Энергетика министрлиги

Call Website Contact the organization

Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Фейсбуктагы аккаунту

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ведомствонун логотибин жана бирдиктүү фирмалык стилин иштеп чыктыБуга чейи...
06/10/2026

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ведомствонун логотибин жана бирдиктүү фирмалык стилин иштеп чыкты

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өзүнчө визуалдык стили болгон эмес жана маалыматтык материалдарды даярдоодо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби колдонулуп келген.

Жаңы логотип Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин адистери тарабынан үч тилде - кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштелип чыкты.
Логотиптин негизин Кыргызстандын энергетикасын жана жаратылыш потенциалын чагылдырган негизги символдор - тоолор, гидроэлектр станциясы, электр берүү линиялары жана улуттук оймо-чиймелер түзөт. Алар өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын, энергетикалык инфраструктуранын өнүгүшүн, энергетика тармагынын стратегиялык маанисин, ошондой эле улуттук маданият жана салттар менен болгон байланышын чагылдырат.

Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик органдарда өздөрүнүн логотиптери жана бирдиктүү визуалдык стандарттары колдонулат. Энергетика министрлигинде фирмалык стилдин киргизилиши визуалдык коммуникацияны системалуу түрдө уюштурууга, маалыматтык материалдардын бирдиктүү форматта даярдалышын камсыз кылууга жана министрликтин расмий маалыматтык ресурстарынын таанымалдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Иштелип чыккан фирмалык стиль министрликтин расмий платформаларында, маалыматтык материалдарда, презентацияларда, социалдык тармактардагы жарыяларда жана башка коммуникациялык материалдарда колдонулат.

Логотипти жана фирмалык стилдин материалдарын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий баракчасындагы «Министрлик жөнүндө» бөлүмүнөн жүктөп алууга болот:
https://egov.kg/ru/ministry/energo.

***

Министерство энергетики Кыргызской Республики разработало логотип и единый фирменный стиль ведомства.

До настоящего времени у Министерства энергетики КР не было отдельной визуальной идентичности, и в информационном оформлении использовался герб КР.

Новый логотип разработан специалистами Министерства энергетики Кыргызской Республики в трех языковых версиях — на кыргызском, русском и английском языках.

В его основе — ключевые символы энергетики и природного потенциала Кыргызстана: горы, гидроэлектростанция, линии электропередачи и национальные орнаменты. Они отражают гидроэнергетический потенциал страны, развитие энергетической инфраструктуры, стратегическую роль отрасли, а также связь с национальной культурой и традициями.

Сегодня собственные логотипы и единые визуальные стандарты используются многими государственными органами. Для Министерства энергетики внедрение фирменного стиля позволит системно выстроить визуальную коммуникацию, обеспечить единообразное оформление материалов и повысить узнаваемость официальных информационных ресурсов ведомства.

Разработанный фирменный стиль будет использоваться на официальных площадках, в информационных материалах, презентациях, публикациях в социальных сетях и других коммуникационных материалах.

Логотип и материалы фирменного стиля доступны для скачивания на официальной странице Министерства энергетики КР в разделе «О Министерстве»
https://egov.kg/ru/ministry/energo.

Энергетика министрлиги мамлекеттик катышуусу бар компаниялардын башкаруу органдарына талапкерлерди тандоо боюнча конкурс...
06/10/2026

Энергетика министрлиги мамлекеттик катышуусу бар компаниялардын башкаруу органдарына талапкерлерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги мамлекеттик акциялар пакети (катышуу үлүшү) бар чарба жүргүзүүчү коомдордун башкаруу органдарына мамлекеттик өкүлдөрдү дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Документтер 2026-жылдын 6-октябрынан 13-октябрына чейин кошо алганда кабыл алынат.

Толук маалымат менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий сайтынан таанышууга болот:

https://egov.kg/ru/ministry/energo

***
Министерство энергетики объявляет конкурс на отбор кандидатов в органы управления компаний с государственным участием

Министерство энергетики Кыргызской
Республики объявляет открытый конкурс по формированию резерва кадров для назначения государственных представителей в органы управления хозяйственных обществ с государственным пакетом акций (долей участия).
Документы принимаются с 6 октября до 13 октября 2026 года включительно.

Подробную информацию можно узнать на официальном сайте Министерства энергетики
Кыргызской Республики:

https://egov.kg/ru/ministry/energo

КР Энергетика министрлиги: Энергетиктер «Бишкек Арена» ачылыш аземин ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылышты5-ок...
06/10/2026

КР Энергетика министрлиги: Энергетиктер «Бишкек Арена» ачылыш аземин ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылышты

5-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда жаңы спорттук-маданий объект – «Бишкек Арена» комплексинин расмий ачылышы болуп өттү. Масштабдуу иш-чарага 65 миңге жакын көрүүчү катышты.

Объектти ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында энергетиктер тарабынан алдын ала бир катар техникалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого даярдык көрүү жана аны камсыз кылуу иштери Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбековдун жеке көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

***
Минэнерго КР: Энергетики обеспечили надежное электроснабжение открытия «Бишкек Арены»

5 октября в Бишкеке состоялось официальное открытие нового спортивно-культурного объекта «Бишкек Арена» с участием Президента Кыргызской Республики. Масштабное мероприятие собрало около 65 тысяч зрителей.

Для обеспечения надежного электроснабжения объекта энергетики заранее провели комплекс технических мероприятий. Подготовка и обеспечение бесперебойного энергоснабжения осуществлялись под личным контролем министра энергетики Кыргызской Республики Алтынбека Рысбекова.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков ИБР тобунун Аймактык хабынын жетекчиси менен энергетика тармагындагы кызматташтыкт...
05/10/2026

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков ИБР тобунун Аймактык хабынын жетекчиси менен энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана ИБР тобунун Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун келечеги талкууланды.

Тараптар Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө ИБР тобунун кошкон олуттуу салымын белгилешти. Анын ичинде CASA-1000 эл аралык долбоорун ишке ашыруу, «Тамга–Каракол» 220 кВ аба электр берүү линиясын куруу жана башка долбоорлор камтылат.

Жолугушууда кызматташуунун келечектүү багыттарына — гидроэлектр станцияларын, көмөкчордондорду жана электр берүү линияларын курууга, иштеп жаткан энергетикалык объектилерди модернизациялоого, ошондой эле заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

«Кыргызстан үчүн жетишилген өнөктөштүктүн деңгээлин сактоо менен гана чектелбестен, жаңы ири масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга өтүү маанилүү. Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын алдында жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, электр тармактык инфраструктураны өнүктүрүү, иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүү боюнча маанилүү милдеттер турат. Биз ИБР тобу менен кызматташтыкты улантууга кызыкдарбыз жана ушул багыттар боюнча биргелешкен ишти улантабыз деп ишенебиз», — деди Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков.

Өз кезегинде Хаммад Хундал ИБР тобу Кыргыз Республикасы менен өз ара кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

«Ислам өнүктүрүү банкынын тобу Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн кызматташтыкты жогору баалайт жана аны мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар. Биз келечектүү энергетикалык долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантууга жана Кыргызстандын заманбап жана туруктуу энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярбыз», — деди Хаммад Хундал.

Жолугушуунун жыйынтыгында энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган келечектүү долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантуу боюнча даярдык ырасталды.

***

Министр энергетики КР Алтынбек Рысбеков обсудил с Главой Регионального хаба Группы ИБР развитие сотрудничества

Министр энергетики Кыргызской Республики Алтынбек Рысбеков провёл встречу с Главой Регионального хаба Группы Исламского банка развития (ИБР) Хаммадом Хундалом.

В ходе встречи стороны обсудили перспективы расширения партнёрства и участия Группы ИБР в реализации проектов энергетического сектора Кыргызстана.

Было отмечено значительное участие Группы ИБР в реализации международного проекта CASA-1000, финансировании объектов энергетической инфраструктуры, включая строительство ВЛ 220 кВ «Тамга–Каракол», а также других проектов.

В рамках встречи рассмотрены перспективные направления сотрудничества, включая строительство гидроэлектростанций, подстанций и линий электропередачи, модернизацию действующих энергетических объектов, а также внедрение современных технологий и цифровых решений.

