Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы.

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Balykchy
  • Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы.
Directions

Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы. Балыкчинское городское управление труда, социального обеспечения и миграции.

22/08/2025

«Келечек жаштар Ынтымагы» коомдук уюмунун мүчөлөрү аярлуу үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелерге 100 000 сомдон колдоо көрсөтүштү
🔸 «Келечек жаштар Ынтымагы» коомдук уюмунун активдүү мүчөлөрү — Азимов Азамат, Темирканов Каныбек, Жолбулаков Мирбек жана Акашов Руслан — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомунун негизинде жалгыз бой энелерге 100 000 сомдон каржылык колдоо көрсөтүштү.
🔸Бул демилге мамлекеттик социалдык саясатты колдоого багытталып, муктаж жарандардын турмуш деңгээлин жакшыртууга өбөлгө түздү.
🔸Социалдык жардамды тапшыруу аземи Шаардык кеңештин депутаттары Абдразаков Жакшылык жана Каниметова Гулиранын, жеке ишкер Күрүчбеков Аскардын, ошондой эле Шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Тынарбек Абамуслимовдун катышуусунда өттү.
🔸Иш-чарада катышуучулар жаштардын мындай демилгелерин жогору баалап, социалдык адилеттүүлүктү жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү кадам экенин белгилешти. «Келечек жаштар Ынтымагы» уюму мындан ары да коомдук пайдалуу иштерди улантууну көздөөдө.

✍️ Н.Илипова

Address

С. Орозбаева 3
Balykchy
721900

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы. posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share