Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK

Call Website Contact the organization

Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK, Government Building, пр. Манаса 101/1, Bishkek.

Компоненты проекта:
- улучшение систем готовности и реагирования на стихийные бедствия;
- повышение безопасности школьных и дошкольных образовательных учреждений в рамках Государственной программы «Безопасные школьные и дошкольные учреждения в Кыргызской Республике» на 2015-2024 годы;
- совершенствование финансовой защиты и страхования против рисков природных стихийных бедствий.

Биз ERIK долбоорунун алкагында балдар үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу мектептерди курууга жана жаңылоого күн сайын ...
26/08/2026

Биз ERIK долбоорунун алкагында балдар үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу мектептерди курууга жана жаңылоого күн сайын салым кошуп жаткан адистер менен тааныштырууну улантабыз.

Бүгүн сиздерди Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектепти реконструкциялоо иштерин жетектеген прораб Улукбек Маматакунов менен тааныштырабыз. Анын курулуш тармагында 20 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар. Бүгүн Улукбек мырза бул тажрыйбасын ERIK долбоорунун алкагындагы маанилүү объекттердин биринде колдонуп келет. Ал күн сайын курулуш иштеринин сапаттуу, коопсуз жана долбоордун талаптарына толук ылайык аткарылышын көзөмөлдөйт.

Бул жерде жүргүзүлүп жаткан иштердин көлөмү чындап эле чоң. Анткени реконструкция – бул жөн гана оңдоп-түзөө эмес. Имарат дээрлик кайрадан жаңыланат: конструкциялар бекемделет, инженердик тармактар толугу менен жаңыртылат, чатыр толугу менен алмаштырылып, окуу бөлмөлөрү заманбап талаптарга ылайык жаңыланат.

«Мен үчүн эң башкысы — көп жылдар өткөндөн кийин ушул мектептин жанынан өткөндө: "Биз өз ишибизди ак ниет жана сапаттуу аткарыптырбыз" деп ишенимдүү айта алуу», — дейт прораб Улукбек мырза.

Биз ERIK долбоорунун командасында мектеп курууну жөн гана кесип эмес, балдардын келечеги үчүн чоң жоопкерчилик деп билген адистер иштеп жатканына сыймыктанабыз.

🏗️ Базар-Коргон шаарындагы №26 А. Худайбердиев атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда.✅ Учурда мектептин үчүнчү кабат...
24/08/2026

🏗️ Базар-Коргон шаарындагы №26 А. Худайбердиев атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда.

✅ Учурда мектептин үчүнчү кабатына жабуу плиталарын орнотуу иштери уланууда. Биринчи кабатта ички жасалгалоонун баштапкы этабы башталды.

Мындан тышкары, спортзалдын чатырында металл фермаларын жана жыгач конструкцияларын орнотуу иштери аяктады. Ошол эле учурда эки кабаттуу блокту реконструкциялоо боюнча курулуш-монтаждоо иштери уланууда.

‼️ «Авангард и Ко» ЖЧКсы «Багратион» ЖЧКсы менен биргеликте бул долбоорду ишке ашырууда.

, #Дүйнөлүкбанк, #Жалалабад, #Базаркоргон, #Худайбердиев, #балдардынкелечеги

🏗️ Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы Н. Примбердиев атындагы №96 жаңы мектептин курулуш иштери уланууда.✅ Курулуш ...
21/08/2026

🏗️ Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы Н. Примбердиев атындагы №96 жаңы мектептин курулуш иштери уланууда.

✅ Курулуш аянтында келечектеги мектептин пайдубалын куруу иштери кызуу жүрүүдө. Учурда пайдубал конструкциялары арматураланып бүттү. Азыркы тапта курулушчулар кийинки этапта жасалчу бетон куюу иштерине даярдык көрүп жатышат.

Курулуш иштерин “Юг-стройсервис” АОК жүргүзүүдө.

Маалымат үчүн: ERIK долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суурайонундагы Баш-Булак айылында Н. Примбердиев атындагы №96 мектептин жаңы имараты курулууда. Жаңы мектеп үч кабаттуу болуп, 500 окуучуга ылайыкталган.

, #дүйнөлүкбанк, #Ошоблусу, #Примбердиев, #балдардынкелечеги

🏗️ Манас шаарындагы №27 З. Бакиров атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу активдүү уланууда.✅ Учурда мектептин ичин...
20/08/2026

🏗️ Манас шаарындагы №27 З. Бакиров атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу активдүү уланууда.

✅ Учурда мектептин ичинде жасалгалоо иштери аяктап калды. Ички инженердик тармактарды монтаждоо уланууда. Ошондой эле жарыктандыруу жабдууларын орнотууга жана акыркы жасалгалоо иштерине даярдык көрүлүп жатат.

