Библиотека имени Тугѳлбая Сыдыкбекова

Библиотека имени Тугѳлбая Сыдыкбекова Библиотека имени Туголбая Сыдыкбекова, Кыргызстан, го?

Улуу муун — элибиздин тарыхын, каада-салтын, нарк-насилин жана руханий баалуулуктарын кийинки муунга өткөрүп берүүчү асы...
04/10/2026

Улуу муун — элибиздин тарыхын, каада-салтын, нарк-насилин жана руханий баалуулуктарын кийинки муунга өткөрүп берүүчү асыл мурас. «Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт» деген накыл сөз да улууларды урматтап, алардын акыл-насаатын угуп, жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоонун маанилүүлүгүн айгинелейт.
Ушул максатта китепканада «Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт» аттуу майрамдык жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Улуу муундун өкүлдөрү менен жаштардын ортосунда кызыктуу баарлашуу уюштурулуп, карыялар өздөрүнүн турмуштук тажрыйбалары, каада-салттар, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана жаштарга болгон акыл-насааттары менен бөлүшүштү.
Иш-чарада улууларды сыйлоо, кичүүлөргө үлгү болуу, ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү жана адамгерчилик сапаттарды сактоо тууралуу сөздөр айтылды. Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын студенттери тарабынан ырлар аткарылып жагымдуу маанай тартууланды. Иш чаранынын аягында карыларыбызга белектер берилди.

23/09/2026
Бүгүн, 19-сентябрда, Жалпы республикалык ишембиликтин алкагында Ысык-Көл облустук Т. Сыдыкбеков атындагы китепканада жал...
19/09/2026

Бүгүн, 19-сентябрда, Жалпы республикалык ишембиликтин алкагында Ысык-Көл облустук Т. Сыдыкбеков атындагы китепканада жалпы жамааттын катышуусунда тазалык иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө китепкананын айланасы тазаланып, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылды.
🌿 Тазалык — ар бирибиздин милдетибиз.
🤝 Биргеликте эмгектенип, айлана-чөйрөбүздү таза жана көрктүү сактайлы!

08/09/2026

Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күнгө келип жетти. кылымдарды карыткан комуздун улуулугун сыйлап, Кыргызстанда 9-сентябрь “Комуз күнү” катары белгиленет. Комуз күнү «коомду консолидациялоо жана элдин биримдигин бекемдөө», андан тышкары, «этностук коомчулуктардын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү» үчүн киргизилген. Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнүн белгилөө 2019-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Ага ылайык, Комуз күнү Кыргызстандагы калктын биримдигин чыңдоого жана улуттар ортосундагы маданий диалогду кеңейтүүгө багытталган.

31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата китепканада🇰🇬 "35-жыл Эгемендүүлүк жолунда» аттуу  тарых с...
28/08/2026

31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата китепканада
🇰🇬 "35-жыл Эгемендүүлүк жолунда» аттуу тарых сааты Каракол шаарындагы Ж.Тойгонбаев атындагы #2 кесиптик лицейинин мугалимдери менен өткөрүлдү.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен башталып, китепкананын директору Матаева Ф.Ж келген конокторду майрамы менен куттуктады.
Эгемендүүлүк күнүнүн тарыхый маанисине кенен токтолуп баарлашуу болду.
«Кыргызстаным — сыймыгым» – мекенчилдик темасындагы атайын даярдалган презентация көрсөтүлүп, мугалимдер арасында кызыктуу суроо- жооп оюну ойнотулду, активдүү катышкандарга китептер белекке берилди.
«Эгемен Кыргызстан: 35 жыл: тарых, тагдыр, келечек» аттуу китеп көргөзмөгө баяндама жасалып, тарых саатыбызды жыйынтыктадык.
🇰🇬

20/08/2026

2026 - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 6 жолкусу. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адам цивилизациянын мурасы катарында жана этно-маданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталган.

Оюндар 2026-жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстандын эки шаарында өтөт. Ачылыш аземи Бишкек шаарындагы Азаттык стадионунда, ал эми оюндардын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарында болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тарыхы:
Чолпон-Ата шаары Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы чакан курорттук шаар, белгилүү Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан.

2014-жылдын 9-14-сентябрында өткөрүлгөн алгачкы оюндарга 19 өлкөдөн 583 спортчу катышып, спорттун 10 түрү боюнча күч сынашкан.

2016-жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин ошол эле жерде, Чолпон-Ата шаарында өткөн экинчи оюндарга 80 өлкөнүн, анын ичинде салттуу көчмөн эмес мамлекеттердин спортчулары катышкан.

2018-жылдын сентябрь айында өткөн үчүнчү оюндарга 66 өлкөдөн 1500дөн ашык спортчу катышып, салттуу спорттун 37 түрү боюнча күч сынашкан.

2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник ​​шаарында мелдештин төртүнчүсү өткөн, бул Кыргызстандын чегинен тышкары биринчи болуп саналат.

2024-жылдын 8-сентябрынан 12-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында өткөрүлгөн, бул мелдештин бешинчи жолкусу: эң эле масштабдуусу алтынчы оюндар кайрадан Кыргызстанда өтөөрү бешинчи оюндардын жабылыш аземинде белгилүү болгон.

Address

Иссык-Кульская область г. Каракол Улица Коенкозова №27
Karakol

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Библиотека имени Тугѳлбая Сыдыкбекова posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share