29/08/2026
Бишкек шаарынын гарнизонуна саптык кароо өткөрүлдү
Бишкек шаарында алдыда өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күч-каражаттардын гарнизондук саптык кароосуна катышты.
Гарнизондук саптык кароо Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жетекчилигинин астында,Кыргыз Республикасынын ИИМдин өздүк курамынын жана коомдук тартипти камсыз кылууга тартылган башка мамлекеттик органдардын даярдыгы менен таанышты.
Мамлекет башчысы милиция кызматкерлеринин алдыда өтүүчү маанилүү эл аралык иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды коюп, даярдыгына көңүл бурду.
Саптык кароонун жүрүшүндө Бишкек гарнизону кызматтык милдеттерди аткарууга даяр экендигин көрсөтүп, кызматкерлердин сырткы келбети, кызматтык формасы, ошондой эле атайын техникалардын жана транспорт каражаттарынын даярдыгы текшерилди.
Иш-чаранын негизги максаты — алдыда өтүүчү эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук тартипти, жарандардын жана өлкө конокторунун коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылуу болуп саналат.
Бишкек шаарынын ИИББнын өздүк курамы алдыда турган жооптуу кызматтык милдеттерди так жана жогорку деңгээлде аткарууга даяр.
Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы