Коргоо министрлиги/Министерство обороны Кыргызской Республики

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Коргоо министрлиги/Министерство обороны Кыргызской Республики
Call Directions Website Contact the organization

Коргоо министрлиги/Министерство обороны Кыргызской Республики Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

2026-жылдын 24-сентябрында Бишкек гарнизонунун өздүк курамы үчүн тарбиялык-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.Иш-чарага Кыргызс...
24/09/2026

2026-жылдын 24-сентябрында Бишкек гарнизонунун өздүк курамы үчүн тарбиялык-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси Эрмек Тынай уулу катышты.

Иш-чаранын негизги максаты - укук бузуулардын жана суициддин алдын алуу, ошондой эле өздүк курам арасында ынтымакты жана жоопкерчиликти күчөтүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аскер кызматчыларынын руханий-адептик сапаттарын бекемдөө, туура диний түшүнүктү калыптандыруу жана аскердик тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ысык-Көл жана Нарын гарнизондорунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жана Мамлекеттик чек ара кызма...
24/09/2026

Ысык-Көл жана Нарын гарнизондорунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жана Мамлекеттик чек ара кызматына караштуу аскер бөлүктөрүндө, ошондой эле аскер комиссариаттарында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик автоинспекциясынын Ысык-Көл жана Нарын гарнизондору боюнча Аскердик автоинспекциясынын башчысы, подполковник Акылбек Думукенов райондордо жана шаарларда жайгашкан Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматчылары менен биргеликте аскер кызматчыларына жол кыймылынын эрежелерине киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүп, тиешелүү маалыматтарды жеткирди.
**
В войсковых частях Министерства обороны Кыргызской Республики, Государственной пограничной службы, а также в военных комиссариатах дислоцированных в гарнизонах Иссык-Кульской и Нарынской областей, проведены разъяснительные занятия, направленные на предупреждение дорожно-транспортных происшествий.
В ходе мероприятий начальник Военной автоинспекции Иссык-Кульского и Нарынского гарнизонов Военной автоинспекции Вооруженных Сил Кыргызской Республики, подполковник Акылбек Думукенов, совместно с сотрудниками службы обеспечения безопасности дорожного движения Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, дислоцированными в районах и городах, довел до военнослужащих информацию о новых изменениях в правилах дорожного движения и разъяснил основные требования по их соблюдению.

2026-жылдын 19-сентябрынан 28-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик кол б...
24/09/2026

2026-жылдын 19-сентябрынан 28-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын 95774 аскер бөлүгүнүн базасында Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгына караштуу атайын багыттагы жана чалгындоо бөлүктөрүнүн өздүк курамы менен парапланда окуу-машыгуу учууларын өткөрүү боюнча жыйын өткөрүлүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө аскер кызматчылары парапланды башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрүн жана учууларды аткаруу техникасын өркүндөтүп, 100 метрге чейинки бийиктикте ар кандай шарттарда аракеттенүү ыкмаларын машыгышууда.
***
В период с 19 по 28 сентября 2026 года на базе войсковой части 95774 Юго-Западного оперативного командования Вооруженных Сил КР проводится сбор с личным составом подразделений специального назначения и разведывательных подразделений ЮЗОК по учебно-тренировочным полетам на парапланах.
В ходе сбора военнослужащие совершенствуют практические навыки управления парапланом, отрабатывают технику выполнения полетов и действия в различных условиях на высоте до 100 метров.

23-сентябрда Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тил күнү белгиленет. Быйыл кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген ...
24/09/2026

23-сентябрда Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тил күнү белгиленет. Быйыл кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдын кабыл алынгандыгына 37 жыл толду.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында өздүк курамдын күнүмдүк жана кесиптик ишмердигинде кыргыз тилинин ролун жана маанисин жогорулатууга багытталган бир катар тематикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын алкагында кыргыз тилине, анын тарыхына жана бай адабий мурасына болгон кызыгууну арттырууга багытталган тематикалык баяндамалар, викториналар жана башка маданий-агартуу иш-чаралары уюштурулду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде мамлекеттик тилди колдонууну өркүндөтүү жана аны кызматтык ишмердикте колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.
******
23 сентября в Кыргызской Республике отмечается День государственного языка. В этом году исполняется 37 лет со дня принятия Закона «О государственном языке Кыргызской ССР», которым кыргызскому языку был придан статус государственного.
В соединениях, воинских частях и учреждениях Министерства обороны Кыргызской Республики в рамках мероприятий, посвящённых Дню государственного языка, проведен ряд тематических мероприятий, направленных на повышение роли и значимости кыргызского языка в повседневной и профессиональной деятельности личного состава.
В рамках мероприятий были организованы тематические выступления, викторины и другие культурно-просветительские мероприятия, направленные на повышение интереса к кыргызскому языку, его истории и богатому литературному наследию.
Стоит отметить, что в Министерстве обороны Кыргызской Республики работа по совершенствованию использования государственного языка и расширению сферы его применения в служебной деятельности проводится на постоянной основе.

