Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат

Directions

Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат

11/05/2026

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча борбордук аппараттын, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө энергетика объектилеринин техникалык коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, энергетикалык системаны күз-кыш мезгилине даярдоо, аткаруу тартиби жана мыйзам талаптарын сактоо маселелери каралды.
Ошондой эле мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана Кызматтын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, процесстерди санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде электр коопсуздугу боюнча компьютердик тестирлөө жана аттестациялоонун электрондук порталы пилоттук режимде ишке киргизилгени тууралуу маалымат берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында бөлүм жетекчилерине техникалык коопсуздук талаптарынын, коррупцияга каршы мыйзамдардын, аткаруу тартибинин сакталышын жана көзөмөл иш-чараларынын өз убагында жүргүзүлүшүн күчөтүү тапшырылды.

👮 Энергетика министрлиги менен ИИМ биргеликте мамлекеттик ишканадагы коррупциялык схеманы аныктады📝 Энергетика министрли...
29/04/2026

👮 Энергетика министрлиги менен ИИМ биргеликте мамлекеттик ишканадагы коррупциялык схеманы аныктады

📝 Энергетика министрлиги менен Ички иштер министрлигинин тыгыз кызматташтыгынын алкагында Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.
📌 Тергөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейинки аралыкта ишкананын директору А.М., башкы бухгалтер Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган.
📝 Аталган схемага ылайык, бухгалтерия аркылуу жасалма ведомосттор түзүлүп, акча каражаттары айлык акы катары көрсөтүлүп, Д.Ш.нын банктык эсебине которулган. Андан соң акчалар накталай чыгарылып, катышуучулар арасында бөлүштүрүлгөн. Натыйжада мамлекеттик ишканага олуттуу өлчөмдөгү зыян келтирилген.
📌 Белгилей кетсек, коррупцияга каршы күрөшүү багытында Энергетика министрлиги менен Ички иштер министрлиги биргелешкен иштерди системалуу түрдө жүргүзүп келет жана бул факт ошол кызматташуунун жыйынтыгы болуп саналат.
📝 Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
📌 Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1969-жылы туулган А.М., 1972-жылы туулган Ч.И. жана 1980-жылы туулган Д.Ш. кармалып, аларга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
📝 Учурда тергөө иштери улантылууда. Ошондой эле өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан берилген коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмалардын алкагында мындай иштер мындан ары да ырааттуу улантылары белгиленет.
----------------------------------------------
👮 Министерство энергетики и МВД выявили коррупционную схему в государственном предприятии

📝 В рамках тесного взаимодействия Министерства энергетики и Министерства внутренних дел Кыргызской Республики в Бишкекском предприятии электрических сетей выявлена и пресечена коррупционная схема.
📌 В ходе следствия установлено, что в период с 2023 года по март 2026 года директор предприятия А.М., главный бухгалтер Ч.И. и её заместитель Д.Ш., действуя по предварительному сговору, организовали устойчивую преступную схему по незаконному выводу денежных средств государственного предприятия.
📝 Согласно данной схеме, через бухгалтерию оформлялись фиктивные ведомости, на основании которых денежные средства перечислялись на банковский счёт Д.Ш. под видом заработной платы. В дальнейшем средства обналичивались и распределялись между участниками. В результате государственному предприятию причинён ущерб в значительном размере.
📌 Следует отметить, что работа по противодействию коррупции Министерством энергетики и МВД проводится на системной основе, и данный факт является результатом их совместной деятельности.
📝 По данному факту возбуждено уголовное дело по статье 337 Уголовного кодекса Кыргызской Республики (злоупотребление должностным положением).
📌 В ходе оперативно-следственных мероприятий задержаны А.М. (1969 г.р.), Ч.И. (1972 г.р.) и Д.Ш. (1980 г.р.). В отношении них избрана мера пресечения в виде заключения под стражу сроком на 2 месяца.
📝 В настоящее время следственные действия продолжаются. Также отмечается, что в рамках поручений Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова по усилению борьбы с коррупцией подобная работа будет последовательно продолжена.

