Мамкызмат жана ЖӨБМА түз байланышы

Directions Website

Мамкызмат жана ЖӨБМА түз байланышы КР МК МКЖӨБМА

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин эмгек жамааты Агенттиктин ...
27/08/2026

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин эмгек жамааты Агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевичке карындашы

Джантаева Тегизгүл Нуржадыевнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жакын адамынан айрылуу — орду толгус оор жоготуу. Ушул оор күндөрдө Эльчибек Нуржадыевичке жана анын бир туугандарына кайрат-күч, сабырдуулук тилейбиз.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Артында калгандарга Жараткан күч-кубат берсин.

Агенттиктин эмгек жамааты.

«Жаш лидерлер» (Young Leaders’ Program) программасы боюнча Японияда узак мөөнөттүү 2027–2028-жылдарга окуу курсуна кабыл...
25/08/2026

«Жаш лидерлер» (Young Leaders’ Program) программасы боюнча Японияда узак мөөнөттүү 2027–2028-жылдарга окуу курсуна кабыл алуу башталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттик, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте, 2027–2028-жылдарга Япония Өкмөтүнүн (Япониянын билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги) бир жылдык стипендиялык «Жаш лидерлер» магистрдик программасына талапкерлерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

«Жаш лидерлер» программасы 2001-жылы чет өлкөлүк студенттер үчүн Япония Өкмөтүнүн билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлигинин стипендиялык программасынын алкагында түзүлгөн.

Программанын максаты – Азия өлкөлөрүндө келечектеги улуттук лидерлерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана Японияны тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзүү, ошону менен дүйнөнүн бардык бурчтарындагы лидерлердин ортосунда жеке жана интеллектуалдык байланыштарды түзүү, Япония менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо болуп эсептелинет.

Бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын университеттеринде «Мамлекеттик башкаруу» (School of Government) жана «Саламаттык сактоону башкаруу» (Healthcare Administration) багыттары боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Бул программаларга талапкерлер төмөнкү негизги квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
Мамлекеттик башкаруу «School of Government» программасы:
Жарандыгы: Кыргыз Республикасы;
Жашы: 2027-жылдын 1-октябрына карата 40 жаштан ашпашы керек;
Англис тили: TOEFL-IBT сертификаты 79 баллдан жогору, IELTS Academic 6.0 баллдан жогору (окутуу англис тилинде жүргүзүлөт);
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы эмгек стажы: кеминде 3 жыл (2027-жылдын 1-октябрына карата 5 жылдан ашык болгону артыкчылыкка ээ);
Кызмат орду: мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле мамлекеттик/муниципалдык мекемелерде жана ишканаларда туруктуу негизде мамлекеттик/муниципалдык кызматта болуу (ТОП/МОП эсепке алынбайт);
Билими: жогорку (адистин дипломунун же бакалавр даражасынын болушу).
Окуу мөөнөтү — 1 жыл: 2027-жылдын октябрынан 2028-жылдын сентябрына чейин

Саламаттык сактоону башкаруу «Healthcare Administration»
Жарандыгы: Кыргыз Республикасы;
Жашы: 2027-жылдын 1-октябрына карата 40 жаштан ашпашы керек;
Англис тили: TOEFL-iBT 80 баллдан жогору, IELTS (Academic) 6.0 баллдан жогору (талкуу жүргүзүү жана диссертация даярдоо үчүн англис тили керек);
Иш стажы: 2027-жылдын 1-октябрына карата мамлекеттик сектордогу өкмөттүк ведомстводо саламаттык сактоо чөйрөсүндө толук ставкада кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы болушу жана арыз берүү учурунда, ошондой эле кабыл алуучу университетке өткөндөн кийин ошол эле жумуш ордунда иштөөнү улантуусу зарыл.
Билими: жогорку (медициналык администрация боюнча адистин дипломунун же бакалавр даражасынын болушу).
Окуу мөөнөтү — 1 жыл: 2027-жылдын октябрынан 2028-жылдын сентябрына чейин
Бул стипендиялык программага катышуу үчүн көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген талапкерлерди сунуштоону өтүнөбүз.

Талапкерлердин бардык документтери (арыз формасы, медициналык форма, сунуш каттар, эссе ж.б.) англис тилинде толтурулуп, Агенттиктин дарегине (Чүй проспектиси 122, 3-кабат, 310-кабинет) 2026-жылдын 23-сентябрында саат 17:00гө чейин кечиктирилбестен тапшырылышы керек.

*** *** ****

Программа боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылууга болот: 62-02-42, +996 554 20-96-63 (Шамиль).

Өтүнмөлөрдү берүү боюнча колдонмо жана керектүү документтер төмөнкү шилтемеде:
https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ja/11_000001_00400.html.

