Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Directions Website Contact the organization

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Government Organization, Исанов 42, Bishkek.

✅БИШКЕК – ОШ АВТОЖОЛУНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ ЫКЧАМ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨБишкек–Ош эл аралык маанидеги автожолунун 428...
05/10/2026

✅БИШКЕК – ОШ АВТОЖОЛУНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ ЫКЧАМ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Бишкек–Ош эл аралык маанидеги автожолунун 428-чакырымынан 441-чакырымына чейинки тилкесинде 5 жерден сел түшүп, жолду бөгөп калган.

Жерине министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери ыкчам тартылып, учурда жолдун бир тарабы ачылды. Экинчи тилкени селден тазалоо иштери улантылууда.

Жолду тазалоо иштерине 2 даана автопогрузчик, 2 даана Hovo үлгүсүндөгү автосамосвал жана 1 даана автогрейдер тартылган.

Учурда жолду толук ачуу жана унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

04/10/2026

ЛЕБЕДИНОВКА - ГЭС 5 - УНАА ЖОЛУНУН КУРУЛУШ ИШТЕРИ 99% АЯКТАДЫ. ЖОЛГО ЖАРЫКТАНДЫРУУ ОРНОТУЛДУ ✅

Лебединовка – ГЭС-5 автожолу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен, мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда.

Бүгүнкү күндө аталган унаа жолдун курулушу 99%га аяктады.

Мурда эки тилкелүү болгон жол төрт тилкеге кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Мындан тышкары, негизги жолго кошумча тилке курулду.

Жолдун жарыктандыруу системасы кечээтен тартып ишке киргизилди. Бул аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, түнкү убакта айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.

Жол инфраструктурасынын жаңыланышы шаардын кире беришин жакшыртып, аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

04/10/2026

✅МИНИСТР ТАЛАНТБЕК СОЛТОБАЕВ НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ ИШТЕРИН ТЕЗДЕТҮҮ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жол куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Анда министр объектилердеги иштерди белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Иш сапардын алкагында Нарын шаарындагы жалпы узундугу 9 чакырымдан ашкан Ленин көчөсүн капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Тийиштүү мекемелерге калган иштерди 2026-жылдын 15-октябрына чейин бүткөрүү тапшырылды.

Ошондой эле Нарын–Баетов, Он-Арча–Жаңы-Талап–Ашырма, Нарын–Үч-Нура автомобиль жолдорундагы жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 231-чакырымындагы айланма жол кесилишин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү да текшерилди.

Аталган объектилерде жыл аягына чейин асфальт-бетон төшөө боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду. Атап айтканда, Нарын–Баетов, Он-Арча–Жаңы-Талап–Ашырма жана Нарын–Үч-Нура автомобиль жолдорунун тиешелүү тилкелеринин ар биринде кеминде 5 чакырымга асфальт-бетон төшөө милдеттендирилди.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Нарын облусундагы жол эксплуатациялоо мекемелеринин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анда жол чарбасындагы актуалдуу маселелер, 2026-жылы аяктоого тийиш болгон объектилер жана 2027-жылга пландалып жаткан иштер талкууланды.

Мындан тышкары, Талантбек Солтобаев 2027-жылдагы жол иштеринин планына киргизүү сунушталган объектилер боюнча дефекттик актыларды 10 күндүн ичинде даярдоону тапшырды.

Ошондой эле ЖЭМдердин жетекчилерине 2026-жылы башталган иштерди мүмкүн болушунча толук бүткөрүү үчүн зарыл чараларды көрүү милдети коюлду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

02/10/2026

🔰КОНТРОЛДОО ПУНКТТАРЫНДА КӨЗӨМӨЛ 24/7 РЕЖИМИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөмдөрдү жүргүзүү процесси санариптик технологиялардын негизинде автоматташтырылууда. Учурда контролдоо пункттарындагы кырдаал онлайн режимде, 24/7 форматында көзөмөлдөнүп турат. Мындай система процесстерди ыкчам көзөмөлдөөгө, төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылууга, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган.