24/04/2026

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматы 2026-жылдын 24-апрелинде электр энергетикасы тармагындагы субъекттер жана интернет-провайдерлер менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, антикоррупциялык маалыматтык ишти күчөтүү, ошондой эле ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыктарын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Субъекттерге мораторий күчүндө болгон шартта Кызмат тарабынан алдын алуу жана консультациялык иштер күчөтүлөөрү, негизги максат – бузуулуларга жол бербөө жана объекттерди коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу экендиги түшүндүрүлдү.

Энергетикалык көзөмөл кызматы коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу, техникалык коопсуздукту жогорулатуу жана көзөмөлдөгү субъекттер менен ачык кызматташууну камсыз кылуу боюнча системалуу ишин мындан ары да туруктуу негизде улантат.

05/09/2025

2025-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча регионалдык бөлүмү жаңы кызматтык унаа менен камсыздалды.

Аталган унааны кызматка Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын директору Алимбеков Жаныбек Чимбердиевич тапшырды.

Жаңы кызматтык автоунаа инспекторлордун ишин натыйжалуу жүргүзүүгө жардам берип, энергетикалык объектилерди текшерүү жана көзөмөлдөөнү ыкчам жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле ал аймактагы кызматкерлердин мобилдүүлүгүн арттырып, алардын жер-жерлердеги иш сапарларын жеңилдетет.

Жетекчилик белгилегендей, кызматтык унаа берүү – бул аймактык бөлүмдүн ишин өркүндөтүп, калкты коопсуз жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытындагы аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.

⸻

Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат – өлкөнүн энергетикалык объектилеринде техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдардын талаптарын аткарылышын көзөмөлдөө жана калкка сапаттуу энергия жеткирүү боюнча иш алып баруучу мамлекеттик орган болуп эсептелет.

03/09/2025

2025-жылдын 03-сентябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын Ош облустук регионалдык башкармалыгына жаңы кызматтык унаа тапшырылды.

Кызматтык унааны Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын директору Алимбеков Жаныбек Чимбердиевич тапшырды.

Бул унаа аймактагы инспекторлордун ишин жеңилдетип, энергетикалык объектилерди ыкчам жана сапаттуу көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле кызматкерлердин жер-жерлерде жүргүзүүчү текшерүүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатат.

Жетекчиликтин айтымында, кызматтык унаа берүү – бул башкармалыктын ишин өркүндөтүүгө жана калкты үзгүлтүксүз, коопсуз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

————————————————————
Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат Кыргыз Республикасынын энергетикалык объектилеринде техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана калкты сапаттуу энергия менен камсыз кылуу багытында иш алып барат.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жалпы кыргызстандыктарды ма...
31/08/2025

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жалпы кыргызстандыктарды мамлекетибиздин эң улуу майрамдарынын бири – 31-август, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдык мааракеси менен чын дилинен куттуктайт!

Эгемендүүлүк – ата-бабалардын көкүрөк күчү менен келечек муундардын жаркын жашоосу үчүн берилген улуу аманат. Бул күн ар бирибизге эркиндикти, биримдикти жана мекенчилдик сезимди даңазалайт.

Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат мамлекетибиздин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда жана тармактагы тартипти чыңдоодо элге кызмат өтөп келет. Биз эгемендүүлүктүн ар бир жылы жаңы ийгиликтер менен толукталып, Кыргызстандын келечеги жарык болушуна өз салымыбызды кошууга умтулабыз.

Куттуу күндө ар бир үй-бүлөгө бакыт, ырыс, ынтымак жана Мекенибизге тынчтык каалайбыз!
Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!

Урматтоо менен,
Алимбеков Жаныбек Чимбердиевич!

