Национальный Центр Охраны Материнства и Детства

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Национальный Центр Охраны Материнства и Детства
Website

Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства Национальный центр охраны материнства и детства

Материнство и детство

#

Национальный центр охраны материнства и детства ведет свое начало с августа 1961 года, он был открыт в соответствии со специальным Постановлением ЦК Компартии и Совета Министров Киргизской ССР «О создании материально-технической базы больнично-поликлинических учреждений, родильных домов и детских больниц» (№257-5/2-Б от 13.04.1960 г.).
В 1974 году институт был переименован в Киргизский научно-исследовательский институт акушерства и педиатрии (Постановление Совета Министров республики №559 от 25.12.1974 г.), в статусе которого его деятельность продолжалась до 2004 года.
В апреле 2004 года в рамках реструктуризации стационарных учреждений здравоохранения был создан Национальный центр педиатрии и детской хирургии, при этом был объединен научный и кадровый потенциал двух крупнейших медицинских подразделений республики – НИИАиП и РДКБ. Акушерский отдел был передан в состав Национального Госпиталя.
Нынешний статус Национального центра охраны материнства и детства утвержден Постановлением Правительства №501 от 23 октября 2007 года и последующим приказом Министерства здравоохранения КР №378 от 31 октября 2007 года и в редакции постановления Кабинета Министров КР от 31 декабря 2021 года № 362, при этом проблемы акушерства были вновь введены в состав единого для материнства и детства Центра.
С самого начала организации Центра на него были возложены функции головного учреждения по проблемам охраны материнства и детства в Кыргызской Республике. За прошедшие годы Центр превратился в один из крупных научно-исследовательских, организационно-методических и лечебно-консультативных учреждений Республики, получавших признание в своё время в бывшем СССР, а сегодня – в большинстве стран СНГ, с которыми поддерживает тесные профессиональные связи.

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУАКУЩЕРДИК ЖАНА ПЕРИНАТОЛОГИЯ  БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮҮДӨ.​Бүгүн Улуттук эне...
09/10/2026

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ

АКУЩЕРДИК ЖАНА ПЕРИНАТОЛОГИЯ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮҮДӨ.

​Бүгүн Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун конференция залында Акушердик жана перинатология боюнча эл аралык сателлиттик симпозиум (OMI SATELLITE SYMPOSIUM 2026) өз ишин баштады.
​Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЭжБКУБ, Вена медициналык университети жана Ачык Медицина институту (Open Medical Institute) тарабынан биргеликте уюштурулууда. Симпозиумда Вена медициналык университетинин белгилүү профессору, MD, PhD, MPH Алекс Фарр , ошондой эле ЭжБКУБнун ушул багыттагы илимий кызматкерлери баяндама жасашты.
​Симпозиумдун жүрүшүндө энелик менен балалыкты коргоо жаатындагы эң актуалдуу маселелер :
- Кош бойлуулуктагы сапаттуу медициналык байкоо жана оор кесепеттердин алдын алуу жолдору;
•Мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн (гестациялык курагы 28 жумага жетпеген) ымыркайларды багуу, татаалдашууларды азайтуу боюнча заманбап европалык сунуштамалар;

-Кыргызстандагы перинаталдык жардамдын жетишкендиктери жана акушердик татаал синдромдорду чечүүнүн заманбап ыкмалары;
• Түйүлдүктүн терапиясы жана клиникалык практикадагы жаңы тажрыйбалар талкууланып жатат.
​Иш-чаранын экинчи күнү 10- октябрда Перинаталдык борбордо улантылып, анда жергиликтүү адистер үчүн практикалык мастер-класстар, тажрыйба алмашуулар жана интерактивдүү дискуссиялар өткөрүлөт. Симпозиумдун соңунда катышуучуларга эл аралык деңгээлдеги сертификаттар тапшырылат.
​Бул сыяктуу эл аралык тажрыйба алмашуулар өлкөбүздөгү энелер менен балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга чоң салымын кошот.