Имараттын сырткы фасадын бүтүрүү иштери да уланууда. Муну менен катар мектептин айланасын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

‼️Курулуш иштерин «Сириус Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

, #Жалалабат, #Бакиров, #балдардынкелечеги

🏗️ Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында Ш. Конурбаев атындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жат...
18/08/2026

🏗️ Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында Ш. Конурбаев атындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.

✅ Учурда курулуш аянтында дагы бир маанилүү этап ийгиликтүү аяктады — келечектеги мектептин пайдубалы куюлду. Учурда пайдубалдын айланасын кайрадан топурак менен толтурууга даярдык жүрүп жатат. Андан соң имараттын темир-бетон каркасын тургузуу жана дубалдарын көтөрүү иштери башталат.

‼️ Курулуш иштерин «Снайпер» подряддык уюму аткарууда.

, #дүйнөлүкбанк, #Чуй, #Кемин, #жаңыкурулуш, #мектеп, #балдардынкелечеги
--
🏗️ В селе Боролдой Кеминского района Чуйской области ведется строительство новой школы им. Ш. Конурбаева на 275 ученических мест.

✅ На строительной площадке завершен один из ключевых этапов — заливка фундамента будущей школы. Сейчас специалисты готовятся к обратной засыпке, после чего строительство перейдет к следующему этапу — возведению железобетонного каркаса здания и стен.

‼️ Строительные работы выполняет подрядная организация «Снайпер».

, #Всемирныйбанк, #Чуй, #Конурбаев, #строительствошкол, #будущеедетей

13/08/2026

Биз ERIK долбоорунун алкагында балдар үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу мектептерди курууга жана жаңылоого күн сайын салым кошуп жаткан адистер менен тааныштырууну улантабыз.

Бул жолу сиздерди «Алым Строй» курулуш компаниясынын прорабы Айталиев Сакинбай Жолдошалиевич менен тааныштырабыз. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Токтогул айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушун уюштуруп, күн сайын анын жүрүшүнө жооп берет.

Сакинбай Жолдошалиевич 20 жылдан ашуун убакыттан бери курулуш тармагында эмгектенип, бай тажрыйба топтогон адис.

Токтогул айылынын тургундары быйыл жаңы мектептин ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бул мектептин тарыхы тууралуу буга чейин өзүнчө баяндап бергенбиз - https://www.instagram.com/p/DbHuIDrASbM/

Прорабдын иши жөн гана курулушту уюштуруу эмес. Ал күн сайын курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөп, адистердин ишин координациялап, бардык иштердин өз убагында жана талапка ылайык аткарылышына жооп берет.

Сакинбай Жолдошалиевичтин курулуш аянтында ар дайым тартип өкүм сүрөт. Ал дээрлик күн сайын объектте болуп, ар бир этапты жеке көзөмөлдөйт. Мындай жоопкерчилик жана ар бир ишке кылдат мамиле жаңы мектептин сапаттуу жана коопсуз курулушуна өбөлгө түзөт.

Биз ERIK долбоорунун командасында мектеп курууну жөн гана кесип эмес, балдардын келечеги үчүн чоң жоопкерчилик деп билген адистер иштеп жатканына сыймыктанабыз.

🏗️ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Токтогул айылында 225 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу соңку баскы...
13/08/2026

🏗️ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Токтогул айылында 225 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу соңку баскычка жакындады.

✅ Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери аяктап, санитардык-техникалык жабдуулар орнотулду. Ашкана окуучуларга сапаттуу тамак-аш даярдоо үчүн зарыл болгон бардык шаймандар менен камсыздалды. Ал эми мектептин короосунда тротуардык плиталарды төшөө иштери уланууда.

Мындан тышкары, мектеп үчүн каралган бардык эмеректер толугу менен жеткирилди.

‼️ Курулуш иштерин “Алым строй” компаниясы “Капитал билдинг ЛТД” компаниясы менен биргеликте аткарууда.

, #Дүйнөлүкбанк, #Ысыкколоблусу, #Сыдыкбеков, #жаңымектеп, #балдардынкелечеги

11/08/2026

Жаңы окуу жылы жакындап калды. ERIK долбоорунун алкагында жаңы мектеп курулуп же реконструкцияланып жаткан айрым мектептердин окуучулары убактылуу башка мектептерде же окуу үчүн атайын даярдалган жайларда билим алышат.

ERIK долбоору үчүн эң башкысы — курулуш иштери жүрүп жаткан учурда окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы жана окуучулар коопсуздукта билим алуусу керек.

Ошондуктан, курулуш иштери жургузулуп жаткан кезде убактылуу жайлар камсыздалышы керек, ошондуктан жайгаштыруу планы даярдалып чыгат. Бул план мектеп администрациясы, ата-энелер, райондук билим берүү бөлүмү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыгып, кызыккан тараптар менен талкуулоо жургузулуп жана макулдашылат.

План макулдашып, убактылуу жайлар даярдалгандан кийин, мектепти куруу же реконструкциялоо иштери башталат.

