12/07/2021
Урматтуу бишкектиктер!
Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы шаардык парламентке мыкты жыйынтык менен келе жатат - биз өткөн кампаниянын лидерлеринин бири болдук. Өнөктүк оңой болгон жок. Коронавирустун үчүнчү толкунунан улам үгүт иштери кыйындады. Бирок биз партиябыздын негизги сунуштарын шайлоочуларыбызга жеткире алдык деп үмүттөнөбүз.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы өз тарапташтарына, штабдык командага, жардамчыларга, ыктыярчыларга жана шайлоо кампаниясында жардам берген бардык адамдарга ыраазылык билдирет. Бул биздин жалпы жеңиш! Ар бириңиздерге рахмат!
Кайсы партияга добуш бербесин, шайлоого келген бардык жарандарга рахмат!
Анан албетте биздин шайлоочуларга, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына добушун бергендерге өзгөчө ыраазыбыз. Өз тандооңуз үчүн эч качан өкүнбөйсүз!
Ошол эле учурда укук коргоо органдарын жана БШКны бардык мыйзам бузууларды тыкыр иликтеп, ар бир учур боюнча тиешелүү чечим чыгарууга чакырабыз. Бишкек шаардык кеңешинин жаңыдан шайланган курамынын легитимдлүүгү шек жаратпаш үчүн бул абдан маанилүү.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясына добуш берген бардык бишкектиктерге дагы бир жолу рахмат!
Баарыңыздарга ден соолук, бакубат турмуш жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!
Сиздин «Ата-Журт Кыргызстан» партияңыз