ГАГС и МСУ

ГАГС и МСУ Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from ГАГС и МСУ, Public & Government Service, пр. Чуй 122, Bishkek.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы

📌2026-жылдын 14-августунда Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун 📈📜мамлекеттик жанажергиликтүү өз алдынча башка...
14/08/2026

📌2026-жылдын 14-августунда Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун
📈📜мамлекеттик жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадр маселелери боюнча
ыйгарым укуктуу кызматкерлери үчүн мамлекеттик жарандык жана
муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу
маселелери боюнча окутуу иштерин
🏛️Агенттиктин
1-аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү✔️

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бою...
24/07/2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 1-аймактар аралык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышына мониторинг 2026-жылдын июль айында Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясында, Чым-Коргон, Чон-Кемин, Кызыл-Октябрь, Кичи-Кемин айыл өкмөттөрүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, кадрдык иштердин жүргүзүлүшү, конкурстук тандоолорду өткөрүү тартиби, кадрлар резервин түзүү жана жүргүзүү маселелери каралды.Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында тиешелүү маалымкаттар даярдалып, аныкталган кемчиликтерди жоюу, мыйзам талаптарынын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу жана мамлекеттик менен муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бою...
21/07/2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Агенттик) 1-аймактар аралык башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына, ошондой эле Агенттиктин тиешелүү буйругуна ылайык, үчүнчү топ – айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялаган.
Конкурстун алкагында компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер менен аңгемелешүү этабы өткөрүлдү.
Аңгемелешүү этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Агенттиктин 2026-жылдын 15-июлундагы № 01-23/202 буйругунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду боюнча кадрлар резервине киргизилди.

▪️▪️▪️▪️▪️▪️▪️▪️▪️▪️

1-е межрегиональное управление Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики (далее – Управление) в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики от 1 августа 2025 года № 226 «О формировании и функционировании резерва кадров на отдельные политические государственные должности, политические и административные муниципальные должности», а также на основании соответствующего приказа Агентства объявило конкурс третьей группы: на замещение должностей главы айыл окмоту.
В рамках конкурса с кандидатами, успешно прошедшими компьютерное тестирование, был проведен этап собеседования.
Кандидаты, успешно прошедшие этап собеседования, на основании приказа Агентства от 15 июля 2026 года № 01-23/202 были включены в резерв кадров на должность главы айыл окмоту.

23-июнь - Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө жана Жергиликтүү өз алдынча башк...
24/06/2026

23-июнь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 – жылдыгына карата
спорттук иш чара.

2026-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында “23-июнь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө” жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 – жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Агенттик) 1 - аймактар аралык башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык), КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ысык-Көл облустук Дене-тарбия жана спорт башкармалыгы жана Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте спорттук иш-чара уюштурулду. Спорттук иш-чарага Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Спорттук иш-чаранын ачылышына Башкармалыктын жетекчиси Э.А.Акматалиев, башкы адис Э.Мокешова жана жетектөөчү адис Б.Абыкаев жана КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси катышты.
Таймашуу беш түрүндө өттү: футбол, волейбол, стол теннис, шахмат жана аркан тартыш.
Кичи футбол боюнча биринчи орунду Жети-Өгүз району, экинчи орунду Түп району, үчүнчү орунду Тоң району алышты.
Волейбол боюнча биринчи орунду Каракол шаары, экинчи орунду Тоң району, үчүнчү орунду Түп району алышты.
Стол теннис боюнча биринчи орунду Каракол шаары, экинчи орунду Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, үчүнчү орунду Тоң району утушка ээ болушту.
Шахмат түрүнөн биринчи орунду Тоң району, экинчи орунду Түп району жана үчүнчү орунду Ак-Суу району алышты.
Аркан тартыш боюнча биринчи орунду Тоң району, экинчи орунду Ак-Суу району, үчүнчү орунду Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк алышты.
Женишке ээ болгон командаларга кубок, медальдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Көчмө вымпел Түп районунун командасына салтанаттуу түрдө таппшырылды. Иш-чара өтүп атканда концерттик программа коштоп турду.
Жалпысынан 168 киши катышты.

2026-жылдын 9-июнунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында окутуу семина...
11/06/2026

