18/10/2026
Ювеналдык пробациянын кардарлары Пробация департаментинин кызматкерлери менен биргеликте эл аралык Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук чуркоосуна катышты.
Өспүрүмдөрдү спорттук жана коомдук иш-чараларга тартуу аркылуу Пробация департаментинин кызматкерлери алардын өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө, жоопкерчилигин өнүктүрүүгө, социалдык көндүмдөрүн калыптандырууга жана коомдун бир бөлүгү экенин сезүүгө көмөктөшөт.
Департаменттин максаты — өспүрүмдөргө кыйынчылыктарды жеңүүгө гана жардам берүү эмес, алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, өзгөрүүгө болгон умтулуусун колдоо жана жашоодо өз ордун табууга көмөк көрсөтүү.
Биз өспүрүмдүн өткөн жашоосу анын келечегин аныктабашы керек деп ишенебиз. Алардын ар бири өзгөрүүгө, өнүгүүгө жана өз жашоосун курууга жөндөмдүү. Ал эми биздин милдетибиз — бул жолдо аларга колдоо көрсөтүү, мүмкүнчүлүктөрүн ачууга көмөктөшүү жана өз күчүнө болгон ишенимин арттыруу.
Бул иш-чарага катышууга квоталарды бөлүп, мүмкүнчүлүк түзүп берген «Номад Спорт» коомдук уюмуна жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине терең ыраазычылык билдиребиз!
Анткени кээде бир кадам, колдоо жана адамга болгон ишеним чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болушу мүмкүн.
#пробация #ювеналдыкпробация #чуркоо