«Для Кыргызстана важно не только сохранять достигнутый уровень партнёрства, но и переходить к реализации новых масштабных проектов. Сегодня перед энергетическим сектором стоят задачи по строительству новых генерирующих мощностей, развитию сетевой инфраструктуры, модернизации действующих объектов и внедрению современных цифровых технологий. Мы заинтересованы в продолжении сотрудничества с Группой ИБР и рассчитываем на совместную работу по этим направлениям», — отметил министр энергетики КР Алтынбек Рысбеков.

В свою очередь, Хаммад Хундал отметил заинтересованность Группы ИБР в дальнейшем развитии сотрудничества с Кыргызской Республикой и реализации совместных энергетических проектов.

«Группа Исламского банка развития высоко оценивает сложившееся сотрудничество с Кыргызской Республикой и заинтересована в его дальнейшем расширении. Мы готовы продолжать совместную работу над перспективными энергетическими проектами и содействовать развитию современной и устойчивой энергетической инфраструктуры Кыргызстана», — отметил Хаммад Хундал.

По итогам встречи стороны подтвердили готовность продолжить совместную работу по перспективным направлениям, направленным на развитие энергетической инфраструктуры, повышение надёжности и эффективности энергетической системы Кыргызстана.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетика тармагынын ардагерлерин Карылар күнү менен куттуктадыКыргыз Рес...
01/10/2026

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетика тармагынын ардагерлерин Карылар күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбековдун куттуктоо сөзү:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын ардагерлери!

Сиздерди 1-октябрь, Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул өзгөчө күнү сиздерге терең урмат-сыйымды жана көп жылдык ак ниет эмгегиңиздер, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын түптөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн чын ыкластуу ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздердин көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиздер Кыргызстандын энергетика тармагынын түптөлүшүнүн жана өнүгүшүнүн маанилүү бөлүгү болуп калды. Сиздердин тажрыйбаңыздар, билимиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр менен энергетикалык объектилер курулуп, эмгек салттары бекемделип, тармактын мындан аркы өнүгүүсүнө бекем негиз түзүлдү.

Сиздер өлкөнүн энергетика системасын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, адистердин бир нече муунун тарбиялап, аларга баа жеткис билимдериңиздерди, кесиптик тажрыйбаңыздарды жана эмгектин мыкты салттарын өткөрүп бердиңиздер. Сиздердин басып өткөн жолуңуздар бүгүнкү күндө да жаш энергетиктер үчүн татыктуу үлгү болуп саналат.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык, үй-бүлөлүк жылуулук жана көңүл тынчтыгын каалайм. Ар дайым жакындарыңыздардын камкордугуна жана көңүл буруусуна, кесиптештериңиздердин урмат-сыйына жана жаш муундун чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгына бөлөнүп жүрүңүздөр.

Көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиздер, кесипке болгон берилгендигиңиздер жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Урматтоо менен
Кыргыз Республикасынын
энергетика министри
А.Д. Рысбеков

***

Министерство энергетики КР поздравило ветеранов энергетической отрасли с Днём пожилых людей

Речь министра энергетики Кыргызской Республики Алтынбека Рысбекова:

Уважаемые ветераны энергетики Кыргызской Республики!

Примите самые искренние поздравления с Международным днем пожилых людей — 1 октября!

В этот знаменательный день хочу выразить Вам глубокое уважение и признательность за многолетний добросовестный труд, высокий профессионализм и значительный вклад в становление и развитие энергетической отрасли Кыргызской Республики.

Ваш многолетний созидательный труд стал важной частью становления и развития энергетики Кыргызстана. Благодаря Вашему опыту, знаниям и профессионализму создавались энергетические объекты, укреплялись трудовые традиции и формировалась прочная основа для дальнейшего развития отрасли.

Вы не только внесли весомый вклад в развитие энергетической системы страны, но и воспитали целые поколения специалистов, передав им бесценные знания, профессиональный опыт и лучшие трудовые традиции. Ваш жизненный путь и сегодня служит достойным примером для молодых энергетиков.

Желаю Вам крепкого здоровья, долгих лет жизни, благополучия, семейного тепла и душевного спокойствия. Пусть Вас всегда окружают внимание и забота близких, уважение коллег и искренняя благодарность молодого поколения.

