечеги боюнча Фонддун көз карашын тааныштырды.
Ошол эле күнү инвестор компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.
«Энергософт» ЖЧКсынын инвестициялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле ЭКБ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин берүү боюнча колдонулуп жаткан механизм талкууланды.
Ошондой эле «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Анда аянты 200 гектарды түзгөн жер тилкесинде кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын куруу долбоорунун учурдагы абалы каралды. Азыркы учурда долбоор боюнча курулуш этабына өтүү үчүн зарыл болгон долбоордук жана уруксат берүүчү документтер даярдалууда. Сунушталган ишке ашыруу графигине ылайык, шамал электр станциясын пайдаланууга берүү кийинки жылга пландаштырылган. Ошондой эле келишимдин шарттарына ылайык каралган иш-чаралардын аткарылышы, долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары жана долбоорду коштоп ишке ашыруу боюнча мындан аркы өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

📍 Внимание! Временный переездПо поручению Президента Кыргызской Республики в здании Государственного учреждения «Фонд зе...
29/07/2026

📍 Внимание! Временный переезд

По поручению Президента Кыргызской Республики в здании Государственного учреждения «Фонд зеленой энергетики» при Кабинете Министров Кыргызской Республики по адресу:

📍 г. Бишкек, бульвар Эркиндик, 56

проводятся ремонтные работы.

В связи с этим учреждение временно осуществляет деятельность по новому адресу:

📍 г. Бишкек, ул. Ибраимова, 103/1а, блок А, 4 этаж
(Бизнес-центр Victory+)

Просим учитывать данную информацию при планировании визитов.

Благодарим за понимание!

#ФондЗеленойЭнергетики #Кыргызстан #ЗеленаяЭнергетика #Бишкек #КР ВозобновляемаяЭнергетика GreenEnergy Kyrgyzstan

⸻

📍 Көңүл буруңуздар! Убактылуу көчүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин төмөнкү даректеги имаратында:

📍 Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56

оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ушуга байланыштуу мекеме убактылуу төмөнкү дарек боюнча иш алып барат:

📍 Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 103/1а, А блогу, 4-кабат
(Victory+ бизнес борбору)

Сураныч, мекемеге келүүнү пландаштырууда ушул маалыматты эске алыңыздар.

Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

ЖашылЭнергетикаФонду Кыргызстан ЖашылЭнергетика Бишкек КР КайраЖаралуучуЭнергетика GreenEnergy Kyrgyzstan

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек...
03/07/2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев менен биргеликте Баткен облусунда энергиянын кайра жаралуучу булактары багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин жеринде кыдырып, алардын учурдагы абалы менен таанышты.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө жер тилкелеринин максаттуу пайдаланылышы, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана аларды ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Ошондой эле Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары – акимдер, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана долбоорлорду ишке ашырууга катышкан тараптар менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлүп, долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Жашыл энергетика фондуна Баткен облусунан энергиянын кайра жаралуучу булактары багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 5 миң гектардан ашуун жер тилкеси өткөрүлүп берилген. Учурда аталган аймактарда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

24 июня 2026 года директор Государственного учреждения «Фонд зеленой энергетики при Кабинете Министров Кыргызской Респуб...
26/06/2026

24 июня 2026 года директор Государственного учреждения «Фонд зеленой энергетики при Кабинете Министров Кыргызской Республики» Эмилбек Орозбаев принял участие в Инвестиционном бизнес-форуме ШОС-2026, состоявшемся в Бишкеке, и выступил спикером панельной сессии «Зелёная трансформация и цифровой суверенитет: новая индустриализация стран Шанхайской организации сотрудничества».
В ходе сессии обсуждались вопросы развития возобновляемых источников энергии, цифровизации энергетических систем, развития инфраструктуры хранения энергии, привлечения инвестиций в зеленую индустриализацию, обеспечения климатической устойчивости и укрепления энергетического сотрудничества между государствами – членами ШОС.
Выступая на сессии, Эмилбек Орозбаев отметил, что развитие возобновляемых источников энергии является одним из приоритетных направлений государственной политики Кыргызской Республики.

2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев Бишкек шаарында өткөн ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-форумуна катышып, «Жашыл трансформация жана санариптик эгемендүүлүк: Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаңы индустриалдашуусу» аттуу панелдик сессияда баяндамачы катары сөз сүйлөдү.
Сессиянын жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетикалык системаларды санариптештирүү, энергияны сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү, жашыл индустриалдаштырууга инвестицияларды тартуу, климаттык туруктуулук жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы энергетикалык кызматташтык маселелери талкууланды.
Өз сөзүндө Эмилбек Орозбаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп кетти.