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ.ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КЫЗМАТТАШТЫК: ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫН ДЕН СООЛУГУН КОРГООДОГУ ЖАҢЫ  МҮМ...
09/10/2026

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ.

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КЫЗМАТТАШТЫК: ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫН ДЕН СООЛУГУН КОРГООДОГУ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

2026-жылдын 9-октябрында Казакстандын Астана шаарында эне жана баланын ден соолугун коргоого арналган Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биринчи эл аралык форуму өтүүдө. Форумдун уюштуруучусу — MINDRAY компаниясы.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун (ЭжБКУБнун) дарыгерлери да катышууда. Алар акушердик, гинекология, педиатрия, балдар хирургиясы жана онкология багыттары боюнча баяндамаларды жасашат.
Форумдун катышуучуларынын арасында белгилүү казакстандык кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги жана Казакстандын Эмгек Баатыры Юрий Владимирович Пя да бар.
Мындай эл аралык илимий аянтчалар медициналык адистердин тажрыйба алмашуусуна, кесиптик байланыштарды чыңдоого жана эне менен баланын ден соолугун коргоо жаатындагы заманбап жетишкендиктерди талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
ЭжБКУБнун дарыгерлеринин эл аралык форумга катышуусу медициналык кызматташууну өнүктүрүүгө, илимий-практикалык тажрыйбаны байытууга жана эне менен баланын саламаттыгын сактоо багытындагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө шарт түзөт.

Коллектив Национального центра охраны материнства и детства поздравляет коллег с заслуженной наградой и желает дальнейши...
07/10/2026

Коллектив Национального центра охраны материнства и детства поздравляет коллег с заслуженной наградой и желает дальнейших профессиональных и научных успехов, новых достижений и плодотворной деятельности на благо системы здравоохранения Кыргызской Республики.

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ Илимий-практикалык конференция.Бүгүн, 7-октябрда, Улуттук эне жана баланы коргоо ...
07/10/2026

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ

Илимий-практикалык конференция.

Бүгүн, 7-октябрда, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун конференц-залында «Эрте курактагы балдарга медициналык жардам көрсөтүүгө мультидисциплинардык мамиле» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын жүрүшүндө эрте курактагы балдардын ден соолугуна байланышкан актуалдуу маселелер, заманбап диагностика жана медициналык жардам көрсөтүүнүн комплекстүү ыкмалары талкууланды.
Ошондой эле
конференцияда балдардын туура жана рационалдуу тамактанышына өзгөчө көңүл бурулуп, органикалык балдар азыктары тууралуу да маалымат берилди.Алардын катарында 125 жылдан ашуун тарыхы бар, HIPP компаниясынын балдар тамак - азыктары белгиленип, продукцияларды даярдоодо сапаттуу , табийгый жана чийки заттарды колдонууга басым жасалаары айтылды
Иш- чара Россия Федерациясынан келген белгилүү адистердин профессор, медицина илимдеринин доктору, балдар аллерголог-иммунологу Андрей Петрович Продеус жана балдар нейропсихологу Марина Ивановна Львованын катышуусунда өттү..
А. П. Продеус «Микробиота — адамдын жаңы органы. Дарыгер эмнени билиши керек?» деген аталышта, ал эми М. И. Львова «Балдардагы когнитивдик бузулуулардын эпидемиясы» деген темаларда баяндама жасашты.
Конференциянын максаты — адистер арасында тажрыйба алмашуу, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн заманбап ыкмаларын жайылтуу.
Программада ошондой эле белектерди ойнотуу, адистер менен эркин форматта пикир алмашуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ Борбордо заманбап диагностикалык жабдуу — NewTom конус нурлуу компьютердик томогр...
07/10/2026