2025-жылдын 21-август күнү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы...
27/08/2025

2025-жылдын 21-август күнү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматынын Ош облустук регионалдык башкармалыгы тарабынан Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Ала-Тоо” ресторанында пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген талаптарга ылайык объектти пайдалануу шарттары каралып чыгып, натыйжада бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Анын негизинде жалпы 6 эскертме жазуу түрүндө берилди.

Ишкердик субъектисине белгиленген эскертмелерди 1 айлык мөөнөт ичинде аткаруу милдеттендирилди. Энергетикалык көзөмөл кызматы мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү уланта берет.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматынын Чүй регионалдык башкарм...
25/08/2025

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан “ЖИ Ресторан загород” пландык текшерүү жүргүзүлгөн.

Контролдук текшерүүнүн алкагында пландуу текшерүүдө берилген көрсөтмөнүн (предписаниенин) талаптары аткарылбагандыгы жана «Кыргыз Республикасында электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин» 4-бөлүмү боюнча бузуулар орун алгандыгы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 277-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, жооптуу тарапка административдик айып пул салынды.

Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы жарандардын жана чарбалык субъекттердин электр энергиясын коопсуз жана талапка ылайык пайдалануу боюнча көзөмөл иштерин үзгүлтүксүз улантат.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинине караштуу  Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы кадрлар резервине админ...
21/08/2025

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы кадрлар резервине административдик улук кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы төмөнкү бөлүмдөр боюнча кадрлар резервине кошуу максатында административдик улук кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

Административдик- башкаруу бөлүмү;

Финансылык-экономикалык бөлүм;

Укуктук камсыздоо жана аналитикалык иштер сектору.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын
15-августунан 25-августуна чейин.

Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси,
326-үй, 4-кабат, 420-кабинет.
Документтерди кабыл алуу убактысы: Жумуш күндөрү (дүйшөмбү – жума), саат 09:00дөн 16:30га чейин.

Байланыш телефондору:
📞 (0312) 66-03-13

Кошумча маалымат алуу үчүн жогорудагы байланыш номерлерине кайрылсаңыздар болот.

2025-жылдын 5-августунан 12-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөм...
15/08/2025

2025-жылдын 5-августунан 12-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын Баткен облусундагы регионалдык бөлүмү тарабынан Лейлек районуна караштуу Жаны-Жер айыл аймагында жайгашкан, ОАО «Кыргызнефтегаз» УДН «Кайрагач» объектисинде ишкердик субъектине пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда электр жабдууларынын техникалык абалын баалоо боюнча төмөнкү мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталды:
• Бөлүмдөрдү коргоочу каражаттар жана шаймандар менен камсыздоо боюнча тизмек жок;
• Техникалык документациянын тизмеси жок;
• Коргоочу жана алдын алуу шаймандарын толуктоо нормалары бекитилген эмес;
• Электроустановкаларда иштөө эрежелерин билүү боюнча күбөлүк белгиленген формага туура келбейт;
• Көмөк чордондордун номерлеринин боёктору жана техникалык коопсуздук белгилери жаңыланган эмес;
• Айрым бөлүмдөрдө электр чарбасына жооптуу адам дайындалган эмес;
• Күч жана жарык берүүчү электр зымдарында (0,23/0,4 кВ) учурдагы оңдоо иштери талап кылынат, абалы канааттандырарлык эмес;
• Күч берүүчү электр жабдууларында (10/0,4 кВ) капиталдык оңдоо зарыл, техникалык абалы канааттандырарлык эмес;
• Кабелдик тармактарга (0,23/0,4 кВ) жана электр техникалык лаборатория тарабынан профилактикалык сыноо жүргүзүлгөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында акты түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертме берилди.

Address

Жибек-Жолу 326
Bishkek
720070

Opening Hours

Monday 08:00 - 17:00
Tuesday 08:00 - 17:00
Wednesday 08:00 - 17:00
Thursday 08:00 - 17:00
Friday 08:00 - 17:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share