Эл үмүтү - Ата Журт депутаттык тобу

Эл үмүтү - Ата Журт депутаттык тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунун баракчасы.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынкуль Мурзакимова жана Адилет Белеков Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барып, жергил...
22/08/2026

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынкуль Мурзакимова жана Адилет Белеков Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шайлоочулар менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.
Жолугушууда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер көтөрүлүп, жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелери талкууланды.
Эл менен мындай түз жолугушуулар аймактагы көйгөйлөрдү жеринде аныктап, аларды чечүүгө жооптуу мамлекеттик органдар менен биргеликте конкреттүү чараларды көрүүгө өбөлгө түзөт.
Көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы боюнча тиешелүү иштер улантылып, жыйынтыктары көзөмөлгө алынат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Джумабеков селден жабыркаган Бакай-Ата жана Чоң-Алыш айылдарына барып, тургундардан ...
22/06/2026

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Джумабеков селден жабыркаган Бакай-Ата жана Чоң-Алыш айылдарына барып, тургундардан кабар алды. Жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүлүп, селдин кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырмалар берилди.

👤 АЛЫМБЕКОВ МАКСАТ ДЖУМАКАДЫРОВИЧ📍 Шайланган округу: №20📌 Комитети: Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комп...
15/06/2026

👤 АЛЫМБЕКОВ МАКСАТ ДЖУМАКАДЫРОВИЧ

📍 Шайланган округу: №20
📌 Комитети: Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.

📄 Мыйзам долбоорлору — стористе.

__________

📍 Избран от округа: №20
📌 Комитет: Член комитета по промышленной политике, транспорту, топливно-энергетическому комплексу, архитектуре и строительству

📄 Законопроекты — в сторис.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Эл үмүтү - Ата Журт” депутаттык тобу Ош облусунун Кара-Суу районундагы социалд...
05/06/2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Эл үмүтү - Ата Журт” депутаттык тобу Ош облусунун Кара-Суу районундагы социалдык жана инфраструктуралык объекттердин абалы менен жеринен таанышып чыкты.

1. Манас айыл аймагында жайгашкан №69 Ч. Айтматов атындагы орто мектеби.
2. Манас айыл аймагында жайгашкан Нариман аймактык ооруканасы.
3. Нариман – Колхоз – Ленин автожолу.
4. Кашкар - Кыштак айылынын негизги жолу.
5. Ош – Кара-Суу автоунаа жолу.
6 . Датка айыл өкмөтүнүн Ташлак айылында жайгашкан №124 жалпы билим берүүчү мекемеси.
7 . Отуз-Адыр айыл аймагындагы №12 Отуз-Адыр жалпы билим берүү мектеби.
8 . Отуз-Адыр каналы.
9 . Кызыл-Сарай айылындагы ФАП.

Жогорку Кеңештин депутаты Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, алард...
28/05/2026

Жогорку Кеңештин депутаты Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, алардын билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

Иш-чарага Биринчи Май райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Мирбек Асанов, №61 жалпы билим берүү мектебинин директору Роза Джумалиева жана №69 жалпы билим берүү мектебинин директору Сайрагүл Атаева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, мектептердеги билим сапатын жогорулатуу, окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүү жана мугалимдердин эмгегин колдоо маселелери талкууланды.

Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна билим берүү тармагында эмгектенип жаткан адистердин коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, келечек муундун сапаттуу билим алышы мугалимдердин талыкпас эмгеги менен түздөн-түз байланыштуу экенин айтты. Ошондой эле билим берүү тармагын колдоо жана мектептердеги көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү багытындагы иштер мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна жана Баатырова Гулнара Маришовна Бишкек шаарында өткөн кант...
26/05/2026

Жогорку Кеңештин депутаттары Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна жана Баатырова Гулнара Маришовна Бишкек шаарында өткөн кант кошулган суусундуктарга салык салуу маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги саясаттык диалогго катышышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулуп, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө калктын саламаттыгын коргоо, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, кант кошулган суусундуктарды керектөөнү азайтуу жана саламаттыкты сактоо багытындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери жана эксперттер катышып, дүйнөлүк тажрыйбалар жана бул багыттагы натыйжалуу саясаттар боюнча пикир алмашышты.

Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна жарандардын ден соолугун чыңдоого багытталган демилгелерди колдоо мамлекеттин маанилүү артыкчылыктарынын бири экенин белгилеп, калктын сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган иштердин маанисине токтолду.

Жогорку Кеңештин депутаты Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатынын алкагында өткөн же...
25/05/2026

Жогорку Кеңештин депутаты Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатынын алкагында өткөн жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине катышты.

Кыргыз Республикасында алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык мелдешке Азиянын 19 өлкөсүнөн келген спортчулар катышып, өз өнөрүн жана чеберчилигин тартуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна жеңүүчүлөргө медалдарды жана сыйлыктарды тапшырып, спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. Ошондой эле катышуучуларга келечектеги мелдештерде ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады.

Мындай эл аралык деңгээлдеги чемпионаттар өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүүгө, жаш спортчуларды колдоого жана Кыргызстандын эл аралык спорттук аброюн көтөрүүгө чоң салым кошот.

Эл өкүлү Алишер Козуев “Салам Ош - 2026” аттуу VII эл аралык туристтик фестивалынын расмий ачылышына катыштыБүгүн, 21-ма...
22/05/2026

Эл өкүлү Алишер Козуев “Салам Ош - 2026” аттуу VII эл аралык туристтик фестивалынын расмий ачылышына катышты

Бүгүн, 21-май күнү Кара-Суу районунун Беш-Мерген жайлоосунда Оштун бай маданиятын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытуу максатында “Салам Ош - 2026” аттуу VII эл аралык туристтик фестивалы уюштурулду.

Иш-чарага Жогорку Кенңештин депутаты Алишер Козуев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Туризмди өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Эрденет Касымов, КРнын соода-өнөр жай палатасынын директору Темир Сариев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземи Кыргызстандын жана Ош облусунун туризми даңазаланып, «Манас» эпосунун үзүндүсү аткарылып, 300 комузчу бир добуштан “Маш ботой” күүсүн чертти. “Салам Ош” театралдаштырылган көрсөтүүсү жана улуттук бийлер тартууланды.

Белгилей кетсек Кытай, Таджикстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген ардактуу коноктор фестивалдын маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Коноктор үчүн улуттук спорт оюндары - кыргыз күрөш, аркан тартыш, таяк тартыш, кол күрөш, салбуурун уюштурулду. Ат үстүндөгү аңчылыктын салттуу түрлөрү - бүркүт салуу, тайган жарыш жана жамбы атуу көрсөтүлдү. Мындан тышкары куда түшүү, тушоо кесүү, бешикке бөлөө сыяктуу кыргыз элинин каада-салттары сахналаштырылды.

Фестивалдын алкагында сүрөтчүлөрдүн пленери, этно мода көрсөтүүсү жана концерттик программа өтүп, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү сыйланды.

Соңунда “Салам Ош-2027” туристтик фестивалынын эстафетасы салтанаттуу түрдө Кара-Кулжа районуна тапшырылды.

21/05/2026

Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты У. Ормонов аталган айылдын окуучуларына Мерседес Спринтер кичи автобусту белек кылды. Балдарга мектепке баруу жана үйүнө кайтуу үчүн шарттар түзүлгөн, бул күз жана кыш мезгилдеринде аба ырайынын начар шарттарында өзгөчө маанилүү

16-май күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев демилгелеген “Энелер күнүнө” арналган ма...
17/05/2026

16-май күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев демилгелеген “Энелер күнүнө” арналган майрамдык иш-чара депутат айымдар: Гульнара Батырова, Гулай Машрапова, Салтанат Аманова , Жылдыз Эгембердиева катышышты.

Бул салтанаттуу кечеге облустук аялдар кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана облустун жети районунан келген ардактуу энелер катышып, энелерге болгон терең урмат-сый жана ыраазычылык билдирилди.

Address

Чуй 205
Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Эл үмүтү - Ата Журт депутаттык тобу posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share