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ

Борбордо заманбап диагностикалык жабдуу — NewTom конус нурлуу компьютердик томографы.
Медициналык борбордун базасында заманбап диагностикалык жабдуу — Италияда өндүрүлгөн NewTom конус-нурлуу компьютердик томографы (CBCT) иштей баштады.
Жаңы жабдуу баш аймагын жогорку тактыкта изилдөөгө, алынган маалыматтарды үч өлчөмдүү форматта кайра иштетип, изилденип жаткан аймактын деталдуу сүрөтүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жабдуу дарыгерге патологиялык өзгөрүүлөрдүн жайгашкан жерин жана өзгөчөлүктөрүн кеңири баалоого жардам берет.
Аппараттын мүмкүнчүлүктөрү баш аймагындагы ооруларды диагностикалоого байланыштуу бир нече адистештирилген багыттар үчүн пайдалуу. Аны бет-жаак хирургиясы, нейрохирургия, оториноларингология (ЛОР), офтальмология жана башка тиешелүү бөлүмдөрдүн адистери бейтаптардын дартын туура аныктоодо колдоно алышат.
Буга чейин мындай изилдөөдөн өтүү үчүн бейтаптар башка медициналык мекемелерге жолдомо менен барып, текшерүүдөн өтүп келишсе, эми заманбап жабдуунун борбордун аймагында жайгашуусу зарыл учурда диагностикалык кызматты бейтаптар үчүн кыйла жеткиликтүү кылат.
Аппарат ОсОО «X-Ray» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде медициналык борбордун аймагында иштеп, бейтаптарга күнү-түнү, дем алышсыз кызмат көрсөтөт. Компаниянын адистери диагностикалык кызматты жүргүзүү менен бирге жабдуунун техникалык абалына жана тейлөөсүнө да жооп беришет.
Ошентип, жеке компания менен кызматташуу аркылуу борбордун аймагында заманбап диагностикалык мүмкүнчүлүктүн түзүлүшү бейтаптардын башка жактарга барып убара болбостон, зарыл учурда керектүү изилдөөдөн өз убагында өтүшүнө шарт түзөт.

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда медицина илиминин абалы жана келечеги т...
02/10/2026

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда медицина илиминин абалы жана келечеги талкууланды.

​2026-жылдын 2-октябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун конференц-залында Илимий-техникалык кеңештин маанилүү отуруму болуп өттү.
​ Жыйындын башкы максаты - өлкөбүздөгү энелик менен балалыкты коргоо тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, илимий багыттарды бекитүү, медициналык кызмат көрсөтүүнү далилдүү медицина, заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүн практикага киргизүү маселеси болду.

