Кемин райондук мамлекеттик администрациясы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Kemin
  • Кемин райондук мамлекеттик администрациясы
Contact the organization

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, Government Building, Ленина, Kemin.

06/10/2026

Кичи-Кемин айыл аймагында элдик жыйында көтөрүлгөн маселелер жеринен текшерилди

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.М. Тутуев Кичи-Кемин айыл аймагында элдик жыйында көтөрүлгөн маселелер менен жеринен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү жетекчилерге иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Аким тарабынан эл тарабынан көтөрүлгөн маселелердин чечилиши көзөмөлдө болору белгиленди.

06/10/2026

ЧҮЙ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛ!

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-октябрь күндөрү Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Иш-чарада улуттук ат оюндары, улуттук спорт оюндарынын түрлөрү, айтыш боюнча мелдештер өтөт. Ал эми 10-октябрда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү орун алмакчы. Ошондой эле, Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта майрамдык көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.
Сурап-билүү телефондору:
Уюштуруу маселелери боюнча - 0312 609522
Спорт оюндары боюнча - 0553 974909 (Мирбек Жакшылыков)
Айтыш боюнча - 0709 657647 (Азамат Болгонбаев)

06/10/2026

ЧҮЙ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛ!

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-октябрь күндөрү Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Иш-чарада улуттук ат оюндары, улуттук спорт оюндарынын түрлөрү, айтыш боюнча мелдештер өтөт. Ал эми 10-октябрда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү орун алмакчы. Ошондой эле, Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта майрамдык көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.

03/10/2026

Кемин районунда дарыгерлер үчүн жаңы турак жай пайдаланууга берилди

Бүгүн Кемин райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун аймагында дарыгерлер үчүн даярдалган 8 бөлмөлүү турак жайдын ачылыш аземи болуп өттү.

Буга чейин эски имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бардык шарттары түзүлдү. Оңдоп-түзөө иштери Кеминди өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.

Ачылыш аземине Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.М. Тутуев катышты. Салтанаттуу түрдө лента кесилип, дарыгерлерге турак жайлардын ачкычтары тапшырылды.

Дарыгерлерди турак жай менен камсыз кылуу медицина тармагына квалификациялуу адистерди тартууга жана райондун саламаттык сактоо системасында кадрдык потенциалды бекемдөөгө шарт түзөт.

02/10/2026

Чоң-Кемин айыл аймагында Карылар күнүнө карата аксакалдарга сый тамак уюштурулду

Бүгүн Чоң-Кемин айыл өкмөтү тарабынан Карылар күнүнө карата 250 аксакалга сый тамак уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.М. Тутуев катышып, аксакалдарды майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Аксакалдарга болгон урмат-сый — улуу муундун эмгегин баалоонун жана муундар арасындагы ынтымакты бекемдөөнүн маанилүү белгиси.

Кемин районунда Карылар күнү белгилендиБүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Кемин райондук мамлекеттик адм...
01/10/2026

Кемин районунда Карылар күнү белгиленди

Бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.М. Тутуев 106 жаштагы Белек апаны куттуктап, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады. Апабызга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Кеменгер» төш белгиси тапшырылды.

Ошондой эле 100 жаштагы Жакшылык апага өзгөчө сый-урмат көрсөтүлүп, «Кеменгер» төш белгиси тапшырылды.

Райондук мекеме-уюмдардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери аймактардагы улуу муун өкүлдөрүн куттуктап, белектерин тапшырышты.

Карылар үйүндөгү карыяларга көңүл бурулдуКарылар күнүнө карата район акиминин орун басары А.Джуманалиева «Алтынкен» комп...
01/10/2026

Карылар үйүндөгү карыяларга көңүл бурулду

Карылар күнүнө карата район акиминин орун басары А.Джуманалиева «Алтынкен» компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте карылар үйүндө жашаган карыяларды майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырышты.
Улуу муунга көңүл буруп, камкордук көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулагандыгы үчүн «Алтынкен» компаниясына ыраазычылык билдиребиз.

01/10/2026

Кемин районунун тургундары үчүн мобилдик клиника кызмат көрсөтөт

2026-жылдын 21-октябрынан 15-декабрына чейин Кемин районунда мобилдик клиника иштеп, тургундарга акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.

Кабыл алууну терапевт, кардиолог, невролог, офтальмолог, гинеколог, гастроэнтеролог, уролог, хирург, стоматолог жана ЛОР-врач жүргүзөт.

Ошондой эле УЗИ, КТ/рентген, маммография, гастроскопия, колоноскопия, цистоскопия жана чакан хирургиялык операциялар жүргүзүлөт.

⏰ Дүйшөмбү–жума: 08:30–17:30
⏰ Ишемби: 08:30–16:00

Долбоор маркум Падыша Абдулла бин Абдулазиздин атындагы кайрымдуулук программасы («KAAP») тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын катышуусунда каржыланууда.

Кемин районунун тургундарын медициналык текшерүүдөн өтүүгө чакырабыз.

30/09/2026

Кемин шаарындагы Советский көчөсүндө жол оңдоо иштери жүрүүдө

Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К. Тутуев Кемин шаарындагы Советский көчөсүнө асфальт төшөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Жолду оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун алкагында 4 чакырым жолго асфальт төшөө жана 6 чакырым тротуар куруу каралган.

Жеринде аким аткарылып жаткан иштердин сапатына жана белгиленген талаптардын сакталышына көңүл бурду.
Долбоордун ишке ашырылышы Кемин шаарынын жол инфраструктурасын жакшыртууга, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жол коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Address

Ленина
Kemin

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кемин райондук мамлекеттик администрациясы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Кемин райондук мамлекеттик администрациясы:

Shortcuts

Share