Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы / УВД Баткенской области

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Sarykamysh
  • Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы / УВД Баткенской области
Call Website Contact the organization

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы / УВД Баткенской области Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы / УВД Баткенской области, Public & Government Service, Sarykamysh.

02/10/2026

Баткен ОИИБде Тынчтык Корпусунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Баткен ОИИБде Тынчтык Корпусунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттүБаткен ОИИБде АКШнын Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корп...
02/10/2026

Баткен ОИИБде Тынчтык Корпусунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Баткен ОИИБде АКШнын Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Р.К. Ниязбеков жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлери катышты.

Тараптар Тынчтык Корпусунун Баткен облусундагы ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу, волонтёрлордун жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин талкуулашты.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

КЫЗЫЛ-КЫЯДА СОТ, ПРОКУРАТУРА ЖАНА ИИО ӨКҮЛДӨРҮНҮН КАТЫШУУСУНДА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ2026-жылдын 30-сентябрында Кызыл-Кыя ШИИБдин ...
02/10/2026

КЫЗЫЛ-КЫЯДА СОТ, ПРОКУРАТУРА ЖАНА ИИО ӨКҮЛДӨРҮНҮН КАТЫШУУСУНДА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

2026-жылдын 30-сентябрында Кызыл-Кыя ШИИБдин имаратында сотко чейинки өндүрүштүн сапатын жогорулатуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында үч тараптуу кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чарага Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы, шаардык соттун төрагасы жана судьялар, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, пробация кызматынын адиси жана ШИИБдин кызматкерлери катышты.

Кеңешмеде укук бузуулар боюнча түзүлгөн протоколдордун мыйзамдуулугу жана сапаты, кылмыш иштерин тергөөнүн жүрүшү, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштө кездешкен көйгөйлөр талкууланды.

Жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу, мыйзам талаптарын так сактоо жана сот, прокуратура жана ички иштер органдарынын өз ара кызматташтыгын күчөтүү боюнча тиешелүү милдеттер белгиленди.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

Баткен РИИБдин Кара-Бак АМБнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын ...
02/10/2026

Баткен РИИБдин Кара-Бак АМБнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана алдамчылыктын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жарандарга белгисиз адамдардын чалууларына ишенбөө, жеке маалыматтарын жана банктык карталарынын реквизиттерин бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле аймактарга «Сиздин участковыйыңыз» аттуу маалыматтык жазуулар илинди.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

01/10/2026

Баткенде ички иштер органдарынын ардагерлери арасында футболдук мелдеш өттү

Баткен облусунун райондук жана шаардык ички иштер органдарында ар жылдары кызмат өтөгөн ардагерлердин арасында футболдук мелдеш уюштурулду.

Мелдешке облустун бардык аймактарынан келген ардагерлер катышып, футбол талаасында кызыктуу оюн көрсөтүп, достук маанайда күч сынашты.

Спорттук иш-чара ардагерлердин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, өз ара достук мамилелерди чыңдоого жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталды.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

Баткен облусунун Ички иштер органдарынын ардагерлеринен кабар алынды1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Баткен о...
01/10/2026

Баткен облусунун Ички иштер органдарынын ардагерлеринен кабар алынды

1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Баткен облусунун ички иштер органдарынын ардагерлеринин ал-акыбалы менен жер-жерлердеги райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчиликтери кабар алышты.

Ардагерлерге өзгөчө көңүл бурулуп, алардын саламаттыгы жана жашоо-шарты тууралуу кабар алынып, жылуу каалоо-тилектер айтылды. Бул иш-чара ардагерлерге болгон сый-урматты жана камкордукту дагы бир ирет айгинеледи.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

Баткен шаарында кыздар арасында атайын жыйын өткөрүлдүБаткен шаарындагы жашы жете электер менен иштөө боюнча аймактык те...
01/10/2026

Баткен шаарында кыздар арасында атайын жыйын өткөрүлдү

Баткен шаарындагы жашы жете электер менен иштөө боюнча аймактык тескөөчүлөр тарабынан №4 жалпы билим берүү мектебинин 8–11-класстарында билим алган кыздар арасында атайын жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана психологдор катышып, кыздардын тарбиясы, жүрүм-турум маданияты жана коомдогу коопсуздугу боюнча пикир алышты.

Ошондой эле буллингдин алдын алуу, дропперликке тартылбоо жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн сактануу боюнча кыздарга кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушуунун негизги максаты — өспүрүм кыздардын укуктук жана социалдык коопсуздугун камсыздоо, көйгөйлүү жагдайлардын алдын алуу жана туура багыт берүү болуп саналат.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

01/10/2026

Баткенде жарандардын коопсуздугун камсыздаган жыйын болду.

Күзөт кызматынын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү2026-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли...
01/10/2026

Күзөт кызматынын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү

2026-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде өткөрүлгөн онлайн аппараттык кеңешмеде берилген тапшырмаларды аткаруу максатында, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан облус аймагындагы күзөт кызматынын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү.

Жыйында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, күзөттөгү объектилердин коопсуздугун күчөтүү жана кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткаруу боюнча тиешелүү маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө коопсуздукту камсыз кылуу багытында бир катар тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр айтылды.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Үч-Булак айылындагы «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы» атындагы жалпы билим ...
01/10/2026

Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Үч-Булак айылындагы «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы» атындагы жалпы билим берүү мектебинде ата-энелер жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында ата-энелерге жашы жете элек балдардын түнкү убакта, саат 22:00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок көчөдө жүрүүсүнө жол бербөө, ошондой эле кибер кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири маалымат берилип, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, 8–11-класстардын окуучуларына мектеп рэкетчилигинин, топтошуп мушташуунун жана башка укук бузуулардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптары жана жоопкерчилик тууралуу маалыматтар берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларды ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга, бири-бирин сыйлоого жана коомдук тартипти сактоого чакырыктар айтылды.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

Address

Sarykamysh
715200

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы / УВД Баткенской области posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы / УВД Баткенской области:

Share