​ Кыргыз медицинасына кандай жаңылыктар жана өзгөрүүлөр кирип жаткандыгы айтылып,
​күн тартибинде талкууланган ар бир тема мамлекеттик деңгээлдеги саламаттыкты сактоо маселелерине жаңыча мамиле жасоону көздөгөндүгү белгиленди.
​Медициналык изилдөөлөрдү башкаруунун заманбап модели:
Борбордо изилдөөлөрдүн сапатын жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында «Илимий изилдөөлөр менеджменти бөлүмү жөнүндө жобонун» долбоору каралды. Бул ар бир илимий эмгектин реалдуу медициналык практикада жыйынтык беришин камсыздайт.
​Балдар онкологиясындагы революциялык диагностика жана дарылоо:
С.А. Стамбеков тарабынан сунушталган илимий эмгек Кыргызстандагы балдар арасындагы шишик (солиддик) ооруларын эрте аныктоо (клинико-эпидемиологиялык диагностика) жана программалык дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууну көздөйт. Бул - оор дарттан жабыркаган балдарыбыздын өмүрүн сактап калууга жасалган чоң кадам.
​Өспүрүмдөрдүн саламаттыгы жана кооптуу факторлор:
А.Б. Джетибаеванын изилдөөсү өлкөбүздөгү балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугунун калыптанышына, алардын жүрүм-турумундагы жана айлана-чөйрөдөгү коркунучтуу факторлорду алдын алууга багытталган. Бул сергек муунду тарбиялоонун илимий пайдубалы болот.
​Кыз балдардын репродуктивдүү саламаттыгын коргоо:
Айпери Таалайбек кызынын эмгеги өспүрүм кыздар арасындагы бойго бүтүүнү алдын алуу жана алардын репродуктивдүү саламаттыгын коргоонун дарылоо-профилактикалык технологияларын өркүндөтүүгө арналган. Бул келечектеги энелердин ден соолугун алдын ала коргоого шарт түзөт.
​Аялдардын фертилдүүлүгү жана Д витамини:
Т.Н. Муратовдун темасы аялдардын тукумсуздук жана фертилдүүлүк көйгөйлөрүн Д витамининин тартыштыгы менен байланыштырып, аны калыбына келтирүү аркылуу дарылоонун жаңы жолдорун сунуштайт.
​Балдардагы кант диабети жана калкан сымал бези:
Н.К. Жунушалиеванын изилдөөсү I типтеги кант диабети бар балдардагы аутоиммундук тиреоидитти жана метаболикалык өзгөчөлүктөрдү заманбап деңгээлде дарылоо маселесин талдоого багытталган. Ошондой эле жыйында окумуштуулар жамааты алардын
​ көз карашы жана андагы айтылган маселелер ,
​Эне жана баланы коргоо улуттук борбору илимий ачылыштарды жана теорияны кагаз бетинде калтырбай, түздөн-түз бейтаптарды дарылоого киргизүүнү башкы приоритет деп биле тургандыгын баса белгилешти.
​Бүгүнкү кеңеште каралган илимий эмгектер - жөн гана академикалык изилдөөлөр эмес, ар бир аялдын жана ар бир баланын ден соолугу үчүн күрөшкөн заманбап кыргыз медицинасынын жаңы баракчасы!
Илимий- техникалык Кеңештин алкагында КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин кандидаты, улуу илимий кызматкер Джетыбаева Айна Бапаевнага Улуттук Жогорку аттестациялык комиссиясынын ага илимий кызматкер -- окумуштуу наамы ыйгарылды. Джетыбаева Айна Бапаевнаны борбордун жетекчилиги жана жалпы жамааты окумуштуу наамы менен куттуктайт. Мындан ары да ийгиликтер коштосун.
​Илимге салым кошуп жаткан бардык окумуштууларыбызга жана илимий жетекчилерге ийгилик каалайбыз!

Почему у детей в Кыргызстане возникает дефицит витамина D? Объяснение педиатраБольшое количество солнечных дней в Кыргыз...
01/10/2026

Почему у детей в Кыргызстане возникает дефицит витамина D? Объяснение педиатра
Большое количество солнечных дней в Кыргызстане не исключает дефицита витамина D у детей. Об этом рассказал президент общественного объединения «Союз детских врачей КР», профессор НЦОМиД Шайирбек Сулайманов.
По его словам, на обеспеченность витамином D влияют сезон, загрязнение воздуха и образ жизни. Осенью и зимой условия для его образования в коже ухудшаются. В холодное время дети большую часть тела закрывают одеждой, а в городах дополнительным фактором становится смог.
Особое внимание, по мнению специалиста, необходимо уделять подросткам 11-17 лет. Сулайманов сообщил, что, по его наблюдениям, дефицит или недостаточность витамина D могут встречаться у до 90% подростков в Кыргызстане. Девочки, по его словам, сталкиваются с этой проблемой чаще мальчиков.
В подростковом возрасте происходит интенсивный рост и формируется костная масса. Сулайманов объяснил, что витамин D помогает усваивать кальций, необходимый для минерализации костей.
Также специалист рассказал о факторах, которые могут мешать усвоению и обмену витамина D. Среди них — нарушения всасывания в кишечнике, заболевания печени и почек, прием отдельных лекарств. Особого внимания требуют дети, получающие системные глюкокортикостероиды.
Сулайманов предостерег родителей от самостоятельного назначения высоких доз витамина D. Выбор препарата и дозировки необходимо согласовывать с врачом.
Для здоровья костей он рекомендовал сочетать физическую активность, полноценное питание и профилактику, подобранную вместе с педиатром.

