09/10/2026
#Жогоркуокуужайжанылыктары
Кыргызский Государственный Технический Университет им.И.Раззакова
КМТУнун өкүлдөрү Москвадагы II Глобалдык санариптик форумга катышууда
2026-жылдын 9-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү Москва шаарында өтүп жаткан II Глобалдык санариптик форумга жигердүү катышууда.
Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги, Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Москва өкмөтү тарабынан уюштурулган бул масштабдуу эл аралык иш-чара Горький паркында «Санариптик чечимдер» ИТ-форумунун алкагында уюштурулуп, ага дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүнөн келген ИТ-лидерлер жана алдыңкы эксперттер чогулган.
Үч күн бою КМТУнун өкүлдөрү форумдун пленардык жыйындарына жана воркшопторуна катышып, билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, ачык программалык камсыздоону (Open Source) киргизүү, киберкоопсуздук жана Big Data багыттары боюнча заманбап эл аралык тажрыйбаларды терең үйрөнүшүүдө.
Шаар куруу жана архитектура багытындагы КМТУнун өкүлдөрү «акылдуу шаарлар» технологияларына жана ИТти заманбап архитектурага интеграциялоо сессияларына өзгөчө көңүл буруп жатышат.
Бул катышуу университеттин буга чейинки биргелешкен демилгелеринин логикалык уландысы болуп калды: эске салсак, ушул жылдын апрель айында Бишкекте КМТУнун базасында Санариптик чөйрөдө балдарды коргоо боюнча россиялык Альянс тарабынан мектеп окуучулары үчүн билим берүү марафону өткөрүлгөн.
Анда университеттин өкүлдөрү виртуалдык мейкиндиктеги коопсуздукка арналган «Киберсот» аттуу интерактивдүү спектаклди аткарып беришкен. Москвадагы форумдун алкагында өткөн үчүнчү күндүн маанилүү окуясы катары, Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борборунун директору Жумамүдүн Жумалиев да пленардык жыйында чыгып сүйлөп, борборубуздун санариптештирүү жана Smart City архитектурасы боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
Программадан тышкары, КМТУнун өкүлдөрү күн сайын форумдун алкагында уюштурулган ар кандай маданий иш-чараларга жана Москва боюнча таанышуу экскурсияларына катышып, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты.
КМТУнун өкүлдөрүнүн мындай абройлуу эл аралык аянтчага катышуусу университеттин санариптештирүүнүн флагманы жана Кыргызстандын келечеги үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу башкы борбор катары макамын дагы бир жолу бекемдейт.
________________________________
Представители принимают участие во II Глобальном цифровом форуме в Москве
9 октября 2026 года — Делегация Кыргызского государственного технического университета имени И. Раззакова, состоящая из преподавателей и студентов, принимает активное участие во II Глобальном цифровом форуме.
Масштабное международное мероприятие, организованное Минцифры РФ, МИД РФ, Правительством РФ и Правительством Москвы, проходит в эти дни в московском Парке Горького в рамках ИТ-форума «Цифровые решения» и объединяет экспертов из более чем 120 стран мира.
В течение трех дней представители КГТУ посещают пленарные сессии и воркшопы, изучая передовой международный опыт внедрения искусственного интеллекта (ИИ) в образование, применения открытого ПО (Open Source), кибербезопасности и Big Data.
Особое внимание представители архитектурного направления уделяют сессиям по технологиям «умных городов» и интеграции ИТ в градостроительство.
Это участие стало логическим продолжением весенних инициатив вуза: напомним, что в апреле 2026 года на базе КГТУ в Бишкеке российским Альянсом по защите детей в цифровой среде уже проводилось масштабное образовательное мероприятие для школьников, где представители университета сыграли поучительный интерактивный спектакль «Киберсуд».
На полях московского форума в ходе третьего дня также выступил директор Центра цифровых технологий мэрии города Бишкек Жумамүдүн Жумалиев, представивший опыт цифровизации и архитектуры Smart City столицы Кыргызстана.
Помимо деловой части, представители КГТУ ежедневно участвуют в сопутствующей культурной программе форума и ознакомительных экскурсиях по Москве, что позволяет им расширить кругозор и укрепить международные связи.
Участие представителей КГТУ на столь авторитетной платформе вновь закрепляет за университетом статус флагмана цифровизации и главного центра подготовки высококлассных специалистов для будущего Кыргызстана.