Открыт набор на долгосрочный курс обучения в Японии на программу «Молодые лидеры» (Young Leaders’ Program) на 2027–2028 годы

Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики совместно с Посольством Японии в Кыргызской Республике сообщает о начале набора кандидатов на годичную стипендиальную программу Японского Правительства (MEXT: Министерство образования, культуры, спорта, науки и технологий Японии) «Молодые лидеры» (Young Leaders’ Program) на 2027–2028 годы.
Программа молодых лидеров (YLP) была учреждена в 2001 году в рамках стипендиальной программы правительства Японии (Министерства образования, культуры, спорта, науки и технологий) для иностранных студентов.
Цель программы - содействовать развитию будущих национальных лидеров в странах Азии и способствовать более глубокому пониманию Японии, создавая тем самым личные и интеллектуальные связи между лидерами со всего мира, укрепляя дружеские отношения между Японией и другими странами.
Данная программа предоставляет государственным и муниципальным служащим Кыргызской Республики возможность получения степени магистра в университетах Японии по направлению «Государственное управление» (School of Government) и «Управление здравоохранением» (Healthcare Administration).
Кандидаты на данные программы должны соответствовать следующим основным квалификационным требованиям:
«School of Government (Государственное управление)»
Гражданство: Кыргызская Республика;
Возраст: не старше 40 лет на 1 октября 2027 года;
Английский язык: сертификат TOEFL-IBT более 79 баллов, IELTS Academic более 6.0 (обучение будет на английском языке);
Стаж работы в государственных и муниципальных органах: не менее 3 лет (желательно более 5 лет на 1 октября 2027 года);
Род занятий: государственная/муниципальная служба на постоянной основе в органах государственного управления и местного самоуправления, а также в государственных/муниципальных учреждениях и предприятиях (без учета ТОП/МОП);
Уровень образования: высшее (наличие диплома специалиста или степени бакалавра).
Срок обучения — 1 год: с октября 2027 года по сентябрь 2028 года

«Healthcare Administration (Медицинское управление)»

Гражданство: Кыргызская Республика;
Возраст: не старше 40 лет на 1 октября 2027 г.;
Английский язык: TOEFL- iBT более 80, IELTS (Academic) более 6.0, (для обсуждения и подготовки диссертации нужен английский язык);
Стаж работы: необходимо иметь не менее 3 лет опыта работы на полную ставку по состоянию на 1 октября 2027 года в сфере здравоохранения в государственном секторе в правительственном ведомстве и продолжать работать на том же месте работы на момент подачи заявления и после зачисления в принимающий университет.
Уровень образования: высшее (наличие диплома специалиста или степени бакалавра по медицинской администрации).
Срок обучения — 1 год: с октября 2027 года по сентябрь 2028 года

Для участия в данной стипендиальной программе просим рекомендовать кандидатуры, соответствующим указанным требованиям.
Все документы кандидатов (форма заявки, медицинская форма, рекомендательные письма, эссе и др.) должны быть заполнены на английском языке и представлены в адрес Агентства (пр. Чуй 122, 3 этаж, 310 каб.) не позднее 17:00 ч. 23 сентября 2026 года.
По вопросам касательно программы обращаться по тел: 62-02-42, +996 554 20-96-63 (Шамиль).
Руководство и необходимые документы заявок можете найти пройдя по этой ссылке: https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ja/11_000001_00400.html

本ホームページは「JavaScript」が使われております。「JavaScript」をONにしてご利用ください。

Агенттикте Япониянын «Жаш лидерлер» магистрдик программасынын директору менен жолугушуу болуп өттүАгенттиктин директорун...
21/08/2026

Агенттикте Япониянын «Жаш лидерлер» магистрдик программасынын директору менен жолугушуу болуп өттү

Агенттиктин директорунун орун басары Бактыгуль Усеналиева Япониянын «Жаш лидерлер» магистрдик программасынын директору, профессор Хирофуми Такада жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда «Жаш лидерлер» программасын жайылтуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Агенттиктин директорунун орун басары Бактыгуль Усеналиева аталган программанын кесипкөй, компетенттүү жана заманбап башкаруу ыкмаларына багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жаңы муунун калыптандыруудагы маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

«Жаш лидерлер» программасы адамдык капиталды өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү инструменти катары каралууда.

Маалымат үчүн: «Жаш лидерлер» программасы аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары Япония өлкөсүндө билим алып, кесиптик квалификациясын жогорулатып магистр даражасына ээ болууга мүмкүнчүлүк алышат.

Программа мамлекеттик башкаруу жана саламаттык сактоону башкаруу багыттары боюнча жүргүзүлөт.

