ГП «НК «Кыргыз темир жолу»

Call Directions Website Contact the organization

ГП «НК «Кыргыз темир жолу» Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from ГП «НК «Кыргыз темир жолу», Transit System, Кыргызстан, Bishkek.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырат.
***
ГП «НК «Кыргыз темир жолу» осуществляет перевозку пассажиров и грузов железнодорожным транспортом.

29/09/2026

Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат

➡️Коомчулуктун жана жүргүнчүлөрдүн суроо талабын эске алуу менен «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы Бишкек–Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгарат.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыз кылуу жана аталган багыттагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында поезд белгиленген графикке ылайык каттайт.

✅Белгилей кетсек, поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт.

***
➡️Пассажирский поезд Бишкек–Балыкчы совершит дополнительные рейсы 3-4 октября.

С учётом запросов общественности и пассажиров ГП «НК«Кыргыз темир жолу» организует дополнительные рейсы пассажирского поезда по направлению Бишкек–Балыкчы 3 и 4 октября.

В целях обеспечения удобства пассажиров и повышения транспортной доступности по данному направлению поезд будет курсировать согласно установленному графику.

✅Отмечается, что время в пути и стоимость проезда не изменились. Рейсы будут выполняться по ранее установленному расписанию.

28/09/2026

🚆 7 ПРАВИЛ БЕЗОПАСНОСТИ НА ЖЕЛЕЗНОЙ ДОРОГЕ

Железная дорога — зона повышенной опасности. Соблюдайте простые правила:

1️⃣ Переходите пути только в установленных местах.
2️⃣ Не ходите и не стойте на рельсах.
3️⃣ Не переходите пути перед приближающимся поездом.
4️⃣ Не пролезайте под вагонами и не перелезайте через них.
5️⃣ При переходе путей уберите телефон и снимите наушники.
6️⃣ Не приближайтесь к проходящему поезду.
7️⃣ Не оставляйте детей без присмотра возле железнодорожных путей.

⚠️ Ваша безопасность в ваших руках. Берегите себя и своих близких!

28/09/2026

🚆 ТЕМИР ЖОЛДОГУ КООПСУЗДУКТУН 7 ЭРЕЖЕСИ

Темир жол - кооптуу аймак. Жөнөкөй эрежелерди сактаңыз:

1️⃣ Темир жолду атайын белгиленген жерлерден гана кесип өтүңүз-мисалы, атайын жөө өтмөктөрдөн.
2️⃣ Рельстерди басып жүрүү болбойт.
3️⃣ Жакындап келе жаткан поезддин алдынан өткөнгө болбойт.
4️⃣ Вагондордун алдынан же астынан өтпөңүз, вагондорго чыкпаңыз.
5️⃣ Темир жолдон өтүп жатканда телефонуңузду колдонбоңуз жана кулакчындарды чечиңиз.
6️⃣ Өтүп бара жаткан поездге жакын барбаңыз.
7️⃣ Балдарды темир жолдун жанында кароосуз калтырбагыла.

⚠️ Коопсуздугуңуз - өзүңүздүн колуңузда. Эрежелерди сактаңыз!

24/09/2026

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери кандай жүрүп жаткандыгын видеодон көрүңүз. Видео материалда сиз кызыккан кызыктуу маалыматтар камтылган.

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү!Кыргыз тили элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана улу...
23/09/2026

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү!

Кыргыз тили элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын муундан муунга жеткирген ыйык мурас.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы темир жол тармагында эмгектенген бардык мекендештерди жана жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!

Темир жол өлкөнүн аймактарын байланыштырып, бириктирген маанилүү тармак. Ошол сыяктуу эле эне тилибиз да элибизди бириктирген күчтүү көпүрө.

Мамлекеттик тил күнү кут болсун!

🇰🇬🇺🇸 Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров б...
22/09/2026

🇰🇬🇺🇸 Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарында АКШ Президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Джон Йованович жана локомотивдерди чыгарган америкалык “Вебтек” (Wabtec) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы маектештерин АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктап, аларга жана Америка элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.
Мамлекет башчысы Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны, атап айтканда, темир жол түйүндөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Ушуга байланыштуу бул жолугушуунун жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында пайдалануу үчүн ТЭ33АС сериясындагы 10 заманбап магистралдык жүк ташуучу локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюунун маанилүүлүгү белгиленди.
Бул локомотивдерди Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирүү күтүлүүдө.

