21/08/2026
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын 2026-жылдын 9-апрелиндеги №23-ОД сандуу буйругунун негизинде Өзгөн районуна караштуу КЖДПнын (Куршаб жалпы дарыгерлер практикалык борбору) карамагындагы имараттарда өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактыларын жоюу боюнча аткарууга милдеттүү текшерүү акт жана эскертме берилген.
Берилген акт жана эскертменин талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында 2026-жылдын 18–19-август күндөрү контролдук текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү кемчиликтер аныкталды: имараттар өрт өчүрүү шаймандары менен толук камсыздалган эмес, суу сактоочу көлмөдөгү суунун көлөмү талапка ылайык толук камсыздалган эмес, имараттын чатырында күйүүчү жана жараксыз материалдар сакталган, ошондой эле электр жарык берүүчү лампочкалар плафондор менен камсыздалган эмес.
Аныкталган өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин негизинде протокол түзүлдү.
Ошондой эле медицина кызматкерлерине өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин улантуу менен контролдук иштер күчөтүлөт.