Талас шаардык кеңеши / Таласский городской кенеш

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Talas
  • Талас шаардык кеңеши / Таласский городской кенеш
Website

Талас шаардык кеңеши / Таласский городской кенеш Депутаттардын Талас шаардык кеӊеши - расмий баракча

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы кут болсун!Эгемен өлкөбүздүн көк байрагы ар дайым бийикте желбиреп...
31/08/2026

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы кут болсун!

Эгемен өлкөбүздүн көк байрагы ар дайым бийикте желбиреп, элибизде ынтымак, тынчтык жана береке болсун!
Мекенибиздин келечеги кең, элибиздин биримдиги бекем болсун!

30/08/2026

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Талас шаарында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Долбоорлордун жүрүшү менен таанышуу максатында Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары жана Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаардагы бир катар объектилерди жеринен көрүп чыгышты.

Алар Кеңешбек Нуржанов атындагы аллеянын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Учурда аллеяны көрктөндүрүү жана шаар тургундары үчүн заманбап, ыңгайлуу эс алуу мейкиндигин түзүү багытында иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана жүрүшүнө көңүл бурушту.

Шаар жетекчилиги жана депутаттар долбоорлорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Аталган иштер Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

29/08/2026

Бүгүн, 29-август, Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезексиз XVII сессиясы болуп өттү.

Сессия Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбековдун төрагалыгы алдында өттү. Жыйынга төраганын орун басарлары Алибий Жуманов, Курамаев Азис, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Күн тартибине жалпысынан 16 маселе киргизилип, жыйындын жүрүшүндө тиешелүү тартипте каралды. Талкуунун жыйынтыгында 9-маселени кийинки сессияда кароо чечими кабыл алынды. Күн тартибиндеги калган маселелер боюнча чечимдер бир добуштан кабыл алынды.

Каралган маселелер боюнча толук маалыматты комментарийлерден көрө аласыздар.

29/08/2026

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Талас шаарында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири — балдар үчүн заманбап эс алуу жана оюн-зоок жайын түзүү максатында даярдалып жаткан «Баластан» балдар оюн-зоок борбору.

Долбоордун жүрүшү менен таанышуу максатында Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары жана Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков менен биргеликте борбордун курулуш жана даярдык иштерин жеринен көрүп чыгышты.

Таанышуу учурунда депутаттарга «Баластан» балдар оюн-зоок борборунда каралган шарттар, инфраструктура жана балдар үчүн түзүлө турган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле долбоордун учурдагы абалы жана алдыдагы аткарылуучу иштер талкууланды.

28/08/2026
Бүгүн 27-август, Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр ...
27/08/2026

Бүгүн 27-август, Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Жыйынды комиссиянын төрагасы Турсалиев Улукбек жетектеди. Жыйынга архитектура, кадастр, мэрия кызматтарынын өкүлдөрү жана комиссиянын мүчөлөрү катышышты.

Жыйындын күн тартибинде 5 маселе каралып, талкуунун жыйынтыгында бардык маселелер шаардык кеңештин кезектеги сессиясына сунушталды.

Каралган маселелер:
Талас шаарынын А. Нуржанов көчөсү № 247а дарегиндеги жер участогунун Р-3 аймагынан Ж-1 аймагына которуу жөнүндө

Талас шаарынын, Ж. Койчукулов көчөсү № 34 дарегинде жайгашкан жер тилкесин Ж-1 аймагынан Ц-1 аймагына которуу жөнүндө

Талас шаарынын Өмүрбеков көчөсү № 97 дарегиндеги жер участогунун Ж-1 аймагынан Ц-1 аймагына которуу жөнүндө

Талас шаарынын Б. Баатыр көчөсү № 177 дарегиндеги жер участогунун Ж-1 аймагынан Ц-1 аймагына которуу жөнүндө

Талас шаарынын Манас көчөсү № 127 дарегиндеги жер участогунун аймагын Ж-2 аймагынан Ц-1 аймагына которуу жөнүндө

25/08/2026

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков тарабынан демилгеленген «Тазалык эстафетасын» Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков жана депутаттары кабыл алып, колдоп беришти.

Эстафетанын алкагында шаардык кеңештин депутаттары Талас шаарындагы аймактардын тазалыгына көңүл буруп, тазалык иштерине активдүү катышты.

Эстафетаны улантуу максатында Талас шаардык кеңешинин төрагасы «Тазалык эстафетасын» жалпы Талас шаарындагы банктарга өткөрүп берди.

Тазалык — ар бир жарандын жана мекеменин жоопкерчилиги. Уюштуруучулар шаар тургундарын жана шаардагы мекеме-ишканаларды демилгеге активдүү катышып, айлана-чөйрөнү таза сактоого чакырат.

Address

г. Талас аллея К. Нуржанова 18
Talas
724200

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Талас шаардык кеңеши / Таласский городской кенеш posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category