24–25 июня 2026 года в Бишкеке состоится Инвестиционный и бизнес-форум ШОС–2026 — ключевая международная площадка для ра...
22/06/2026

24–25 июня 2026 года в Бишкеке состоится Инвестиционный и бизнес-форум ШОС–2026 — ключевая международная площадка для развития инвестиционного, торгово-экономического и технологического сотрудничества между государствами-членами Шанхайской организации сотрудничества.
Форум объединит представителей государственных органов, международных организаций, финансовых институтов, инвестиционных фондов, бизнеса и экспертного сообщества. В центре внимания — вопросы зелёной трансформации, цифрового суверенитета, новой индустриализации, искусственного интеллекта, промышленной кооперации и инвестиционных возможностей.
В мероприятиях форума примет участие директор Фонда зелёной энергетики Эмилбек Орозбаев.
Фонд зелёной энергетики продолжает работу по развитию международного сотрудничества и продвижению инициатив в сфере возобновляемых источников энергии и устойчивого развития.

2026-жылдын 24–25-июнунда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы ШКУнун Инвестициялык жана бизнес-форуму өтөт.
Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда инвестициялык, соода-экономикалык жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын, инвестициялык фонддордун, бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышат. Форумдун алкагында жашыл трансформация, санариптик суверенитет, жаңы индустриялаштыруу, жасалма интеллект, өнөр жай кооперациясы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланат.
Форумдун иш-чараларына Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев катышат.
Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы демилгелерди илгерилетүүнү улантууда.

ШОС2026 SCO2026 Бишкек ФондЗеленойЭнергетики ЗеленаяЭнергетика Инвестиции Кыргызстан

24–25 июня 2026 года в Бишкеке состоится Инвестиционный и бизнес-форум ШОС–2026 — ключевая международная площадка для ра...
22/06/2026

24–25 июня 2026 года в Бишкеке состоится Инвестиционный и бизнес-форум ШОС–2026 — ключевая международная площадка для развития инвестиционного, торгово-экономического и технологического сотрудничества между государствами-членами Шанхайской организации сотрудничества.
Форум объединит представителей государственных органов, международных организаций, финансовых институтов, инвестиционных фондов, бизнеса и экспертного сообщества. В центре внимания — вопросы зелёной трансформации, цифрового суверенитета, новой индустриализации, искусственного интеллекта, промышленной кооперации и инвестиционных возможностей.
В мероприятиях форума примет участие директор Фонда зелёной энергетики Эмилбек Орозбаев.
Фонд зелёной энергетики продолжает работу по развитию международного сотрудничества и продвижению инициатив в сфере возобновляемых источников энергии и устойчивого развития.

2026-жылдын 24–25-июнунда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы ШКУнун Инвестициялык жана бизнес-форуму өтөт.
Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда инвестициялык, соода-экономикалык жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын, инвестициялык фонддордун, бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышат. Форумдун алкагында жашыл трансформация, санариптик суверенитет, жаңы индустриялаштыруу, жасалма интеллект, өнөр жай кооперациясы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланат.
Форумдун иш-чараларына Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев катышат.
Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы демилгелерди илгерилетүүнү улантууда.

ШОС2026 SCO2026 Бишкек ФЗЭ Зеленаяэнергетика

2026-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекеме...
19/06/2026

2026-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев Кытайдын «Чжун Цзинь Индастриал» ЖЧКсынын делегациясын компаниянын төрагасы Ян Цинлундун жетекчилиги алдында кабыл алды. Делегациянын курамына ошондой эле «China National Coal» тобунун жана «Чжунцзы Консалтинг» компаниясынын өкүлдөрү кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика секторуна заманбап технологияларды жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Өзгөчө көңүл кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга, ошондой эле өнөр жай жана энергетикалык инфраструктура тармагындагы долбоорлор боюнча өз ара аракеттенүүнүн келечегине бурулду.
Кытай тарап Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

14/06/2026
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Тую...
20/04/2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты. Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев да катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. “Чакан ГЭСтерди куруу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү натыйжалуу жана ыкчам инструменттердин бири болуп эсептелет. Бул долбоорлор энергетика системасынын туруктуулугун жогорулатып, муктаждыктарыбызды четинен азайтууга өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. Алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда бир топ роль ойнойт”, — деди Президент.

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 20 апреля, принял участие в церемонии запуска малых ГЭС «Сокулук» и «Туюк» в Сокулукском районе Чуйской области.
В мероприятии принял участие директор Государственного учреждения «Фонд зеленой энергетики при Кабинете Министров Кыргызской Республики» Эмилбек Орозбаев.
В своем выступлении Глава государства подчеркнул, что в стране последовательно реализуется политика по увеличению доли возобновляемых источников энергии. «Строительство малых ГЭС — один из эффективных и оперативных инструментов наращивания выработки электроэнергии. Такие проекты повышают устойчивость энергосистемы и способствуют поэтапному снижению дефицита. Сегодня в Кыргызстане функционируют 48 малых ГЭС общей установленной мощностью 180 МВт. Они играют значительную роль в укреплении энергетической независимости и снижении зависимости от импорта», — сказал Президент.

Address

Бишкек
Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Фонд зеленой энергетики при Кабинете Министров Кыргызской Республики posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share