2026-жылдын 9-июнунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында окутуу семинары уюштурулду. Аталган семинар Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын өтүнүчүнүн негизинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын актуалдуу маселелерин талкуулоо, мыйзамдардагы өзгөрүүлөр боюнча маалымат берүү, башкы, улук жана кенже кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервине кирүү шарттарын түшүндүрүү, электрондук арыздарды (заявкаларды) толтуруу, жарыяларды туура даярдоо жана жарыялоо, кызматкерлерди баалоо системасы боюнча маалымат алмашуу максатында өткөрүлдү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 1-аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Э.А. Акматалиев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси А.Т. Турдубеков жана башкармалыктын жооптуу кызматкерлери катышышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга кеңири маалыматтар берилип, көтөрүлгөн суроолор боюнча толук түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү учурдагы талаптар, санариптик инструменттерди колдонуу жана кадрдык процесстерди уюштуруунун практикалык аспектилери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бою...
03/06/2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 1-аймактар аралык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы №85 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мониторинг жүргүзүүнүн тартибине ылайык 2026-жылдын май айында өткөрүлдү.
Мониторингдин алкагында Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясында, Нарзан, Төрт-Гүл, Төлөк, Миң-Булак жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүндө, Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында, Акназаров, Бакай-Ата, Биримдик жана Күмүштак айыл өкмөттөрүндө, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгында, Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында, Балыкчы шаарынын мэриясында, Балыкчы шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, кадрдык иштердин жүргүзүлүшү, конкурстук тандоолорду өткөрүү тартиби, кадрлар резервин түзүү жана жүргүзүү маселелери каралды.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында тиешелүү маалымкаттар даярдалып, аныкталган кемчиликтерди жоюу, мыйзам талаптарынын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу жана мамлекеттик менен муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.
1-аймактар аралык башкармалык тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыздоо, кадрдык саясатты өркүндөтүү жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бою...
26/05/2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Агенттик) 1-аймактар аралык башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына, ошондой эле Агенттиктин тиешелүү буйругуна ылайык, үчүнчү топ – айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялаган.
Конкурстун алкагында компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер менен аңгемелешүү этабы өткөрүлдү.
Аңгемелешүү этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Агенттиктин 2026-жылдын 19-майындагы № 01-25/135 буйругунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду боюнча кадрлар резервине киргизилди.

▪️▪️▪️▪️▪️▪️▪️▪️▪️▪️

1-е межрегиональное управление Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики (далее – Управление) в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики от 1 августа 2025 года № 226 «О формировании и функционировании резерва кадров на отдельные политические государственные должности, политические и административные муниципальные должности», а также на основании соответствующего приказа Агентства объявило конкурс третьей группы: на замещение должностей главы айыл окмоту.
В рамках конкурса с кандидатами, успешно прошедшими компьютерное тестирование, был проведен этап собеседования.
Кандидаты, успешно прошедшие этап собеседования, на основании приказа Агентства от 19 мая 2026 года № 01-25/135 были включены в резерв кадров на должность главы айыл окмоту.

Агенттиктин санариптик өнүктүрүү бөлүмү Түндүк аймактараралык башкармалыгы менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башка...
08/04/2026

Агенттиктин санариптик өнүктүрүү бөлүмү Түндүк аймактар
аралык башкармалыгы менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Санарип
аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасынын модулдары боюнча
окутуу иштерин жүргүзүү максатында,
Чүй облусунун Сокулук районун Сокулук айыл өкмөтүндө жана Шопоков
шаардык мэриясында “Санарип аймак” автоматташтырылган
маалыматтык системасына маалыматтарды толук, так жана өз убагында
киргизүүнү камсыз кылуу боюнча жеринде методикалык жана практикалык
көмөк көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 22 Жарлыгы менен   бекитилген Кыргыз Республикасынын м...
21/01/2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 22 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасын аткаруу максатында, жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/446 буйругуна ылайык, 2026-жылдын 20-21-январь күндөрү:
•Кайыңды шаардык мэриясынын,
•Кемин шаардык мэриясынын,
•Токмок шаардык мэриясынын,
•Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын,
•Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын,
•Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын, •Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын, •Москва райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө баалоо жүргүзүлдү.
Баалоонун жүрүшүндө кадрдык саясатты жүргүзүү, документ жүгүртүү, кызматтык тартипти сактоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын принциптерин аткаруу, ошондой эле кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу боюнча маселелер комплекстүү түрдө каралды.
Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн баалоонун материалдары белгиленген тартипте Баалоо комиссиясына сунушталат.
Бул иш-чара мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун арттырууга жана мыйзамдардын талаптарын так сактоого багытталган.
Ушул эле баалоо Чуй облусунун башка райондорунда дагы жургузулот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 22 Жарлыгы менен   бекитилген Кыргыз Республикасынын м...
13/01/2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 22 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасын аткаруу максатында, жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/446 буйругуна ылайык, 2026-жылдын 12–13-январь күндөрү Нарын шаарынын мэриясынын, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Бакай-Ата райондук мамлекеттик админитсрациясынын жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик админитсрациясынын аппарат жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө баалоо жүргүзүлдү.
Баалоо Түндүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан жүргүзүлүп, анын курамына тиешелүү адистер жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын,Талас жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү кирди.
Баалоонун жүрүшүндө кадрдык саясатты жүргүзүү, документ жүгүртүү, кызматтык тартипти сактоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын принциптерин аткаруу, ошондой эле кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу боюнча маселелер комплекстүү түрдө каралды.
Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн баалоонун материалдары белгиленген тартипте Баалоо комиссиясына сунушталат.
Бул иш-чара мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун арттырууга жана мыйзамдардын талаптарын так сактоого багытталган.

Address

пр. Чуй 122
Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ГАГС и МСУ posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share