2025-жылга чейин, айдоочулар тиешелүү төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Учурда айдоочулар төлөмдү түздөн-түз өз алдынча QR-код, төлөм терминалдары же банк карталары аркылуу жүргүзө алышат. Ошондой эле алдын ала төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Айдоочулар жолго чыга электе эле электрондук капчыктар аркылуу тиешелүү төлөмдү жүргүзүп коё алышат.
Системанын ишке киргизилиши менен казынага түшкөн каражаттын көлөмүндө да өсүш байкалууда. Мисалы, 2019-жылы казынага 64 023 853 сом түшкөн. 2025-жылы бул көрсөткүч 300 275 583 сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын 10 айында эле казынага 291 070 200 сом каражат түшкөн.

Санариптик төлөм системасы төлөм жүргүзүүнү жеңилдетип, контролдоо пункттарындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги контролдоо пункттарындагы процесстерди санариптештирүү жана төлөм системаларын автоматташтыруу боюнча иштерди мындан ары да улантат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

#ТазаКыргызстан
#МенПараБербейм
#МенПараАлбайм
#ЧестныйКыргызстан

02/10/2026

❄️ АШУУЛАРДА ЖОЛЧУЛАР КҮНҮ-ТҮНҮ КЫЗМАТТА: ЖОЛДОР АЧЫК, КАТТАМ БАР

Түн ичинде жол кызматкерлери ашуулардагы жолдорду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүштү. Учурда да жолчулар нөөмөттө болуп, айдоочулардын коопсуз жүрүүсү үчүн тиешелүү иштерди улантууда.

Бүгүнкү күндө ашуулардагы жолдор тазаланып, унаалардын жүрүүсүнө шарт түзүлгөн.

🚗 Урматтуу айдоочулар!

Алыскы жолго чыгарда унааңыздын техникалык абалын алдын ала текшерип, сөзсүз түрдө кышкы дөңгөлөк менен жолго чыгыңыздар. Жолдо ылдамдыкты ашырбай, унаалар ортосундагы аралыкты сактап, өзгөчө ашууларда этият болуңуздар.

Сиздердин коопсуздугуңуздар баарынан маанилүү.

02/10/2026

МИНИСТРЛИК МЕНЕН К. КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

✅Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана колледждин директору Майрамбек Долотов кол коюшту.

Меморандум транспорт жана жол куруу тармактары үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоону өркүндөтүүгө, студенттердин практикалык билим алуусуна жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт.

Атап айтканда, кызматташтыктын негизги багыттарынын катарында студенттердин транспорттук жана жол инфраструктурасынын объектилеринде өндүрүштүк жана квалификациялык практикасынан өтүүсүн уюштуруу, дуалдык окутууну өнүктүрүү, окутуучулардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна көмөктөшүү каралган.

Ошондой эле тараптар транспорт жана жол тармагынын адистерин окуу процессине тартуу, заманбап талаптарды эске алуу менен билим берүү программаларын биргелешип иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, кесиптик сынактарды, семинарларды, конференцияларды жана башка тармактык иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташууну пландашууда.

Мындан тышкары, колледждин материалдык-техникалык базасын, окуу полигондорун, лабораторияларын, автодромун жана компетенцияларды баалоо борборун өнүктүрүүгө, ошондой эле тармактагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана кесиптик кайра даярдоого багытталган иштер жүргүзүлөт.

Ал эми меморандумга ылайык, тараптар биргелешкен иш-чаралардын пландарын жана жол карталарын иштеп чыгышы, ошондой эле практикалык окутуу, дуалдык билим берүү жана башка багыттар боюнча өзүнчө келишимдерди түзүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, меморандум беш жылдык мөөнөткө түзүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

30/09/2026

НОВОПОКРОВКА – ТУЗ АВТОЖОЛУНУН 5 ЧАКЫРЫМЫНА АСФАЛЬТ ТӨШӨЛҮП БҮТТҮ

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка – Туз автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.

Титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун жалпы 5 чакырым бөлүгүн асфальттоо пландалган.

Учурда №43 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан тиешелүү иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү.

Жолдун оңдолушу менен жергиликтүү тургундар үчүн каттам ыңгайлуу болуп, айдоочуларга коопсуз шарт түзүлөт. Ошондой эле айылдар менен район борборунун ортосундагы транспорттук байланыш жакшырат.

Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Address

Исанов 42
Bishkek
720017

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Транспорт жана коммуникациялар министрлиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

Shortcuts

Share