07/09/2026
«Ала-Тоо Резортко» алып баруучу жол: курулуш иштери активдүү жүрүүдө
❄️ Каракол — Жыргалаң багытындагы жолдун курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул жол «Ала-Тоо Резортко» ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылат. Учурда жол кеңейтилип, тегизделип, айрым тилкелери бекемделип, келечектеги асфальт төшөө үчүн негиз даярдалууда. Зарыл болгон жерлерде ашыкча топурак алынып, жолдун деңгээлин тегиздөө үчүн кошумча топурак төгүлүүдө.
Оң тилкеде жолдун негизин даярдоо иштери башталды. Кийинки этапта бул негизге жол жабуусу төшөлөт. Муну менен катар жаан-чачын жана кардын эришинен пайда болгон сууларды өткөрүү боюнча иштер аткарылууда. Жолдун алдынан суунун эркин өтүшүн камсыз кылган жана жолдун бекемдигин сактоого шарт түзгөн атайын курулмалар курулууда. Жалпысынан мындай 19 курулма каралган. Алардын 7си толугу менен даяр, калгандарынын даярдыгы 30%дан 95%га чейин жетти.
Татаал тилкелерде тоо боорлорун бекемдеп, топурактын көчүп түшүшүн алдын алуучу темир-бетон дубалдар курулууда. Айрым тилкелерде бул иштердин аткарылышы 90%га жетти. Ошондой эле жол куруу аймагына туш келген инженердик коммуникациялар жайгаштырылууда. Атап айтканда, байланыш линиялары, электр энергиясын берүү линиялары жана суу түтүктөрү өткөрүлүүдө.
Курулуш иштерине 121 даана атайын техника тартылган. Алардын арасында экскаваторлор, жүк ташуучу унаалар, жол катоктору, бульдозерлер, автокрандар жана башка атайын техника бар.
Иштер жолдун бардык тилкелеринде жүргүзүлүүдө. Куруучулардын алдына иштин жогорку темпин сактап, жолдун курулушун этап-этабы менен аяктоо милдети коюлган.
➖➖➖➖➖
Дорога, ведущая к «Ала-Тоо Резорт»: строительство в активной фазе
❄️ На дороге по направлению Каракол — Жыргалан продолжаются активные строительные работы. Эта дорога обеспечит удобный доступ к горному кластеру «Ала-Тоо Резорт».
Сейчас строители расширяют и выравнивают дорогу, укрепляют участки, готовят основание для будущего асфальта. Там, где необходимо, убирают лишний грунт и, наоборот, подсыпают его для выравнивания дороги. На правой стороне уже началась подготовка основания, на которое в дальнейшем будет уложено дорожное покрытие.
Параллельно ведутся работы по отводу воды. Под дорогой строятся специальные сооружения, которые позволяют дождевой и талой воде свободно проходить и не разрушать дорожное полотно. Всего предусмотрено 19 таких сооружений. Семь из них уже полностью готовы, остальные находятся на разных стадиях строительства — от 30% до 95%. На сложных участках возводятся железобетонные стены, которые укрепляют склоны и защищают дорогу от осыпания грунта. На отдельных участках эти работы выполнены уже на 90%.
Также переносятся коммуникации, которые проходят в зоне строительства дороги. В частности, переносятся линии связи, линии электропередачи и водопровод. На строительстве задействована 121 единица специальной техники — экскаваторы, грузовые машины, дорожные катки, бульдозеры, автокраны и другая техника.
Работы продолжаются по всей протяженности участка. Строителям поставлена задача сохранять высокие темпы и поэтапно завершать строительство дороги.
📩 [email protected]
🌐 www.alatooresort.kg
#АлаТооРезорт