«Мы должны видеть реальную картину, а не бороться с последствиями»: Айна Джетыбаева о том, как международное исследовани...
28/09/2026

«Мы должны видеть реальную картину, а не бороться с последствиями»: Айна Джетыбаева о том, как международное исследование HBSC меняет подход к здоровью подростков в Кыргызстане.
Здоровье подрастающего поколения - это не просто отсутствие болезней, а сложная мозаика, состоящая из привычек, окружения, психологического климата и образа жизни.
Как вовремя заметить скрытые угрозы и научно обосновать систему защиты наших детей? Об этом мы беседуем с известным педиатром, заслуженным врачом КР, кандидатом медицинских наук, директором Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) Айной Бапаевной Джетыбаевой.
Что такое HBSC и почему это важно для каждой семьи в КР?
- Айна Бапаевна, название исследования звучит очень академично. Как объяснить его простыми словами обычным родителям?
- Всё очень просто: исследование HBSC - «Поведение детей школьного возраста в отношении здоровья» - это своеобразное «зеркало», в которое мы, врачи, педагоги и родители, должны посмотреть, чтобы узнать правду о наших детях. Это крупнейший международный проект под эгидой Всемирной организации здравоохранения (ВОЗ), который каждые 4 года анонимно опрашивает подростков 11, 13 и 15 лет в полусотне стран мира.
Кыргызстан официально вошел в эту глобальную сеть благодаря успешным пилотным шагам, проведен 1 раунд «Исследования поведения детей школьного возраста в отношении здоровья, HBSC»и теперь мы проводим полноценный национальный мониторинг. Мы не просто измеряем рост и вес ребенка в кабинете врача. Мы изучаем, как подросток живет, что он чувствует и почему поступает так или иначе. Что они едят? Каковы их физические нагрузки? Сталкиваются ли они с буллингом в школе или давлением в соцсетях? Насколько они доверяют родителям? Программа HBSC связывает физическое здоровье с социальным поведением и психологическим благополучием.
Главные вызовы: от гаджетов до скрытого стресса.
- Как практикующий врач, какие скрытые угрозы в поведении современных подростков вы видите сегодня в Кыргызстане?
- Проблемы сильно изменились за последние годы. Традиционные подходы педиатрии часто не успевают за цифровизацией и переменами в обществе.
Цифровая зависимость и дефицит сна: Подростки проводят в телефонах колоссальное количество времени, жертвуя сном. Хронический недосып у детей 11-15 лет - это прямой путь к неврозам, снижению иммунитета и депрессивным состояниям.
Трансформация питания: Фастфуд, обилие энергетических напитков и газировок привели к тому, что детские гастроэнтерологи и эндокринологи фиксируют резкий рост ожирения, метаболического синдрома и ранних гастритов у школьников.
Психологическое одиночество: Внешне ребенок может быть сыт и одет, но данные показывают высокий уровень тревожности, связанный со школьными нагрузками, страхом перед будущим и буллингом.
Без глубокого научного мониторинга мы видим лишь «верхушку айсберга» - когда ребенок уже поступает к нам в больницу с развернутой патологией. Мониторинг на основе HBSC позволяет выявлять эти триггеры на ранней, доклинической стадии.
Научное обоснование: зачем собирать данные?
- Почему недостаточно просто опираться на обычную статистику поликлиник? Зачем нужно именно «научное обоснование системы мониторинга»?
- Статистика поликлиник фиксирует только те случаи, когда человек уже заболел и пришел к врачу. Но если подросток испытывает стресс, неправильно питается или имеет вредные привычки, он не идет в больницу. Научный мониторинг HBSC дает нам достоверные, стандартизированные данные, которые можно сравнивать с другими странами и анализировать в динамике.
Научное обоснование помогает государству принимать правильные решения. Не тратить огромные бюджетные средства на ликвидацию последствий (лечение запущенных хронических болезней), а вкладывать их в точечную профилактику. Если данные мониторинга показывают, например, критический уровень гиподинамии в регионах, значит, Минздрав и Минобразования должны совместно менять школьные программы, открывать спортивные секции и менять рацион в столовых. Это переход от «медицины лечения» к «медицине упреждения».
Роль НЦОМиД и Союза детских врачей КР.
- Какова роль ведущих медицинских институтов нашей страны в этом процессе?
- Национальный центр охраны материнства и детства и ОО «Союз детских врачей КР» выступают главными экспертными и клиническими площадками. Мы берем на себя задачу не просто собрать анкеты, а глубоко проанализировать их с медицинской точки зрения. Наши специалисты переводят сухие цифры опросов в практические клинические руководства для педиатров и семейных врачей по всей республике. Мы разрабатываем «маркеры настороженности» для учителей и родителей, помогая им вовремя заметить, что ребенку нужна помощь.
Послание к родителям.
- Что бы вы хотели сказать родителям, которые, возможно, скептически относятся к подобным анкетированиям в школах?
- Дорогие родители, не бойтесь этих исследований. Они полностью анонимны. Поймите: благополучие вашего ребенка зависит не только от оценок в дневнике. Порой за хорошей успеваемостью скрывается глубокий психологический кризис, а за увлечением гаджетами - попытка убежать от реальности. Программа HBSC помогает нам, взрослым, услышать голос самих детей. Результаты этого исследования - колоссальный шаг к тому, чтобы в Кыргызстане выросло здоровое, крепкое и счастливое поколение. Давайте помогать науке защищать наших детей!

