20/07/2026
2026-жылдын 19-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын эл аралык илимий-билим берүү лагеринин (SCO Young Scientists Camp 2026) салтанаттуу жабылуу аземи өткөрүлдү.
Жабылуу аземине Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Гүлнара Ботоканова жана Институттун директорлору катышып, лагердин катышуучуларына ийгиликтерди каалап, илимий кызматташтыктын маанисине токтолушту.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана КР УИАнын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан уюштурулган эл аралык лагерь 2026-жылдын 6–19-июль күндөрү өтүп, Кытай Эл Республикасы, Россия Федерациясы, Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын жаш окумуштууларын, профессорлорун, илимий жетекчилерин жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.
Эки жума бою катышуучулар эл аралык командалардын курамында тажрыйбалуу окумуштуулар жана насаатчылардын жетекчилиги алдында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп, алынган маалыматтарды талдап, инновациялык прототиптерди иштеп чыгып, анын негизинде макала жазышты. Ошондой эле дүйнөлүк деңгээлдеги актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий долбоорлорун сунуштап, өз идеяларын ийгиликтүү коргошту.
Изилдөө иштери экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика багыттарында жүргүзүлдү. Лагердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Академиялык курамга жана катышуучуларга ыраазычылык каттарды тапшырды.