2026-жылдын 24-сентябрынан 24-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жогорку билимдүү мөөнөттүү ас...
24/09/2026

2026-жылдын 24-сентябрынан 24-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жогорку билимдүү мөөнөттүү аскер кызматчыларынын ичинен запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу жыйыны өткөрүлөт.

Жыйындын негизги максаты аскер кызматчыларынын мурда алган билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, аларды взвод командири кызматын аткарууга даярдоо жана кесиптик даярдыгын жогорулатуу.

Окуу учурунда катышуучулар теориялык билимдерин бекемдеп, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.

2026-жылдын 21-23-сентябрында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин Бишкек жана Ош шаарларындагы имараттарында Кыргыз Рес...
23/09/2026

2026-жылдын 21-23-сентябрында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин Бишкек жана Ош шаарларындагы имараттарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчылары менен жарандык кызматчыларынын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында жалпы тестирлөө өткөрүлдү.
***
В период с 21 по 23 сентября 2026 года в зданиях государственной организации «Кыргызтест», расположенных в городах Бишкек и Ош, проведено общее тестирование военнослужащих и гражданского персонала соединений, воинских частей и учреждений Министерства обороны Кыргызской Республики на определение уровня владения кыргызским языком.

23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республика...
23/09/2026

23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Талайбек Шаршеев жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышты.
Жыйында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын коомдогу ордун бекемдөө боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарга, анын ичинде Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн артисттеринин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

22/09/2026

Аскер институтунун курсанттары, аскердик машыгууларын трендге айланган көчмөндөр бийи менен айкалыштырып,жаштарды Мекенди сүйүүгө жана элибиздин маданий мурастарын сыйлоого чакырышты.

СЕРЖАНТ ЖАНЫБЕК УУЛУ СЫЙМЫК— БРОНЗОВЫЙ ПРИЗЁР АЗИАТСКИХ ИГР21 сентября 2026 года в городе Нагоя (Япония) в рамках XX лет...
22/09/2026

СЕРЖАНТ ЖАНЫБЕК УУЛУ СЫЙМЫК— БРОНЗОВЫЙ ПРИЗЁР АЗИАТСКИХ ИГР
21 сентября 2026 года в городе Нагоя (Япония) в рамках XX летних Азиатских игр прошли соревнования по смешанным боевым искусствам (MMA).
Сержант Жаныбек уулу Сыймык, старший спортсмен Центрального спортивного клуба Армии Министерства обороны Кыргызской Республики, завоевал бронзовую медаль в весовой категории до 77 кг.
В четвертьфинале он одержал победу над представителем Иордании Раадом Алнажжаром со счётом 3:0. В полуфинале уступил спортсмену из Бахрейна Мухаммаду Набиеву со счётом 0:3.
По итогам соревнований Сыймык Жаныбек уулу занял третье место и стал бронзовым призёром Азиатских игр.

Коргоо министрлигинин аскер кызматкери грэпплинг боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду ээледиТүркиянын Стамбул шаарында 19–...
21/09/2026

Коргоо министрлигинин аскер кызматкери грэпплинг боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи

Түркиянын Стамбул шаарында 19–20-сентябрь күндөрү грэпплинг боюнча AIGA Global Grappling Series эл аралык мелдеши өттү.

13 өлкөнүн спортчулары катышкан мелдеште Intermediate, 62 кг салмак категориясында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 36806 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери, сержант Абдылбакы уулу Ыманбек 1-орунду ээледи.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги сержант Абдылбакы уулу Ыманбекти жеңиши менен куттуктап, мындан аркы кызматтык жана спорттук ийгиликтерди каалайт.

Address

Логвиненко 26
Bishkek
7200

Telephone

+996312620672

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Коргоо министрлиги/Министерство обороны Кыргызской Республики posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Коргоо министрлиги/Министерство обороны Кыргызской Республики:

Shortcuts

Share