Шумкар Уя айыл өкмөтү

Website

Шумкар Уя айыл өкмөтү Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн расмий баракчасы
• Хан-Бүргө-712
• Кеӊеш-821
• Сасык-Булак-2295
• Кара-Ой-2573
Талды-Булак 3770
Ак-Коргон 601
ЖАЛПЫ: 10 772

Шумкар-Уя айыл өкмөтү мыкты бүтүрүүчүлөргө 50 миң сомдон бердиШумкар-Уя айыл өкмөтүнө караштуу А.Борубаев атындагы Көк-А...
14/07/2026

Шумкар-Уя айыл өкмөтү мыкты бүтүрүүчүлөргө 50 миң сомдон берди

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө караштуу А.Борубаев атындагы Көк-Арык жана Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү —
Феруза Абдыжапарова менен Назми Жаныбекова жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларга ээ болуп, айыл аймагыбыздын сыймыгына айланышты.

📚 Абдыжапарова Феруза — 203 балл
📚 Жаныбекова Назми — 207 балл топтогон.

Бул ийгилик окуучулардын талыкпас эмгегинин, мугалимдердин үзүрлүү аракетинин жана ата-энелердин колдоосунун үзүрү.

Шумкар-Уя айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары жаштарыбыздын мындай ийгилигин көз жаздымда калтырбай, алдыӊкы бүтүрүүчүлөргө 50 000 сомдук сертификаттарды тапшырышты.
Сыйлыктарды Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев салтанаттуу түрдө тапшырышты.

💐 Урматтуу бүтүрүүчүлөрүбүзгө алдыдагы окуу жолунда жана турмушунда албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
Ар дайым билимдин туу чокусун багындырып, ата-энеңердин, мектебиңердин жана туулуп өскөн айылыңардын сыймыгы болуп жүрө бергиле.

08/07/2026

📢📢📢Урматтуу айдоочулар жана жолоочулар !
Шумкар-Уя айыл аймагын бойлой өткөн Суусамыр-Талас-Тараз автожолуна 12 даана таштанды урналары орнотулганын эскертебиз!
❗ Унаада баратып таштанды жол боюнча ыргытпаңыздар!
✔️ Таштандыны ээринбей урнага салыңыздар.
☝️ Табиятка аяр мамиле кылууну өзүбүздөн баштайлы

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевич Жумаевдин төрагалыгы алдында...
27/06/2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевич Жумаевдин төрагалыгы алдында Шумкар-Уя айыл аймагында сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө иштерине байланыштуу ыкчам штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга Талас облустук ички иштер башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Бакыт Кыдыралиев жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө издөө-куткаруу иштеринин учурдагы абалы талкууланып, издөө иштерин күчөтүү, бардык күч каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана кызматтар аралык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле издөө иштерине тартылган куткаруучулардын жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Учурда суунун деңгээли жогору болуп, агымы өтө катуу болгондуктан, өз алдынча сууга түшүп издөө жүргүзүү адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратаары белгиленди.

Ушуга байланыштуу жарандарга куткаруу иштерине өз алдынча кийлигишпөөгө, кооптуу аймактарга барбоого жана сууга түшпөөгө чакырык жасалды. Издөө-куткаруу иштерин атайын даярдыктан өткөн куткаруучулар жана тиешелүү мамлекеттик кызматтар жүргүзүп жаткандыктан, коопсуздук талаптарын так сактоо зарыл экени белгиленди.

Азыркы учурда өспүрүмдү издөө-куткаруу иштери бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен үзгүлтүксүз улантылууда.

26/06/2026

Таңкы саат 05:00дөн тартып Т.У.Б. аттуу өспүрүмдү издөө-куткаруу иштери төртүнчү күн катары менен улантылууда.

Бүгүн издөө иштеринин жүрүшү менен жеринен Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Жумабеков, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурлис Төрөкулов, Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Байышбек Астанакунов жана Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев таанышып, издөө-куткаруу иштерин координациялоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Издөө-куткаруу иш-чараларына ӨКМдин Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 16, Талас райондук бөлүмүнөн 25, Бакай-Ата райондук бөлүмүнөн 11, Айтматов райондук бөлүмүнөн 6, Манас райондук бөлүмүнөн 8 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары, токой чарбасы жана экология кызматынан 25, Чек ара кызматынан 13, ИИМден 85 кызматкер, ошондой эле башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, жалпы 400дөн ашуун адам издөө иштерине тартылган.

Издөө иштери дарыянын жээктеринде жана кооптуу тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, бардык мүмкүн болгон аймактар кылдат текшерилүүдө. ӨКМ тарабынан издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз улантылып, кырдаал көзөмөлдө болууда.

25/06/2026

📅 26-июнь 2026-жыл
⏰ Саат 04:00дө
📍 Чоң-Токой айылында чогулуу болот

Издөө иштерине көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандарды катышууга чакырабыз.

📞 Байланыш телефондору:
Алтынбек: 0999 096 038
Медер: 0706 888 868

25/06/2026

Талас суусуна агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Учурда издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылып, Талас дарыясынын жээгинде кеңири издөө жүргүзүлүүдө.

📅 25-июнь 2026-жыл
⏰ Саат 07:00дөн баштап чыгышкан
📍 Чоң-Токой айылында чогулуу болот

Издөө иштерине көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандарды катышууга чакырабыз.

📞 Байланыш телефондору:
Алтынбек: 0999 096 038
Медер: 0706 888 868

🔹 Өзүңүздөр менен кошо узун жана бекем жыгач ала келиңиздер.
🔹 Алмаштыра турган жана жылуу кийимдерди алуу сунушталат.
🔹 Коопсуздук эрежелерин сактап, уюштуруучулардын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Бир адамдын тагдыры үчүн биригип, колдон келген жардамды көрсөтөлү! 🙏🏻🇰🇬

22/06/2026

АК-КОРГОНДО "ДАСТАН" КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

ЖАҢЫ ИШКАНА ЖАҢЫ КЫЗМАТТЫК УНААЛУУ БОЛДУ   Шумкар-Уя айыл аймагындагы түзүлгөн "Шумкар Суу" муниципалдык ишканасы  жаңы ...
22/06/2026

ЖАҢЫ ИШКАНА ЖАҢЫ КЫЗМАТТЫК УНААЛУУ БОЛДУ

Шумкар-Уя айыл аймагындагы түзүлгөн "Шумкар Суу" муниципалдык ишканасы жаңы "Портер" унаасы менен камсыздалды. Аталган техниканы сатып алууну айылдык кеңештеги депутаттары колдоп, каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү.

Жаңы унаанын тапшырылышы муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн чыңдап, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.Айрыкча, аймактагы таза суу системаларын тейлөөдө, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуда жана оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүдө техниканын мааниси чоң. Мындан ары кызматкерлер керектүү шаймандарды жана жабдууларды тез жеткирип, калктын кайрылууларына ыкчам жооп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

АК-КОРГОНДО "ДАСТАН"  КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ                                                                       ...
22/06/2026

АК-КОРГОНДО "ДАСТАН" КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ
Шумкар-Уя айыл аймагынын Ак-Коргон айылында "Дастан" кичи футбол аянтчасы ачылды. Аталган аянтча Президенттин резервдик фондунун колдоосу менен курулду.Бул демилге сергек жашоо образын жайылтууга жана айыл жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Буга чейин бул айылда футбол аянтчасы жок болгондуктан, бул шарттар тоо боорундагы жергиликтүү калкка чоң кубаныч тартуулады.

Address

Сасык-Булак айылы, Жумагул у. Алымкул көч. , 50
Talas
724112

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Шумкар Уя айыл өкмөтү posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category