Мэрия города Каракол

Call Website

Мэрия города Каракол Официальная страница мэрии города Каракол. Каракол ша?

31/08/2026

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен өлкөбүздүн бардык тургундарын Филипп Киркоров чын жүрөктөн куттуктады!

Бүгүн Филипп Бедросович Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган Караколдогу майрамдык концерттин башкы хедлайнери болот.

Кыргызстанга айткан жылуу сөздөрүңүз жана акжолтой каалоо-тилектериңиз үчүн рахмат!

Филипп Бедросович, Каракол Сиз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат! Бүгүн майрамдык сахнада жолукканча!

31/08/2026

Караколдуктардын жана жалпы өлкөбүздүн жакын досу Николай Басковдон жылуу куттуктоо!

Кыргызстанга жана сүйүктүү шаарыбыз Караколго көрсөткөн жылуу мамилеңиз жана ак көңүл каалоо-тилектериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Урматуу Николай, Каракол шаары сизди кайрадан тосуп алууга ар дайым даяр!

Бүгүн Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган чоң майрамдык концертке кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

Борбордук аянтка баарыңыздарды күтөбүз!

Эгемендүүлүк күнүн бирге майрамдайлы!

31/08/2026

Кымбаттуу караколдуктар!

Эгемендүүлүк — элибиздин баа жеткис байлыгы. Бул — эркиндик, ынтымак жана өз мекенибизге болгон сүйүү. Аны көздүн карегиндей сактоо — ар бирибиздин милдетибиз.

Каракол — тарыхы бай, табияты кооз, эли меймандос шаар. Бүгүн шаарыбыз өсүп, жаңыланып жатат. Бул иштер сиздердин колдооңуздар менен ишке ашууда. Ал үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.

Элибиз эсен, жерибиз бүтүн болсун. Ар үйдө тынчтык, ден соолук жана береке болсун!

Кыргызстаныбыз өнүгүп, Караколубуз гүлдөй берсин!

Дорогие каракольцы! Желаю каждой семье мира, здоровья и благополучия. Пусть наш город становится ещё красивее и уютнее!

Эгемен майрам кут болсун!

30/08/2026

Урматтуу Каракол шаарынын тургундары жана коноктору!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүүчү майрамдык иш-чараларга байланыштуу жана башаламан сооданын алдын алуу максатында, Каракол шаарынын мэриясы тарабынан Гебзе көчөсүндө соода жүргүзүү үчүн атайын жай бөлүнүп берилди.

Майрамдык күндөрү соода жүргүзүүнү пландаштырган жарандар соода ордун алдын ала Каракол шаарынын мэриясы менен макулдашууга тийиш.

Уруксат алуу үчүн Каракол шаарынын мэриясынын №47 кабинетине кайрылууңуздар зарыл. Ал жерден сиздерге соода ордун жайгаштыруу шарттары жана макулдашуу тартиби боюнча маалымат берилет.

Белгиленген талаптарды сактап, сооданы атайын бөлүнгөн жерде гана жүргүзүүңүздөрдү суранабыз. Бул шаар тургундары, коноктору жана майрамдык иш-чаралардын катышуучулары үчүн тартипти, коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

⚠️ Урматтуу жарандар!

Соода орундарын өз алдынча, уруксатсыз бөлүштүрүүгө, ээлеп алууга же берүүгө жол берилбейт.

Соода орундарын бөлүштүрүү Каракол шаарынын мэриясы менен макулдашуу аркылуу гана жүргүзүлөт. Мэрия тарабынан ыйгарым укук берилбеген адамдардын соода орундарын бөлүштүрүүгө же берүүгө укугу жок.

Түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!

Каракол шаарынын мэриясы

_________________________________________________________________________________

Уважаемые жители и гости города Каракол!

В связи с проведением праздничных мероприятий, посвящённых Дню независимости Кыргызской Республики, а также в целях предотвращения несанкционированной и стихийной торговли, мэрией города Каракол на улице Гебзе выделено специальное место для осуществления торговли.

