Ишеним депутаттык тобу

Website

Ишеним депутаттык тобу @ишеним депутаттык тобу

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу журтчулук!Сиздерди 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктө...
31/08/2026

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу журтчулук!

Сиздерди 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мындан 35 жыл мурун, 1991-жылдын 31-августунда, Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялап, эгемендүү мамлекет катары жаңы тарыхый жолго түшкөн.
35 жыл - тарых үчүн кыска мезгил. Бирок ушул жылдар аралыгында Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары өзүнүн мамлекеттик институттарын түптөп, дүйнөлүк коомчулуктагы ордун бекемдеп, өз алдынча өнүгүүнүн жолун басып өттү.

Акыркы жылдары өлкөбүздө жолдорду жана инфраструктураны жаңылоого, жаңы мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды жана социалдык объектилерди курууга, аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Экономиканы чыңдоо, инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында да маанилүү иштер аткарылууда.
Кыргызстан акыркы жылдары эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды өткөрүү менен да өзүнүн дүйнөдөгү ордун бекемдеп келет. Быйыл өлкөбүздө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүп жатышы - Кыргызстан үчүн чоң сыймык.

Көчмөндөр оюндары - бул спорттук мелдеш гана эмес. Бул кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, улуттук оюндарын жана каада-салтын дүйнөгө тааныткан маанилүү эл аралык аянтча. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулардын Кыргызстанда баш кошуусу - өлкөбүздүн эл аралык аброюн дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Эгемендүүлүк -бул жөн гана тарыхый дата эмес. Бул -мамлекеттин келечеги үчүн ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.
Кыргызстандын күчү - биримдикте, эмгекте жана элибиздин ынтымагында.
Келечек муундарга өнүккөн, күчтүү жана көз карандысыз Кыргызстанды калтыруу -биздин жалпы милдетибиз.

🇰🇬 Эгемендүү Кыргызстаныбыздын келечеги кең, элибиздин келечеги жарык болсун!
Ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ден соолук, бакубатчылык жана береке каалайм.
Кыргыз Республикасынын
Эгемендүүлүк күнү кут болсун!

Урматтоо менен,
Нурбек Сыдыгалиев

Нурбек Сыдыгалиев Кочкор районунун мугалимдерин жана ЖРТнын жеңүүчүсүн кабыл алдыБүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке...
21/08/2026

Нурбек Сыдыгалиев Кочкор районунун мугалимдерин жана ЖРТнын жеңүүчүсүн кабыл алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин ЖРТда республика боюнча биринчи орунду алган бүтүрүүчүсү Айдай Абылаеваны, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нуржан Турукбаеваны жана аталган мектептин орус тили жана адабияты мугалими Салтанат Исмаилованы кабыл алды.

ЖРТда жогорку көрсөткүчкө жетип, “Алтын сертификатка” ээ болгон Айдай Абылаевага Нурбек Сыдыгалиев тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана жетишкендиктери үчүн Нуржан Турукбаева менен Салтанат Исмаиловага да акчалай сыйлыктар берилди.

Жолугушууда Нурбек Сыдыгалиев мугалимдерге ийгиликтерди, ал эми жаштарга билим алууда жаңы бийиктиктерди каалап, өлкөнүн келечеги билимдүү жана мекенчил жаштардын колунда экенин белгиледи.

Нурбек Сыдыгалиев Кочкор районунун мугалимдерин жана ЖРТнын жеңүүчүсүн кабыл алдыБүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке...
21/08/2026

Нурбек Сыдыгалиев Кочкор районунун мугалимдерин жана ЖРТнын жеңүүчүсүн кабыл алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин ЖРТда республика боюнча биринчи орунду алган бүтүрүүчүсү Айдай Абылаеваны, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нуржан Турукбаеваны жана аталган мектептин орус тили жана адабияты мугалими Салтанат Исмаилованы кабыл алды.

ЖРТда жогорку көрсөткүчкө жетип, “Алтын сертификатка” ээ болгон Айдай Абылаевага Нурбек Сыдыгалиев тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана жетишкендиктери үчүн Нуржан Турукбаева менен Салтанат Исмаиловага да акчалай сыйлыктар берилди.