В Агентстве состоялась встреча с директором магистерской программы «Молодые Лидеры».

Заместитель директора Агентства, Бактыгуль Усеналиева встретилась с директором магистерской программы «Молодые Лидеры», профессором Такада Хирофуми и представителями Посольства Японии в Кыргызской Республике.

В ходе встречи стороны обсудили вопросы продвижения программы «Молодые Лидеры» в Кыргызстане и развития профессиональных компетенций государственных и муниципальных служащих.

Заместитель директора Агентства Бактыгуль Усеналиева отметила важность данной программы для формирования нового поколения профессиональных, компетентных и ориентированных на современные подходы государственных и муниципальных управленцев.

Стороны выразили заинтересованность в дальнейшем сотрудничестве и продвижении образовательных возможностей для государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики.

Программа «Молодые лидеры» рассматривается как важный инструмент развития человеческого капитала и укрепления международного сотрудничества между Кыргызской Республикой и Японией в сфере государственного управления.

Справочно: В рамках программы «Молодые лидеры» государственные и муниципальные служащие Кыргызской Республики имеют возможность обучаться в Японии, повысить свою профессиональную квалификацию и получить степень магистра.

Программа реализуется по направлениям «государственное управление» и «управление здравоохранением»

18/08/2026

Регионалдык жана муниципалдык кадрлар резервине кирүүнү каалагандарга маанилүү маалымат! 👇

Эгер сиз регионалдык же муниципалдык кадрлар резервине кирүүнү кааласаңыз, анда бул маалымат сиз үчүн!

Кадрлар резервине кимдер кире алат?
Кандай талаптар коюлат?
Кайда жана кантип документ тапшыруу керек?

Баарын жакшылап угуп чыгып, талаптарга көңүл бурсаңыз, баары түшүнүктүү жана жеңил.

Регионалдык жана муниципалдык кызматта иштеп, жетекчилик кызматтарга барууну көздөгөндөр үчүн бул — «күмүш сырга»! 😉

Маалыматты кызыккан жакындарыңызга жана тааныштарыңызга бөлүшүп коюңуз. 👇👇
@

12/08/2026

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка конкурска электрондук арызды кантип тапшыруу керек?

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы бош кызмат орундарына конкурска катышуу үчүн электрондук арызды онлайн тапшырууга болот.

1️⃣ Бош кызмат ордун тандаңыз
Жарыяланган кызмат орундары менен таанышып, квалификациялык талаптарга жооп берериңизди текшериңиз.

2️⃣ Электрондук системага кириңиз
Жеке кабинетиңизге кирип, керектүү маалыматтарды толтуруңуз.

3️⃣ Маалыматтарды жана документтерди жүктөңүз
Жеке маалыматтарыңызды, билимиңизди, иш тажрыйбаңызды көрсөтүп, талап кылынган документтерди электрондук түрдө тиркеңиз.

4️⃣ Арызды жөнөтүңүз
Маалыматтарды кайра текшерип, арызды белгиленген мөөнөттө жөнөтүңүз.

5️⃣ Арыздын статусун көзөмөлдөңүз
Конкурстун кийинки этаптары тууралуу маалыматты жеке кабинетиңизден текшерип туруңуз.

🫵 Эскертүү: Арызды акыркы күнгө калтырбай тапшырып, кызмат ордуна коюлган талаптарды жана киргизилген маалыматтарды кылдат текшериңиз.

Мамлекеттик кызматка кадам — электрондук арыздан башталат!

Агенттикте IDI эксперти менен жолугушуу өттүАгенттиктин директорунун орун басарлары Руслан Кубаталиев жана Барчынай Сади...
11/08/2026

Агенттикте IDI эксперти менен жолугушуу өттү

Агенттиктин директорунун орун басарлары Руслан Кубаталиев жана Барчынай Садирова ИНТОСАИнин Өнүктүрүү демилгесинин (IDI) эксперти Бенжамин Фуэнтес Кастро менен жолугушту.

Жолугушууга Агенттиктин башкармагы менен түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги темасы — мамлекеттик органдардын отчеттуулугун күчөтүү жана Эсептөө палатасы менен өз ара кызматташууну өркүндөтүү.
Тараптар мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу, маалымат алмашуунун заманбап механизмдерин өнүктүрүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана эл аралык стандарттарды колдонуу маселелери боюнча пикир алышты.

Ошондой эле мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылууда санариптик инструменттердин ролу талкууланды.

Агенттик мамлекеттик башкаруунун сапатын, ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган эл аралык кызматташтыкты мындан ары да улантат.