Өз кезегинде АКШнын Эксим банкынын төрагасы Джон Йованович америкалык технологияларга кызыгуулар үчүн ыраазычылык айтып, бул долбоор Кыргызстан менен кызматташтыктын тарыхындагы алгачкы долбоорлордун бири экенин айтты.

Садыр Жапаров жаңы локомотивдерди сатып алуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” МИнин локомотивдер паркын болжол менен 30 пайызга жаңылоого мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Буга байланыштуу Президент локомотивдер паркынын калган бөлүгүн сатып алуу боюнча мындан аркы кызматташтыкка даяр экенин белгилеп, аны кийинки беш жылдын ичинде толугу менен жаңылоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисине токтолду. 2030-жылга чейин жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берип, тартуучу кыймылдуу курамды тиешелүү түрдө чыңдоону талап кылган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун аяктоо күтүлүүдө.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров локомотивдер паркын модернизациялоо жаңы транспорттук каттамдарды натыйжалуу тейлөөнү камсыз кылып, өлкөнүн транзиттик потенциалын ачууга, анын ичинде Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы темир жол байланышын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Паоло Замполли жетишилген макулдашуулардын маанилүүлүгүнө токтолуп, долбоорду ишке ашыруу кыргыз-америкалык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаңы баракты ачарын жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз боло аларын баса белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча иштерди улантууга даяр экенин ырасташты.

****
🇰🇬🇺🇸 Кыргызстан приобретет 10 магистральных грузовых локомотивов у США
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 сентября, в городе Нью-Йорке встретился со Специальным представителем Президента США по глобальному партнерству Паоло Замполли, заместителем министра торговли США Уильямом Киммитом, председателем Экспортно-кредитного банка США Джоном Йовановичем и руководством американской компании по производству локомотивов «Вебтек» (Wabtec).

В начале встречи Глава государства поздравил собеседников с 250-летием со дня независимости США, пожелав им и американскому народу благополучия и процветания.

Глава государства отметил заинтересованность Кыргызстана в дальнейшем расширении взаимовыгодного экономического и инвестиционного сотрудничества с США, а также реализации совместных инфраструктурных проектов.
Садыр Жапаров также сообщил, что в Кыргыстане особое внимание уделяется развитию транспортной инфраструктуры, в частности строительству железнодорожных сетей.
В этой связи подчеркнута значимость данной встречи и подписания контракта на приобретение 10 современных магистральных грузовых локомотивов серии ТЭ33АС для использования ГП «Национальная компания «Кыргыз Темир Жолу».
Поставка данных локомотивов в Кыргызстан ожидается до конца 2027 года.
В свою очередь, председатель Эксим банка США Джон Йованович выразил благодарность за заинтересованность в американских технологиях и отметил, что данный проект является, своего рода, первым в истории сотрудничества с Кыргызстаном.

Садыр Жапаров добавил, что приобретение новых локомотивов позволит модернизировать около 30 процентов парка ГП «Национальная компания «Кыргыз темир жолу».
В этой связи Президент отметил готовность к дальнейшему сотрудничеству по приобретению оставшейся части локомотивного парка и поручил проработать вопрос его полного обновления в течение следующих пяти лет.

Глава государства подчеркнул стратегическое значение развития железнодорожной инфраструктуры для Кыргызстана. К 2030 году ожидается завершение строительства железной дороги Китай – Кыргызстан – Узбекистан, что позволит увеличить объемы грузовых перевозок и потребует соответствующего укрепления тягового подвижного состава.

Также Президент Садыр Жапаров отметил, что модернизация локомотивного парка позволит обеспечить эффективное обслуживание новых транспортных маршрутов и будет способствовать раскрытию транзитного потенциала страны, включая развитие железнодорожного сообщения между регионами Кыргызстана.
В свою очередь Паоло Замполли отметил важность достигнутых договоренностей, подчеркнув, что реализация проекта открывает новую страницу в развитии кыргызско-американского экономического сотрудничества и может стать основой для реализации новых совместных проектов.
Стороны подтвердили готовность продолжать работу по расширению экономического и инвестиционного взаимодействия между Кыргызстаном и США.

Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрь күндөрү кошумча каттамга чыгатКоомчулуктун жана жүргүнчүлөрдүн суроо талаб...
18/09/2026

Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат

Коомчулуктун жана жүргүнчүлөрдүн суроо талабын эске алуу менен «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы Бишкек–Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрь күндөрү кошумча каттамга чыгарат.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыз кылуу жана аталган багыттагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында поезд белгиленген графикке ылайык каттайт.