Жолугушууда Нурбек Сыдыгалиев мугалимдерге ийгиликтерди, ал эми жаштарга билим алууда жаңы бийиктиктерди каалап, өлкөнүн келечеги билимдүү жана мекенчил жаштардын колунда экенин белгиледи

НУРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ ЖУМГАЛ РАЙОНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ2026-жылдын 13-а...
14/08/2026

НУРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ ЖУМГАЛ РАЙОНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

2026-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районуна иш сапары менен барып, аймактагы социалдык жана инфраструктуралык объектилерде жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы менен жеринен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө таза суу менен камсыздоо, ирригациялык объектилерди куруу жана реконструкциялоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, билим берүү жана спорт объектилерин куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш сапарга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Агартуу министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Тимур Дүйшеев, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Марат Жакшылык уулу, Суу ресурстары кызматынын Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын директору Алмаз Абдылдаев, Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Эралы Жолдошбеков, ошондой эле Нарын облусу боюнча Жол чарба департаментинин аймактык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Чойбеков катышты.

Таза суу менен камсыздоо:

Алгач эл өкүлү Жумгал районунда калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесине көңүл бурду.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунда жалпы 30 айыл бар. Учурда алардын 10у таза суу менен камсыздалган. 2026-жылы райондун 18 айылында таза суу системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү пландалууда.

Учурда 4 айылда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. 3 айыл боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Дагы 3 айылда Кувейт фондунун каражаттарынын эсебинен курулуш иштерин жүргүзүүгө багытталган техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгууда.

Мындан тышкары, 4 айылда тендердик жол-жоболорго даярдык көрүлүүдө. Дагы 4 айыл боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга керектүү материалдар топтолууда.

Жалпысынан Нарын облусунун 43 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Анын ичинен 10 айыл Жумгал районуна туура келет. Учурда 6 айылда курулуш иштерин аяктоо алдында турат.

Суу сактагычтар жана ирригациялык объектилер:

Андан соң Нурбек Сыдыгалиев Базар-Турук, Мин-Теке жана Түгөл-Сай суу сактагычтарын куруу долбоорлорунун жүрүшү менен таанышты.

Базар-Турук дарыясында болжол менен 3,5 млн куб метр көлөмүндөгү суу сактагыч куруу пландалууда. Долбоордун сметалык наркы 500 млн сомду түзөт. Учурда долбоорду ишке ашырууга даярдык иштери жүргүзүлүп, курулуш иштерин 2026-жылдын III кварталында баштоо каралууда.

Мин-Теке суу сактагычынын көлөмү 2 млн куб метрди түзүп, долбоордун болжолдуу наркы 360 млн сом деп бааланууда. Учурда аны ишке ашырууга байланыштуу даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми Түгөл-Сай суу сактагычынын көлөмү 3,2 млн куб метрди түзөт. Долбоордун болжолдуу наркы 831,56 млн сомду түзүп, долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда. Аталган долбоор боюнча иштер 2023-жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Мындан тышкары, Жумгал айылындагы Тегерек жайлоосунда жайгашкан «Бел-Арык» каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Билим берүү жана спорт объектилери:

Иш сапардын алкагында Кызарт айылындагы спорт комплексинин курулушунун жүрүшү да каралды.

Түгөл-Сай айылында «Урууке» атындагы бала бакчанын жана С. Медетов атындагы орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин абалы текшерилди.

Ошондой эле Чаек айылында 240 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышылды.

Объектилердин курулушунун сапатына, иштердин белгиленген мөөнөттө аткарылышына жана социалдык объектилерди өз убагында пайдаланууга берүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жол инфраструктурасы:

Мындан тышкары, Мин-Куш айылында 22,7 чакырымды түзгөн Арал–Мин-Куш унаа жолун жана 4,3 чакырымдык Алыски–Мин-Куш жолун куруу маселелери каралды.

Эл өкүлү жол инфраструктурасын жакшыртуу калктын күнүмдүк жашоосу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана айылдардын транспорттук байланышын камсыз кылуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Иш сапардын соңунда Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда Нурбек Сыдыгалиев көтөрүлгөн маселелерди жеринде чечүүгө жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барууга даяр экенин белгилеп, курулуш иштеринин сапатына жана объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүгө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтты.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди өз убагында чечүү, долбоорлордун аткарылышын тыкыр көзөмөлдөө, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу жана объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү сунуштар берилди.