*** *** ***
В Агентстве состоялась встреча с экспертом IDI

Заместители директора Агентства Руслан Кубаталиев и Барчынай Садирова встретились с экспертом Инициативы развития ИНТОСАИ (IDI) Бенжамином Фуэнтесом Кастро.

Во встрече приняли участие руководители управлений и структурных подразделений Агентства, а также специалисты и представители Счетной палаты Кыргызской Республики.
Основной темой встречи стало укрепление подотчетности государственных органов и совершенствование взаимодействия со Счетной палатой.

Стороны обсудили повышение эффективности государственного аудита, развитие современных механизмов обмена информацией, внедрение цифровых решений и применение международных стандартов.

Отдельное внимание уделено роли цифровых инструментов в обеспечении открытости и подотчетности государственного управления.

Агентство продолжит международное сотрудничество, направленное на повышение качества, открытости и эффективности государственного управления.

07/08/2026
06/08/2026

Мамлекеттик агенттикте 2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын өттү.

Жыйынга Агенттиктин жетекчилиги жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору катышты.

Кеңейтилген жыйында санариптештирүү, кадр саясаты, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү, «Санарип аймак» жана e-Kyzmat системаларын ишке ашыруу багыттарындагы иштердин жыйынтыгы талкууланды.

Ошондой эле реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү каралып, 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата артыкчылыктуу милдеттер белгиленип, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын соңунда кызматтык ишиндеги жетишкендиктери, мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Агенттиктин бир катар кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Мамлекеттик агенттикте 2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын...
06/08/2026

Мамлекеттик агенттикте 2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Азат Бакаев, аталган бөлүмдүн эксперттери, Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев жана Агенттиктин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Айгюль Калчакеева катышты.

Жыйынды Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев ачып, биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштерге токтолду.

Кеңейтилген жыйында Агенттиктин директорунун орун басары Барчынай Садирова санариптик өнүктүрүү, тестирлөө, кадрлар резерви, «Санарип аймак» жана e-Kyzmat системаларынын ишке ашырылышы боюнча баяндама жасады. Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багытында биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ал эми Кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Омурзаков мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, кадр саясаты, окутуу, эл аралык кызматташуу, укуктук камсыздоо жана мониторинг боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын сунуштады.

Ошондой эле катышуучулар жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшүн талкуулап, орун алган көйгөйлөрдү, аларды чечүү жолдорун жана 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата артыкчылыктуу милдеттерди белгилешти.

Жыйындын жыйынтыгында Агенттиктин алдыдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары аныкталып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Кеңейтилген жыйындын соңунда кызматтык ишиндеги жетишкендиктери, мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн Агенттиктин бир катар кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

*** *** ***
В Государственном агентстве подведены итоги деятельности за первое полугодие 2026 года

6 августа 2026 года в Государственном агентстве по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялось расширенное заседание, посвященное подведению итогов деятельности Агентства за первое полугодие 2026 года.

В заседании приняли участие заведующий отделом государственной и муниципальной службы Управления по подготовке решений Президента и Кабинета Министров Кыргызской Республики Азат Бакаев, эксперты указанного отдела, директор Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики Эльчибек Джантаев, сотрудники Агентства, а также ректор Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республики имени Жусупа Абдрахманова Айгуль Калчакеева.

Открывая заседание, директор Государственного агентства Эльчибек Джантаев подвел итоги работы за первое полугодие и обозначил ключевые задачи на предстоящий период.

В ходе заседания заместитель директора Государственного агентства Барчынай Садырова представила доклад о развитии цифровизации, системе тестирования, кадровом резерве, а также реализации информационных систем «Санарип аймак» и e-Kyzmat. Заместитель директора Руслан Кубаталиев выступил с докладом об итогах работы по развитию местного самоуправления за первое полугодие 2026 года. Начальник Управления кадровой политики Мыктыбек Омурзаков представил результаты деятельности в сфере государственной и муниципальной службы, кадровой политики, обучения, международного сотрудничества, правового обеспечения и мониторинга.

Участники заседания обсудили ход реализации проводимых реформ, рассмотрели существующие проблемные вопросы, пути их решения и определили приоритетные направления деятельности на второе полугодие 2026 года.

По итогам расширенного заседания были определены ключевые задачи дальнейшей работы Государственного агентства и даны соответствующие поручения.

По итогам расширенного заседания ряд сотрудников Государственного агентства был награжден ведомственными наградами за высокие достижения в служебной деятельности, вклад в развитие государственной службы и многолетний добросовестный труд.

05/08/2026

В Бишкеке 5 августа заместитель председателя Кабинета министров Улан Маматканов встретился с государственными и муниципальными служащими — стипендиатами, напра....

Address

пр. Чуй 122
Bishkek
770040

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Мамкызмат жана ЖӨБМА түз байланышы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share