Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы

Call Directions Website Contact the organization

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын расмий баракчасы

Бүгүн, 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого даярдык көрүү жана өткө...
07/10/2026

Бүгүн, 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйын Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Акматов Айжигит Батыралиевичтин жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жакышов Русланбек Шергазиевичтин жана КР БШКнын мүчөсү, шайлоо боюнча облустук куратор Темирбаева Миргүл Омүрзаковалардын катышуусунда өткөрүлдү.

Жыйынга райондук укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Жыйында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар коюлду.

2026-жылдын 6-октябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу  Кыргыз Республика...
06/10/2026

2026-жылдын 6-октябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Рахимовдун 2026-жылдын 11-майында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын тургундары менен болгон жолугушуусунда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында жооптуу мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана тиешелүү кызмат адамдарына Масалиев айыл аймагынын тургундары тарабынан айтылган сын-сунуштарды сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, белгиленген маселелердин чечилиши боюнча маалыматтарды өз убагында берүү милдеттендирилди.

2026-жылдын 5-октябрында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги ас...
05/10/2026

2026-жылдын 5-октябрында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында жыйын болуп өттү.

Жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты.

Жыйында калкты камсыздандыруу, күз-кыш мезгилине даярдык, салык планын аткаруу, коррупциянын алдын алуу жана Элдик курултайга даярдык маселелери талкууланды.

Каралган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.

2026-жылдын 3-октябрында Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Айдаркен шаарындагы жана Бирлик айыл өкмөтүндөгү бир кат...
03/10/2026

2026-жылдын 3-октябрында Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Айдаркен шаарындагы жана Бирлик айыл өкмөтүндөгү бир катар социалдык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын жеринен текшерип чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердин, бала бакчалардын жана башка социалдык мекемелердин жылытуу системаларынын абалы, отун-көмүр менен камсыз болушу, имараттардын кыш мезгилине даярдыгы жана жалпы техникалык абалы каралды.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан социалдык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

КР  ӨКМнин министри Кадамжай районундагы бир катар объектилердин абалы менен таанышты2026-жылдын 2-октябрында Кыргыз Рес...
02/10/2026

КР ӨКМнин министри Кадамжай районундагы бир катар объектилердин абалы менен таанышты
2026-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.К. Чыныбаев Баткен облусунун Кадамжай районуна иш сапары менен келди.

Иш сапарга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. Гыязов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жумушчу сапардын алкагында министр Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылында курулуп жаткан көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Ошондой эле Кадамжай районунун Кырыгыз-Кыштак айылындагы Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №107 Өрткө каршы куткаруу бөлүмчөсүн жаңы имаратын куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Ак-Турпак айыл аймагындагы Өтүкчү, Кызыл-Коргон жана Чоң-Кара айылдары аркылуу өткөн Кожо-Ашкан (Сох) дарыясынын абалы жеринен каралды.

Министр тиешелүү жетекчилерге кооптуу тилкелердеги кырдаалды көзөмөлдөөнү күчөтүү, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана тиешелүү иштерди өз убагында жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Кадамжай районунда жалпы улгайган жарандарга өзгөчө сый-урмат кө...
01/10/2026

1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Кадамжай районунда жалпы улгайган жарандарга өзгөчө сый-урмат көрсөтүлүп, майрамы менен куттуктоо иш-чаралары өткөрүлдү.

Бул күнгө карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Досматов Камчыбек Султанмуратович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Каримбердиева Максатай Мамытбековна жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу район аймагындагы улгайган жарандардан кабар алып, аларды майрамы менен куттукташты.

Ошондой эле район аймагындагы шаар мэрлери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары жергиликтүү аймактарда жашаган улгайган жарандардан кабар алып, аларга жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

Жолугушууларда улгайган адамдарга терең урмат-сый көрсөтүлүп, аларга чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк тынчтык жана бейпил карылык каалоолору айтылды.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы жалпы улгайган жарандарды 1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалайт.

Улуу муунга болгон урмат-сый — элибиздин кылымдардан бери келе жаткан асыл баалуулуктарынын бири. Карыяларыбыздын акыл-насааты, батасы жана турмуштук тажрыйбасы кийинки муун үчүн баа жеткис мурас болуп саналат.

Address

г. Кадамжай
Кыргызстан
720200

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996365550468

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы:

Shortcuts

Share