Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Talas
  • Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасы
Call

Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасы "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу"

11/06/2026

Көрктөндүрүү көп мээнетти талап кылат

Шаарды көрктөндүрүү "Талас жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын негизги милдети. Бул максатта ишкананы эмгек жамааты жол жээктерине роза гүлдөрүн жана бадалдарды отургузууда.

10/06/2026

Шаарыбыз көрктүү болсун…

Талас шаарындагы Байдылда Сарногоев атындагы аллеяда көрктөндүрүү иштери уланууда. Учурда “Талас жашыл чарба” ишканасы аллеядагы бадалдар кыркылып бир калыпка келтирилүүдө.
Бул иштер шаар көркүн арттырып, эс алуучуларга жакшы маанай тартуулайт.
Жумуштарды “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы аткарууда.

04/06/2026

Талас шаарын жашыл жана көрктүү кылалы! 🌿

🌱Талас шаарынын борбордук бөлүгүндөгү жол жээктерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери кызуу уланууда.

🪏Жумуштар «Талас жашыл чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.

☝️Жакынкы күндөрү бул аймак шаарга өзгөчө көрк кошкон жашыл жана кооз жайлардын бирине айланат.

Көчөлөргө жана коомдук жайларга отургузулган гүлдөргө үзгүлтүксүз кам көрүлүп, сугаруу жана багуу иштери жүргүзүлүүдө.
31/05/2026

Көчөлөргө жана коомдук жайларга отургузулган гүлдөргө үзгүлтүксүз кам көрүлүп, сугаруу жана багуу иштери жүргүзүлүүдө.

30/05/2026

Көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегине латоктор орнотулууа

Талас шаарындагы А.Оторбаев көчөсүндөгү №63 көп кабаттуу үйдүн айланасында жаан сууларынын агымын жөнгө салуу үчүн латокторду орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул иштер суунун топтолушун алдын алып, аймакты ирээтке келтирүүгө багытталууда.

Талас “Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы жалпы жамаатын Улуу Курман айт майрамы менен куттуктайбыз!Ар бир үйгө тынчтык,...
27/05/2026

Талас “Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы жалпы жамаатын Улуу Курман айт майрамы менен куттуктайбыз!
Ар бир үйгө тынчтык, береке, мол ырыскы жана ынтымак каалайбыз. Айт майрамыңыздар кабыл болсун!

25/05/2026

Талас шаары көрктөндүрүлүүдө

Талас шаардык “Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан Бердике баатыр көчөсүндө гүл отургузуу иштери кызуу жүрүүдө.

Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытындагы иштер мындан ары да улантылат. #зеленхоз #Талас #жашылчарба

19/05/2026

Аба ырайынын жаан-чачындуу болгонуна карабастан, Талас шаарынын аймагында гүл отургузуу иштери уланууда.

Шаарыбызды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында Талас «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан көчөлөргө жана коомдук жайларга гүлдөр тигилүүдө.

Шаардын көркүнө көрк кошуп турган гүлдөргө аяр мамиле жасап, таза сактоого жана аларды мындан ары да гүлдөтүүгө салым кошууга чакырабыз!.

Address

Ч. Сатаев №18
Talas
724200

Telephone

+996708998686

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share