Ошондой эле эл өкүлү жергиликтүү тургундардын сунуш-пикирлерин угуп, социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалын жакшыртуу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди тиешелүү жетекчилер менен талкуулады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ишеним” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиевдин Нарын облу...
14/08/2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ишеним” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиевдин Нарын облусунун Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында билим берүү тармагында жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларга, аларды даярдаган мугалимдерге жана бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдан бери Жумгал районунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку упай алган окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди колдоо жана шыктандыруу максатында депутат Нурбек Сыдыгалиев тарабынан жыл сайын сыйлыктар тапшырылып келет.

Жумгал районунда билим берүү тармагындагы көрсөткүчтөр акыркы жылдары туруктуу өсүү динамикасын көрсөтүүдө. Тактап айтканда, 2023/2024-окуу жылында ЖРТ боюнча көрсөткүч 63,2 пайызды түзсө, 2024/2025-окуу жылында 64,09 пайызга жетип, орточо балл 120 болгон. Ал эми 2025/2026-окуу жылынын жыйынтыгында көрсөткүч 70,15 пайызга чейин жогорулап, орточо балл 122 баллды түздү.
Сыйлык тапшыруу аземинде Нурбек Сыдыгалиев билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жана жаштарды билим алууга шыктандыруу маанилүү экенин белгиледи.

“Бүгүнкү окуучу - өлкөбүздүн эртеңки келечеги. Алардын арасынан келечекте билимдүү адистер, илимпоздор, дарыгерлер, мугалимдер, инженерлер жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо турган кесипкөй инсандар чыгат. Ошондуктан жаштардын билимге болгон умтулуусун колдоо жана жетишкендиктерин баалоо — жалпыбыздын милдетибиз”,- деди депутат.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге *385 миң сом* өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары, Жумгал районундагы мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 500 миң сомго 5 даана электромеш тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан бир катар кызматкерлерге да сыйлыктар тапшырылды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчү адиси Мусабаева Анаркан Салмоорбековнага берилди.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Тентиев Мирбек Жоодатбековичке тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык каттары мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерине, мугалимдерге, жеке ишкерге жана эмгек жамааттарынын бир катар өкүлдөрүнө тапшырылды.

Нурбек Сыдыгалиев жаңы окуу жылында билим берүүнүн сапатын мындан ары да жогорулатууга, ар бир окуучунун жөндөмүн ачып, анын мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашырууга шарт түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө билим берүү тармагына коюлган талаптар жогору. Ар бир баланын жөндөмүн өз убагында байкап, анын талантын ачып, туура багыт берүү -жалпыбыздын милдетибиз. Жумгал районунан билимдүү, таланттуу, мекенчил жана өлкөбүздүн келечегин түптөй турган мыкты жаштар дагы көп чыксын”,- деди Нурбек Сыдыгалиев.

Депутат окуучулардын жетишкендиктеринде мугалимдердин эмгеги жана ата-энелердин колдоосу чоң мааниге ээ экенин белгилеп, билим берүү тармагындагы ийгиликтерди мындан ары да колдоо улантыларын билдирди.

Депутат Бурул Аманова Кадамжай районунда металлургдар күнүнө арналган иш-чарага катышты.Депутат Бурул Аманова Кадамжай с...
26/07/2026

Депутат Бурул Аманова Кадамжай районунда металлургдар күнүнө арналган иш-чарага катышты.

Депутат Бурул Аманова Кадамжай сурма комбинатынын түзүлгөнүнүн 90 жылдык маарекесинин алкагында металлургдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Эл өкүлү металлургдарды кесиптик майрамы менен куттуктап, Кадамжай сурма комбинаты өз убагында аймактагы эң ири, стратегиялык мааниге ээ өнөр жай гиганты болгонун белгиледи. «Кадамжай сурма комбинаты - өлкөбүздүн экономикасынын пайдубалын түптөгөн тарыхый ишканалардын бири болгон. Сурма өндүрүшүндө талыкпай эмгектенип келген адистердин жана ардагерлердин эмгеги баа жеткис.», — деп билдирди эл өкүлү.

Мындан тышкары, депутат аталган салтанатты жогорку деңгээлде уюштурган «Вояджер» компаниялар тобуна терең ыраазычылык билдирип, сурма комбинатынын кызматкерлерине ыраазычылык каттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, Кадамжай сурма кенинин базасындагы алгачкы өнөр жай ишканасы 1936-жылы ишке киргизилген. Ишкана чыгарган сурма 1958-жылы Брюсселде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө Чоң алтын медалга татыган. Анын тазалыгы ушул күнгө чейин дүйнөлүк рынокто таза сурманын эталону катары бааланып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманованын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда кыз-келиндер арасында воле...
23/07/2026

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманованын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда кыз-келиндер арасында волейбол турнири өткөрүлдү.

