26/08/2026
Кыргызстан менен Өзбекстан санариптик сот адилеттиги жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө
2026-жылдын 23–26-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Өзбекстан Республикасына иш сапар менен барды.
Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова, Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев, Жогорку соттун Аппарат жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев, Жогорку соттун Аппаратынын коомчулук менен байланыш, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев кирди.
Иш сапардын негизги максаты Өзбекстандын сот тутумун санариптик трансформациялоо, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана соттук башкарууну өркүндөтүү жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүү, ошондой эле эки өлкөнүн сот органдарынын ортосундагы эки тараптуу соттук кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү болду.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Робахон Махмудованын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда соттук кызматташтыкты өнүктүрүү, сот адилеттигин санариптештирүү жана практикалык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Кыргыз делегациясы Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, соттордун бирдиктүү маалыматтык тутумун өнүктүрүү, электрондук сот өндүрүшү, электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин автоматташтырылган түрдө бөлүштүрүү, жарандар жана сот процесстеринин катышуучулары үчүн санариптик сервистерди колдонуу, ошондой эле сот ишмердигинде жасалма интеллект жана аналитикалык инструменттерди пайдалануу тажрыйбасы менен таанышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун делегациясы Ташкент шаарындагы Юнусабад райондук кылмыш иштери боюнча сотуна барып, соттун ишин уюштуруу жана кылмыш сот өндүрүшүндө санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен таанышты.
Ошондой эле Ташкент шаардык сотунун төрагасы Олимжон Исмаилов менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда сот өндүрүшүн уюштуруу, соттук башкаруу, сот процесстерин санариптештирүү жана мындан аркы кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек кесиптештерине Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптештирүүнүн айрым багыттары жана ишке ашырылып жаткан электрондук сервистер тууралуу маалымат берди.
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар кесиптик кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, биргелешкен эксперттик жолугушууларды жана семинарларды өткөрүүгө, ошондой эле адистердин тажрыйба алмашуу сапарларын жана стажировкаларын уюштурууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Иш сапар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын сот тутумдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо жана санариптик сот адилеттиги жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды.
__________________
Кыргызстан и Узбекистан укрепляют сотрудничество в сфере цифрового правосудия
23–26 августа 2026 года делегация Верховного суда Кыргызской Республики во главе с заместителем Председателя Верховного суда Нурланом Мусаевым совершила рабочий визит в Республику Узбекистан.
В состав делегации вошли судья Верховного суда Кыргызской Республики Инара Гилязететдинова, судья Ошского городского суда Бактыбек Сыдыгалиев, заместитель Руководителя Аппарата Верховного суда Аман Джумалиев, заведующий Отделом по связям с общественностью, средствами массовой информации и международным отношениям Аппарата Верховного суда Савитахун Исаков и директор Судебного департамента при Верховном суде Бакыт Курманалиев.
Основной целью визита стало изучение опыта Узбекистана в сфере цифровой трансформации судебной системы, внедрения современных информационных технологий и совершенствования судебного администрирования, а также дальнейшее развитие двустороннего судебного сотрудничества.
В рамках визита состоялась двусторонняя встреча заместителя Председателя Верховного суда Кыргызской Республики Нурлана Мусаева с Председателем Верховного суда Республики Узбекистан Робахон Махмудовой. Стороны обсудили перспективы развития судебного сотрудничества, цифровизации правосудия и обмена практическим опытом.
Кыргызская делегация также провела рабочие встречи с представителями профильных подразделений Верховного суда Республики Узбекистан, в ходе которых ознакомилась с опытом развития Единой информационной системы судов, электронного судопроизводства, электронного документооборота, автоматизированного распределения судебных дел, цифровых сервисов для граждан и участников процессов, а также применения технологий искусственного интеллекта и аналитических инструментов в судебной деятельности.
В рамках визита делегация Верховного суда Кыргызской Республики посетила Юнусабадский районный суд по уголовным делам города Ташкента, где ознакомилась с организацией работы суда и применением цифровых технологий в уголовном судопроизводстве.
Кроме того, состоялась двусторонняя встреча с председателем Ташкентского городского суда Олимжоном Исмаиловым. В ходе встречи стороны обменялись мнениями по вопросам организации судопроизводства, судебного администрирования, цифровизации судебных процессов и дальнейшего развития профессионального взаимодействия.
Кыргызская сторона также представила узбекским коллегам информацию по отдельным направлениям цифровизации судебной системы Кыргызской Республики и реализуемым электронным сервисам.
По итогам визита стороны выразили заинтересованность в дальнейшем укреплении профессионального сотрудничества, регулярном обмене опытом, проведении совместных экспертных встреч и семинаров, а также организации ознакомительных визитов и стажировок специалистов.
Визит стал очередным важным шагом в укреплении межсудебного сотрудничества между Кыргызской Республикой и Республикой Узбекистан и развитии взаимодействия в сфере цифрового правосудия.