Белгилей кетсек, поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт

****

Пассажирский поезд Бишкек–Балыкчы совершит дополнительные рейсы 26–27 сентября
С учётом запросов общественности и пассажиров ГП «НК«Кыргыз темир жолу» организует дополнительные рейсы пассажирского поезда по направлению Бишкек–Балыкчы 26 и 27 сентября.

В целях обеспечения удобства пассажиров и повышения транспортной доступности по данному направлению поезд будет курсировать согласно установленному графику.

Отмечается, что время в пути и стоимость проезда не изменились. Рейсы будут выполняться по ранее установленному расписанию.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол линиясында биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады2026-жылдын 5-августунда «Кытай – ...
10/09/2026

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол линиясында биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

2026-жылдын 5-августунда «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол линиясынын курулушунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон Кош-Дөбө № 2 (түндүк) тоннелинин өтмөгү аяктады. Бул бүткүл темир жол багытындагы өтмөгү толук аяктаган биринчи тоннель болуп саналды.

Учурда темир жол линиясындагы 28 тоннелде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле долбоордун алкагында жалпы узундугу 104,084 чакырымды түзгөн 29 тоннель куруу каралган.

Биринчи тоннелдин өтмөгүнүн аякташы долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп саналат. Бул келечектеги темир жол магистралынын техникалык жактан эң татаал тилкелеринин бириндеги курулуш иштеринин алдыга жылганын билдирет.

Тоннелдерди куруу татаал тоолуу рельефтин шарттарында жүргүзүлүп, заманбап технологияларды, алдыңкы инженердик чечимдерди колдонууну, ошондой эле өнөр жай жана курулуш коопсуздугунун талаптарын так сактоону талап кылат.

Кош-Дөбө № 2 тоннелинин өтмөгүнүн аякташы темир жол линиясындагы тоннелдик тилкелерде иштерди мындан ары улантууга негиз түзүп, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» долбоорун ишке ашыруунун кезектеги практикалык натыйжасы болууда.

****

На железнодорожной линии «Китай – Кыргызстан – Узбекистан» завершена проходка первого тоннеля

5 августа 2026 года в рамках строительства железнодорожной линии «Китай – Кыргызстан – Узбекистан» завершена проходка тоннеля Кош-Добо № 2 (северный) протяжённостью 209,6 метра. Он стал первым тоннелем на всей трассе, проходка которого завершена в полном объёме.

В настоящее время строительные работы ведутся на 28 тоннелях железнодорожной линии. Всего в рамках проекта предусмотрено строительство 29 тоннелей общей протяжённостью 104,084 километра.

Завершение проходки первого тоннеля является важным этапом реализации проекта и свидетельствует о продвижении строительных работ на одном из наиболее технически сложных участков будущей железнодорожной магистрали.

Строительство тоннелей осуществляется в условиях сложного горного рельефа и требует применения современных технологий, передовых инженерных решений, а также неукоснительного соблюдения требований промышленной и строительной безопасности.

Завершение проходки тоннеля Кош-Добо № 2 создаёт основу для дальнейшего продвижения работ на тоннельных участках железнодорожной линии и является очередным практическим результатом реализации проекта «Китай – Кыргызстан – Узбекистан».

07/09/2026

2026-жылдын 6-сентябрында Бишкек шаарына Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH компаниясына таандык, Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген эл аралык туристтик поезд келди.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы чет өлкөлүк конокторду салтанаттуу тосуп алышты. Темир жол бекетинин аймагында элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, анда туристтер шырдактарды, кийизден жасалган буюмдарды жана кыргыз элинин салттуу тиричилик буюмдарын көрө алышты. Бул конокторго кыргыз элинин салт-санаасы менен жакындан таанышып, кыргыз элинин меймандостугунун атмосферасын сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Салтанаттуу тосуп алуудан кийин туристтер борбор калаа боюнча экскурсияга жөнөштү. Күн ичинде коноктор Бишкектин негизги кооз жерлерин кыдырып, шаардын тарыхы, архитектурасы жана заманбап жашоосу менен таанышат.

Поезддин курамында 11 заманбап, ыңгайлуу вагон бар. Алар менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 70тен ашуун турист келди.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы туристтик поезддин кыймыл графигинин сакталышын камсыз кылат, ошондой эле чет өлкөлүк коноктордун Кыргыз Республикасынын аймагында коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.

Address

Кыргызстан
Bishkek

Opening Hours

Monday 08:00 - 18:00
Tuesday 08:00 - 18:00
Wednesday 08:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 08:00 - 18:00

Telephone

+996312927331

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ГП «НК «Кыргыз темир жолу» posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to ГП «НК «Кыргыз темир жолу»:

Shortcuts

Share

Category