12/06/2026
Бүгүн Токтогул райондук маданият үйүнүн алдында КРнын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген КРнын "Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолуна арналган, "Уңгу жол - заман талабы" аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны ырчы, актриса, КРнын эмгек сиңирген артисти, Токтогул райондук маданият үйүнүн мыкты кызматкери Г.Сартмырзаеванын жетектөөсү менен Токтогул райондук Аялдар кеңешинин "Энелер тилеги" тобу биргелешип өткөрүштү.
"Нарк-улут уңгусу" демекчи, кыргыз элинин улуттук наркы - бул жашоодогу элибиздин жүрүм турум эрежелеринин сакталышы экенин айгинелешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Токтогул райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Ч.Суракматова жана Токтогул райондук маданият үйүнүн директору Борсокеева Турсункан эжекелер өз куттуктоо сөздөрүндө уңгу жолдун негизги багыттары, КРнын тарыхы, мамлекеттик тил, тарбия маселелери, (этнопедагогика) кыргыз философиясынын баалуулуктары, ата-бабадан келе жаткан нарктуулук, курчап турган чөйрөнү коргоо, кыргыз жаранын негизги баалуулуктарын сактоону кийинки муунга татыктуу өткөрүп, туура багыт берүү экендигин белгилешти. Келген конокторго "Энелер тилеги" тобунун концерттик программасы тартууланып, майрамдык маанай, шаң алып келди.