motrkr

motrkr Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from motrkr, Government Official, Bishkek.

📢ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ТООЛУУ РАЙОНДОРДО СЕЛ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН🛑2026-жылдын 22-августунан 25-августуна чейин күтүлүп жаткан нөшөр...
21/08/2026

📢ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ТООЛУУ РАЙОНДОРДО СЕЛ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН

🛑2026-жылдын 22-августунан 25-августуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.

📢Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды этият болууга, аба ырайынын өзгөрүшүнө көңүл бурууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

‼️8–11-АВГУСТ КҮНДӨРҮ ӨЛКӨНҮН ТООЛУУ АЙМАКТАРЫНДА СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР ‼️8-августан 11-августка чейин күтүлүп жаткан ...
07/08/2026

‼️8–11-АВГУСТ КҮНДӨРҮ ӨЛКӨНҮН ТООЛУУ АЙМАКТАРЫНДА СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР
 
‼️8-августан 11-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.
 
📢Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды этият болууга, аба ырайынын өзгөрүшүнө көңүл бурууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИНДЕ САНАРИПТИК РЕФОРМАЛАРГА САЛЫМ КОШКОН КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫТранспорт жана коммуникациялар минист...
28/07/2026

ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИНДЕ САНАРИПТИК РЕФОРМАЛАРГА САЛЫМ КОШКОН КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде транспорт тармагындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана эл аралык ташуулардагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө кошкон салымы үчүн министрликтин кызматкерлери жана өнөктөш мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

Сыйлыктар Кытай Эл Республикасына эл аралык автомобилдик ташууларга уруксат берүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек араларында транспорттук көзөмөл жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча ийгиликтүү ишке ашырылган демилгелерге, ошондой эле мамлекеттик башкарууда инновациялык чечимдерди киргизүүгө кошкон салымы үчүн тапшырылды.

Министрдин орун басары Бактылуу Момбеков сыйлык ээлерин куттуктап, алардын кесипкөйлүгү транспорт тармагын санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

📢21–25-ИЮЛЬ КҮНДӨРҮ ӨЛКӨНҮН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР🛑21-июлдан 25-июлга чейин өлкө аймагында күтүлүп ...
20/07/2026

📢21–25-ИЮЛЬ КҮНДӨРҮ ӨЛКӨНҮН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР

🛑21-июлдан 25-июлга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жана суу ташкыны жүрүү коркунучу бар.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

▪️Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

🔺КОРРУПЦИЯЛЫК КӨРҮНҮШТӨРДҮ БАЙКАСАҢЫЗ, КАБАРЛАҢЫЗ!🔰Ар бир курулган жол, ар бир көпүрө, ар бир мамлекеттик каражат – элди...
14/07/2026

🔺КОРРУПЦИЯЛЫК КӨРҮНҮШТӨРДҮ БАЙКАСАҢЫЗ, КАБАРЛАҢЫЗ!

🔰Ар бир курулган жол, ар бир көпүрө, ар бир мамлекеттик каражат – элдин ишеними.
Эгер жол куруу иштеринде, мамлекеттик сатып алууларда (тендерлерде), жүк же жүргүнчү ташуу тармагында, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу коррупциялык көрүнүштөрдү байкасаңыз же алар тууралуу маалыматыңыз болсо, кайдыгер болбоңуз!

📲 Сүрөттөгү QR-кодду сканерлеп, маалыматыңызды жөнөтүңүз.
🔺Сиздин маалыматыңыз мыйзамдуулукту, ачыктыкты жана ак ниеттүүлүктү камсыздоого, ошондой эле транспорт тармагында адилеттүү жана коопсуз келечекти курууга салым кошот.

Коррупцияга каршы бирге күрөшөлү!
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм

✅ Барскоон – Бедел унаа жолунун курулуш иштери текшерилди▪️Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев П...
10/07/2026

✅ Барскоон – Бедел унаа жолунун курулуш иштери текшерилди

▪️Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндөгү стратегиялык инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон Барскоон–Бедел автомобиль жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты.

▪️Иш сапардын жүрүшүндө жолдун негизги тилкелеринде жана туннелдерде аткарылып жаткан иштер каралып, подрядчы China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

▪️Өзгөчө туннелдердин курулушуна көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө №1 туннелде (Сөөк) негизги туннелди казуу иштери 75,8 метрден 365 метрге чейин, ал эми пилоттук туннелди (штольни) казуу 155,3 метрден 466,2 метрге чейин алдыга жылды. №2 туннелде (Ашуу-Суу) негизги туннелди казуу 19,2 метрден 270,2 метрге чейин, пилоттук туннелди казуу болсо 76,8 метрден 361,4 метрге чейин узартылды.