Убактылуу окуу жайларын тандоодо төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулат:
- балдардын коопсуздугу;
- окуу процессин толук кандуу уюштуруусу;
- санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы;
- окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттары.

ERIK долбоору үчүн жаңы мектептерди куруу гана эмес, курулуш мезгилинде да ар бир баланын коопсуз жана сапаттуу билим алуусун камсыз кылуу маанилүү.

Урматтуу мектеп директорлору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! Окуучуларды убактылуу жайгаштыруу планын өз убагында макулдашып берүүгө чакырабыз. Анткени дал ушул документ курулуш иштерин өз мөөнөтүндө баштоого, ал эми балдардын билим алуу процессин үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берет.

, #дүйнөлүкбанк, #жаңымектептер, #реконструкция, #жайгаштыруурлан, #перемещение, #балдардынкелечеги

ERIK долбоорунун алкагында жаңы курулуп жаткан мектептер тууралуу баяндамабызды улантабыз.Бул жолу Баткен облусунун Када...
10/08/2026

ERIK долбоорунун алкагында жаңы курулуп жаткан мектептер тууралуу баяндамабызды улантабыз.

Бул жолу Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Тал айылындагы №55 «Достук» мектеби менен тааныштырабыз.

Мектептин аталышы жөн жерден тандалган эмес. Көк-Тал айылында көп жылдан бери ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта, бири-бирин урматтап жашап келишет. Бул мектептин аталышы айылдагы адамдардын бири-бирин урматтап, ынтымакта жашаганын чагылдырат.

Буга чейинки мектеп ар кайсы мезгилде курулган үч өзүнчө бир кабаттуу имараттан турат. Бул мектептен көптөгөн муундар билим алып, турмуш жолуна аттанышкан. Бүгүн болсо анын тарыхында жаңы барак ачылып, заман талабына жооп берген жаңы мектептин курулушу башталды.

Пландалгандай, келерки жылы бул жерде 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп эшигин ачат. Анда жарык жана кенен окуу кабинеттеринен тышкары спорт залы, концерт залы, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, ошондой эле кол эмгек, физика жана химия боюнча заманбап жабдылган кабинеттери болот.

Мындан сырткары, мектепте ички дааратканалар, желдетүү системасы, саркынды сууларды тазалоочу заманбап курулмалар, резервдик электр генератору орнотулат. Ар бир бала үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында пандус жана лифт да каралган.

«Достук» мектеби мындан ары да ар улуттун балдарын бириктирип, алар билим алып гана тим болбостон, бири-бирин урматтоого, достошууга жана келечекти чогуу курууга дем берген билим уясы болот деп ишенебиз. Анткени чыныгы достук дал ушундай мектептен башталат.

10/08/2026

Биз ERIK долбоорунун алкагында балдар үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу мектептерди курууга жана жаңылоого күн сайын салым кошуп жаткан адистер менен тааныштырууну улантабыз.

Бул жолу сиздерге техникалык көзөмөл боюнча инженер Нурлан Маматов тууралуу айтып беребиз.

Ар бир жаңы мектептин артында курулуштун ар бир этабынын сапатын көзөмөлдөгөн адистер турат. Алар аткарылып жаткан иштердин долбоорго жана курулуш талаптарына ылайык жүргүзүлүшүнө күн сайын көз салып турушат. Мындай жоопкерчиликтүү ишти көп жылдан бери Нурлан Маматов аткарып келет.

Өткөн жылы анын көзөмөлүнүн астында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылында жайгашкан №125 мектептин курулушу ийгиликтүү аяктаган. Бүгүнкү күндө ал Кара-Суу районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектепти реконструкция иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүп жатат.

Нурлан мырзанын курулуш тармагын тандашы да жөн жерден эмес. Ал куруучулардын үй-бүлөсүндө чоңойгон. Ата-энеси өмүрүн курулуш тармагына арнаса, атасы көп жылдар бою Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын бышчысы болуп эмгектенген.

Ошондуктан Нурлан мырза курулуштун түйшүгүн да, жоопкерчилигин да бала кезинен жакшы билет.

Ал мастер, прораб жана техникалык көзөмөл боюнча инженер болуп эмгектенип, көптөгөн социалдык жана жеке курулуш объектилеринде тажрыйба топтогон. Нурлан Маматовдун ишиндеги башкы принциптер — жоопкерчилик, чынчылдык жана ишке кылдат мамиле.Анткени ар бир сапаттуу курулган имараттын артында адамдардын коопсуздугу жана ишеними турат.

Биз ERIK долбоорунун командасында мектеп курууну жөн гана кесип эмес, балдардын келечеги үчүн чоң жоопкерчилик деп билген адистер иштеп жатканына сыймыктанабыз.

Address

пр. Манаса 101/1
Bishkek
720011

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312323837

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK:

Shortcuts

Share