Граждане, планирующие осуществлять торговлю в праздничные дни, должны заранее согласовать торговое место с мэрией города Каракол.

Для получения разрешения необходимо обратиться в кабинет №47 мэрии города Каракол. Там вам будет предоставлена информация об условиях размещения торгового места и порядке согласования.

Просим соблюдать установленные требования и осуществлять торговлю только в специально отведённых местах. Это позволит обеспечить порядок, безопасность и удобство для жителей города, гостей и участников праздничных мероприятий.

⚠️ Уважаемые граждане!

Самостоятельное, несанкционированное распределение, занятие или передача торговых мест не допускается.

Распределение торговых мест осуществляется только по согласованию с мэрией города Каракол. Лица, не уполномоченные мэрией, не имеют права распределять или предоставлять торговые места.

Благодарим вас за понимание и соблюдение установленных требований!

🇰🇬 Поздравляем всех с Днём независимости Кыргызской Республики!

Мэрия города Каракол

Каракол шаарынын мэринин орун басары шаар тургундарынын түз телефон чалууларына жооп берди2026-жылдын 29-августунда Кара...
29/08/2026

Каракол шаарынын мэринин орун басары шаар тургундарынын түз телефон чалууларына жооп берди

2026-жылдын 29-августунда Каракол шаарынын мэринин орун басары Нурлан Момбеков шаар тургундары менен түз телефон байланышына чыгып, алардын суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, шаар жетекчилеринин жарандар менен түз телефон байланышы шаар тургундарынын көйгөйлөрүн ыкчам угуу жана чечүү максатында атайын тапшырманын негизинде үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

Бул жолку түз байланыш учурунда жалпы 5 шаар тургуну кайрылды. Кайрылуулар негизинен шаардагы короо-жайларды оңдоп-түзөө жана электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы боюнча болду.

Ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, чечүүнү талап кылган маселелердин айрымдары тиешелүү мекеме-ишканаларга аткарууга жөнөтүлдү. Алардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.

Эске салсак, Каракол шаарынын мэринин орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан жарандар менен түз телефон байланышы ар бир айдын акыркы ишемби күнүндө үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Мындай байланыштардын негизги максаты — шаар тургундарынын көйгөйлөрүн түз угуу, алардын суроо-талаптарына ыкчам жооп берүү жана көтөрүлгөн маселелерди өз убагында чечүүнү камсыз кылуу.

25/08/2026

Каракол шаарындагы автобекетте жүргүнчүлөрдү тейлөө иштери өз нугунда жүрүп жатат. Учурда автобекеттин кассаларында жүргүнчүлөр үчүн кезек күтүү жаралган жок.

Жүргүнчүлөр билеттерди кассага кезек күтүп отурбастан, “Karakol Go” онлайн кызматы аркылуу алдын ала сатып ала алышат. Бул кызмат жол жүрүүгө даярданган жарандар үчүн бир топ ыңгайлуу болуп, убакытты үнөмдөөгө жана автобекеттеги ашыкча кезектерди азайтууга шарт түзүүдө.

Жүргүнчүлөргө өздөрүнө ыңгайлуу болгон убакта онлайн билет алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалануу сунушталат.

Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Тагай Абдысатаров Каракол шаарынын тургундарын жеке маселелери боюнча кабыл...
25/08/2026

Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Тагай Абдысатаров Каракол шаарынын тургундарын жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө шаар тургундары социалдык, коммуналдык, жер жана башка маселелер боюнча өздөрүнүн кайрылууларын билдиришти. Ар бир жаранды кабыл алып, көтөрүлгөн маселелерди тыкыр угуп, тиешелүү суроолор боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле айрым маселелерди жеринде чечүү жана тиешелүү мекеме-ишканаларга жөнөтүп, мыйзам чегинде кароо боюнча жооптуу кызматкерлерге тапшырмалар берилди.

Каракол шаардык мэриясы жарандардын кайрылууларын өз убагында карап, шаар тургундары менен түз байланышта иш алып барууну улантууда.

Аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөөлөр киргизилетКыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жана Дүйнөлүк ...
19/08/2026

Аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөөлөр киргизилет

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) алкагындагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу айрым аймактарда аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

📍 27-августтан 10-сентябрга чейин — Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

Бул мезгилде тиешелүү уруксаты жок жалпы авиациялык учактардын жана учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) учуусуна жол берилбейт.

⚠️ Белгиленген чектөөлөрдү сактоо — эл аралык иш-чаралардын коопсуз жана тынч өтүшүн камсыз кылуунун маанилүү шарттарынын бири.

Каракол шаарынын 2027-жылга жергиликтүү бюджети боюнча коомдук угуу өткөрүлдү2026-жылдын 14-августунда Каракол шаарында ...
18/08/2026

Каракол шаарынын 2027-жылга жергиликтүү бюджети боюнча коомдук угуу өткөрүлдү

2026-жылдын 14-августунда Каракол шаарында 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлдү.

Коомдук угуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 14-майындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча Методиканы бекитүү жөнүндө» буйругуна ылайык жана Каракол шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-июлундагы №461 тескемесин аткаруу максатында уюштурулду.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол финансы башкармалыгынын начальниги Ч.Б. Абдиева 2027-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын негизги беренелери боюнча кеңири маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Коомдук угууга катышкан шаар тургундары тарабынан бир катар суроолор, сунуштар жана сунуштамалар айтылды. Алар Каракол шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан каралып, 2027-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүүдө Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын кароосуна сунушталат.

📌 Ошондой эле Каракол шаарынын 2027-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору www.gb.minfin.kg веб-тиркемесине жайгаштырылган.

Жарандар өздөрүнүн сунуштарын жана сунуштамаларын аталган веб-тиркемедеги «Маалымат» → «Кайтарым байланыш» бөлүмү аркылуу жөнөтө алышат.

💬 Жарандардын коомдук бюджеттик угуу учурунда билдирген сунуштары жана сунуштамалары жалпыланып, жыйынтыктоочу документтерге киргизилет.

Ачык бюджет — ачык шаар. Караколдун келечеги жалпыбыздын катышуубуздан башталат!

#Каракол #ЖергиликтүүБюджет #КоомдукУгуу #2027Бюджет #АчыкБюджет #КараколМэриясы

Бүгүн Каракол шаарынын мэриясында шаар тургундарын жеке маселелери боюнча кабыл алуу өткөрүлдү. Кабыл алууну мэрдин орун...
18/08/2026

Бүгүн Каракол шаарынын мэриясында шаар тургундарын жеке маселелери боюнча кабыл алуу өткөрүлдү. Кабыл алууну мэрдин орун басары Нурлан Момбеков, мэрдин орун басары Эрмекан Дүйшөбаева жана мэриянын аппарат жетекчиси Рыскул Сагымбаев өткөрүштү.

Кабыл алуу учурунда шаар тургундары тарабынан бир катар маселелер көтөрүлүп, алардын негизги бөлүгү жер жана турак жай, коммуналдык кызматтар, шаардык инфраструктура, жолдорду оңдоо, социалдык маселелер жана башка көйгөйлөргө байланыштуу болду.

Жарандар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге түздөн-түз кайрылып, көйгөйлөрүн билдиришти. Ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, чечүүнү талап кылган маселелер тиешелүү муниципалдык кызматтарга багытталды.

Каракол шаарынын мэриясы шаар тургундары менен түз жана ачык диалогду улантып, жарандардын кайрылууларын өз убагында карап, мүмкүнчүлүккө жараша көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө аракет кылат.

Мындай кабыл алуулар шаар тургундарынын үнүн угуп, алардын көйгөйлөрүн так аныктоого жана маселелерди чечүү жолдорун биргеликте табууга багытталган.

Address

Улица Тыныстанова 21
Karakol
722200

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Мэрия города Каракол posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share