▪️Жалпы узундугу 161 чакырым болгон унаа жолдун бардык тилкелеринде курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Объектте 1 700дөн ашык жумушчу эмгектенип, 814 бирдик атайын техникалар тартылган.

▪️Подрядчы компанияга курулуш иштерин бекитилген графикке ылайык жогорку сапатта жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, коопсуздук талаптарын так сактоо жана бардык зарыл ресурстар менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

▪️Барскоон – Бедел унаа жолу Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүп, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, чек ара аймактарынын жана жалпы экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн стратегиялык маанидеги ири инфраструктуралык долбоор болуп саналат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

✅Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Барскоон – Бедел унаа жолунун курулуш иштери текшерилди▪️Транспорт жана ...
10/07/2026

✅Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Барскоон – Бедел унаа жолунун курулуш иштери текшерилди

▪️Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндөгү стратегиялык инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон Барскоон–Бедел автомобиль жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты.

▪️Иш сапардын жүрүшүндө жолдун негизги тилкелеринде жана тоннелдерде аткарылып жаткан иштер каралып, подрядчы China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

▪️Өзгөчө тоннелдердин курулушуна көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө №1 туннелде (Сөөк) негизги туннелди казуу иштери 75,8 метрден 365 метрге чейин, ал эми пилоттук туннелди (штольни) казуу 155,3 метрден 466,2 метрге чейин алдыга жылды. №2 туннелде (Ашуу-Суу) негизги туннелди казуу 19,2 метрден 270,2 метрге чейин, пилоттук туннелди казуу болсо 76,8 метрден 361,4 метрге чейин узартылды.

▪️Жалпы узундугу 161 чакырым болгон унаа жолдун бардык тилкелеринде курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Объектте 1 700дөн ашык жумушчу эмгектенип, 814 бирдик атайын техникалар тартылган.

▪️Подрядчы компанияга курулуш иштерин бекитилген графикке ылайык жогорку сапатта жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, коопсуздук талаптарын так сактоо жана бардык зарыл ресурстар менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

▪️Барскоон – Бедел унаа жолу Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүп, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, чек ара аймактарынын жана жалпы экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн стратегиялык маанидеги ири инфраструктуралык долбоор болуп саналат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

📢9-13-ИЮЛЬ КҮНДӨРҮ ӨЛКӨНҮН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР  ‼️9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын ...
09/07/2026

📢9-13-ИЮЛЬ КҮНДӨРҮ ӨЛКӨНҮН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР

‼️9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө.

⚠️Мындан улам айрым жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

⛔️Транспорт министрлиги жарандарды жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоого жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ТЕРЕК–ЧАТЫ–ТЕРЕК УНАА ЖОЛУНА БИР ТАРАПТУУ КАТТАМ БЕРИЛДИ. ТАЗАЛОО ИШТЕРИ УЛАНУУДА Бүгүн, 3-июлда Те...
03/07/2026

СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ТЕРЕК–ЧАТЫ–ТЕРЕК УНАА ЖОЛУНА БИР ТАРАПТУУ КАТТАМ БЕРИЛДИ. ТАЗАЛОО ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Бүгүн, 3-июлда Терек–Чаты–Терек автожолунун 5-чакырымга чейинки аралыгында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, бир тараптуу каттам менен камсыздалды. Азыркы тапта тазалоо иштери уланууда.

Ал эми Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарында сел түшкөн тилкелерде жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери уланып жатат.

Жолдорду тазалоо иштери №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ 2-июлда саат 16:30 чамасында Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 106–110-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында аталган тилкеде бир тараптуу каттам калыбына келтирилген.

Ошондой эле Терек–Чаты–Терек унаа жолунун 5-чакырымга чейинки тилкесинде да сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Кошумча маалымат берилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

🔰ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУНДА ТАШ КУЛАГАН ТИЛКЕДЕ ТАЗАЛОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ. ЖОЛ КАТТАМЫ АЧЫКБүгүн, эртең мене...
03/07/2026

🔰ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУНДА ТАШ КУЛАГАН ТИЛКЕДЕ ТАЗАЛОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ. ЖОЛ КАТТАМЫ АЧЫК

Бүгүн, эртең мененки саат 09:00 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 239–243-чакырым аралыгында тоо боорунан таштар кулады. Аталган тилкеде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, №24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалары ыкчам тартылды.

Учурда жолду таштардан
тазалоо иштери уланууда.
Жол каттамы ачык, унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Айдоочулардан бул тилкеде этият болуп, жол белгилерин жана тиешелүү кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоону өтүнөбүз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Address

Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when motrkr posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share