«Спорт – ден соолуктун булагы» аталышындагы мелдеш сергек жашоо образын жайылтуу, аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган. Ага Кадамжай районунун айыл аймактарынан келген командалар катышып, атайын сыйлыктар үчүн күч сынашты.

Депутат Бурул Аманова катышуучуларга ийгилик каалап: «Спорт – ден соолуктун гана эмес, биримдиктин жана ынтымактын да булагы. Мындай турнирлер сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Бул жакшы саамалык мындан ары да улантылып, жыл сайын өтүүчү салттуу мелдешке айланат деп ишенем», - деди.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом, медаль жана атайын белектер менен сыйланышты.

Урматтуу мекендештер!       Жогорку Кеңештеги “Ишеним” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиевге карата интернетт...
22/07/2026

Урматтуу мекендештер!

Жогорку Кеңештеги “Ишеним” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиевге карата интернеттеги социалдык тармактарда Эмил Жамгырчиев аттуу жаран тарабынан айтылып жаткан жалган маалыматтар жана куру дооматтар боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Ар бир сөз чындыкка негизделип, фактылар менен тастыкталышы керек. Такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен биз өзүбүз эле коомдо адаштырып, ынтымакты бузабыз.
Ал эми Э. Жамгырчиев өзүнүн фейсбук баракчасында жалган маалыматтарды таратууну токтотпой, калп сөздөрүн кайталоону улантууда.
Мисалы:

1. “Депутаттын микрофонумдун зымын кесип койду” деген сөзү эч кандай чындыкка коошпойт. Жогорку Кеңештин жыйналыштары “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенты жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасыныны Мыйзамдарына ылайык өткөрүлөт. Бардык депутатка микрофон эркин берилет. Ал эми видеосунда башка учур, башка жагдай чагылдырылган, буга далилдер Жогорку Кеңештин ютубдагы расмий баракчасында азыр да сакталган.
2. Чек ара боюнча жана шайлоого жолтоо кылды деген билдирүүсү да карандай калп. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңешке мөөнүтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын ноябрь айында өткөн, видео тасмасында Э.Жамгырчиев 2022-жылы 26-ноябрь айында чек ара боюнча билдирүү жасап жатат, тагыраагы 4 жылдык айырма бар.
3. Мандат алуу маселеси боюнча да “менин мандатымды алуу үчүн кол топтогон” деп айтыптыр. Депутаттын мандатын алуу боюнча кол топтоо укугу анын шайланып келген партиясынын жетекчисинде же фракциясынын лидеринде гана болоору белгилүү.
4.⁠ “Жумгалга эл менен барган жолугушуумда Нурбек Сыдыгалиев бөлөсүнө айтып свети өчүртүп салган!” - деген сөзү да куру доомат.
Биринчиден, Нурбек Сыдыгалиевдин бөлөсү жок. Апасынын байкеси эле бар.
Экинчиден, Эмил Жамгырчиев чыгарган жыйындагы видео “Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Турсунбек Аманбекович жана президиумда Кочкордун акиминин орун басары Бермет Абдрахманова олтурат. Видеодо жыйын болгон жер Чолпон айылдык клубу.
Мындан тышкары, Э. Жамгырчиевдин баракчасындагы Жумгал районунун жетекчилиги менен түшкөн сүрөт, Нурбек Сыдыгалиевдин иш бөлмөсүндө тартылган.
Мындай бири-бирине коошпогон калп сөздөрү арбын.

Кадырлуу замандаштар!
Сиздерди жалган жасалма кептерге эмес, бир гана
чындыкка жана фактыларга негизделген маалыматтарга көңүл бурууга чакырабыз.

02/07/2026

2026-жылдын 25-июнундагы жыйында Төрагадан аскердик жана укук коргоо органдарынан отставкага чыгарылган ардагерлердин пенсияларын көтөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырма берүүсүн өтүндүм.
Бул өз өмүрүн жана ден соолугун өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого арнаган ардагерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн татыктуу колдоо болмок.

Address

Бишкек
Bishkek

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Ишеним депутаттык тобу posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share