Сотрудники НЦОМиД приняли участие во 2-й Научно Практической Конференции « Современный подход к выхаживанию недоношенных...
28/09/2026

Сотрудники НЦОМиД приняли участие во 2-й Научно Практической Конференции « Современный подход к выхаживанию недоношенных детей : Мультидисциплинарный подход», организованный МЗ РК, ОФ «Акушеров и Неонатологов» РК 24-25 сентября 2026г в г. Алма -Ата. Цель конференции — улучшение качества медицинской помощи новорождённым и недоношенным детям, снижение неонатальной смертности в Казахстане и Центральной Азии, а также развитие сотрудничества с международными и региональными лидерами. МЕЖДУНАРОДНЫЕ ЛЕКТОРЫ-
Мировой опыт в неонатологии-
Практические знания, исследования и современные клинические подходы от признанных. Омер Эрдеве- Профессор педиатрии и неонатологии, заведующий отделением неонатологии Медицинского факультета Ankara University (Турция); Самир Гупта
Профессор неонатологии и консультант-неонатолог University of Durham и South Tees Hospitals NHS Foundation Trustш ( ОАЭ ). Яссер Эльсайед -
Доцент кафедры педиатрии University of Manitoba, дипломированный специалист по неонатальной эхокардиографии, научный сотрудник Научно-исследовательского института Детской больницы Манитобы ( Канада). Рой К. Филип
профессор неонатологии Медицинской школы Университета Лимерика и врач-консультант по неонатологии Университетской больницы Лимерика (Великобритания). Обсуждены современные эффективные неонатальные технологии, проблемы, пути решения и интеграция в ежедневную практику по уходу за критическими и экстремально малыми новорожденными.

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ.БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУН САКТООДОГУ ИЛИМ, ТАЖРЫЙБА ЖАНА КЕСИПТҮҮЛҮКГастроэнтерологи...
25/09/2026

ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО УЛУТТУК БОРБОРУ.

БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУН САКТООДОГУ ИЛИМ, ТАЖРЫЙБА ЖАНА КЕСИПТҮҮЛҮК

Гастроэнтерология жана гепатология бөлүмү — Кыргыз Республикасында балдардын тамак сиңирүү системасынын оорулары боюнча адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү жалгыз профилдик бөлүм. Бөлүм ЭжБКУБнун илимий, окуу-методикалык жана клиникалык багыттарды айкалыштырган маанилүү түзүмдөрүнүн бири болуп саналат.
25 орунга ылайыкталган бөлүмдө жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарынан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген 700дөн ашык бала стационардык дарылануудан өтөт. Адистер кызыл өңгөч, ашказан жана он эки эли ичеги, боор жана өт баштыкчасы, уйку бези, ичеги оорулары, ошондой эле тамактануу бузулуулары менен жабыркаган балдарга диагностикалык жана дарылоочу жардам көрсөтүшөт.
Бөлүмдө заманбап жогорку технологиялык диагностикалык жана дарылоо ыкмалары колдонулат. Мында ар бир баланын жаш өзгөчөлүгүнө жана оорунун мүнөзүнө жараша жекече мамиле жасоого өзгөчө көңүл бурулат.
Бөлүмдүн ишмердиги клиникалык практика менен гана чектелбейт. Ал студенттерди, клиникалык ординаторлорду жана дарыгерлерди даярдоонун базалык мекемеси катары да иш алып барат. Көп жылдык илимий ишмердиктин жыйынтыгында бул жерде 1 медицина илимдеринин доктору жана 3 медицина илимдеринин кандидаты даярдалган. Учурда дагы 1 докторлук жана 2 кандидаттык диссертациянын үстүндө илимий иштер жүргүзүлүүдө.
Гастроэнтерология жана гепатология бөлүмүндө балдардагы гастроэнтерологиялык оорулардын пайда болуу себептери, өнүгүү механизмдери, диагностикалоо жана дарылоо ыкмаларын өркүндөтүү багытында илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн клиникалык колдонмолорун, протоколдорун жана сунуштамаларын иштеп чыгууга катышат.
Бөлүмдүн адистери саламаттык сактоо уюмдарына уюштуруучулук-усулдук жардам көрсөтүп, тамак сиңирүү органдарынын оорулары бар балдарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга багытталган иштерди жүргүзүшөт.
Социалдык жактан аялуу балдарды балдар үйлөрүндө, интернаттарда жана майыптыгы бар балдар мекемелеринде медициналык кароодон өткөрүү, ошондой эле экологиялык жактан жагымсыз аймактарда жашаган мектеп окуучуларына профилактикалык кароо жүргүзүү да ушул багыттагы маанилүү иштердин катарына кирет.
Бөлүмдүн жамаатынын кесиптик дарамети да жогору. Бул жерде жогорку жана биринчи категориядагы тажрыйбалуу адистер менен катар кесиптик жолун жаңы баштаган жаш дарыгерлер жана медайымдар эмгектенишет. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосунун отличниги төш белгисинин ээси, 25 жылдык эмгек тажрыйбасы бар дарыгер Акматова Алтынай Салмоорбековна да бар. Бөлүмдүн бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланышкан.
Бөлүмдү 32 жылдык эмгек тажрыйбасы бар, жогорку категориядагы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врач Кожоназарова Гүлсара Кенжебаевна жетектейт.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Гастроэнтерология жана гепатология бөлүмү ЭжБКУБнун мыкты илимий бөлүмү деп таанылып, бөлүмдүн жетекчиси Кожоназарова Гүлсара Кенжебаевна мыкты илимий кызматкер деп бааланган.
Бүгүнкү күндө бөлүмдүн эмгек жамааты клиникалык жардамды, илимий изилдөөнү, медициналык билим берүүнү жана алдын алуу иштерин айкалыштырып, балдардын ден соолугун сактоого өз салымын кошуп келет. Бул — тажрыйба менен илим, кесипкөйлүк менен адамгерчилик айкалышкан эмгектин ачык көрүнүшү.
Элибиздин эң баалуу байлыгы болгон балдардын ден соолугуна кам көрүп, өмүрүн сактап, талыкпай жасап жаткан эмгегиңиздер үчүн ар дайым терең ыраазычылык айткыбыз келет урматтуу өмүр сакчылары

Address

Ахунбаева 190
Bishkek
72003

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00
Saturday 09:00 - 18:00
Sunday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Национальный Центр Охраны Материнства и Детства posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share