Благодарю Вас за многолетний созидательный труд, верность профессии и неоценимый вклад в развитие энергетики Кыргызской Республики.

С уважением,
Министр энергетики
Кыргызской Республики
А. Д. Рысбеков

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация иштери улануудаҮч-Коргон ГЭСинде станциянын жабдууларын жаңыртууга жана анын б...
30/09/2026

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде станциянын жабдууларын жаңыртууга жана анын белгиленген кубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу модернизация иштери уланууда. Учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу иштери толугу менен аяктап, №1 гидроагрегатты жана станциянын өндүрүштүк инфраструктурасын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Станцияны толук модернизациялоо иштерин 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Бардык иштер бүткөндөн кийин Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу 198 МВттан 216 МВтка чейин, башкача айтканда, 18 МВтка жогорулайт.

Станцияны реконструкциялоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар толугу менен жаңыланып, алардын жалпы кубаттуулугу 27 МВтка көбөйдү. №1 гидроагрегатты жаңылоо иштери аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин төрт гидроагрегаты тең толугу менен жаңыртылат.

Модернизациялоо станциянын ишинин ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, эскирген жабдууларды жаңылоого жана алардын эксплуатациялык мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда жүргүзүлүп жаткан азыркы реконструкция негизги жабдууларды жаңылоого багытталган биринчи ири масштабдуу модернизация болуп саналат.

***

На Уч-Курганской ГЭС продолжается масштабная модернизация

На Уч-Курганской ГЭС продолжается масштабная модернизация, которая позволит обновить оборудование станции и увеличить её установленную мощность. В настоящее время работы по замене гидроагрегата №2 завершены и продолжаются работы по замене гидроагрегата №1, а также производственной инфраструктуры станции.

Полное модернизация станции планируется завершить до конца 2026 года. После завершения всех работ установленная мощность Уч-Курганской ГЭС увеличится с 198 до 216 МВт, то есть на 18 МВт. Реконструкция станции началась в 2024 году. В рамках проекта уже полностью заменены гидроагрегаты №4, 3, 2 благодаря чему его мощность увеличилась на 27 МВт.

Таким образом, после завершения работ на агрегате №1 все четыре гидроагрегата Уч-Курганской ГЭС будут обновлены. Модернизация позволит повысить надёжность и эффективность работы станции, обновить устаревшее оборудование и продлить срок его эксплуатации.

Справка: Уч-Курганская ГЭС расположена в Джалал-Абадской области на реке Нарын. Станция была введена в эксплуатацию в 1961–1962 годах. За более чем 60 лет эксплуатации нынешняя реконструкция на данной станции стала первым масштабным обновлением основного оборудования.

29/09/2026

🔰 Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт.

✅️Өлкөбүздөгү өнүгүүлөр менен катар энергетика тармагында да чоң жоопкерчилик жана өзгөрүүлөр болууда. Союз тарагандан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөн аба электр чубалгылары жаңыланып, керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу электр тармактарынын кубаттуулугу да жогорулатылууда.

✅️Айталы, Манас шаарында 2025-жылы электр тармактарына 2700дөн ашуун жаңы абонент кошулган. Ал эми 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент электр энергиясы менен камсыз болгон. Жыл аягына чейин дагы 4000ге жакын жаңы абонентти кошуу күтүлүүдө.

✅️Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тапшырмаларынын алкагында Манас шаарында кеңири масштабдагы оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүп, 20 чакырым 6-10 кВ аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган СИП зымдарына алмаштырылат.

✅️Урматтуу керектөөчүлөр! Ал эми сиздер электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга салым кошуңуздар! Керексиз жарыктарды өчүрүп, электр шаймандарын сарамжалдуу колдонуңуздар. Электр энергиясын туура пайдалануу — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз. Энергетиктер кубаттуулукту арттырат, сиздер энергияны үнөмдөңүздөр! ⚡

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы Элчиси Ияд бин Гази бин Сулайман бин Хаким менен ж...
29/09/2026

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы Элчиси Ияд бин Гази бин Сулайман бин Хаким менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази бин Сулайман бин Хаким менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагындагы кыргыз-сауд кызматташтыгынын келечектүү багыттары, анын ичинде инвестиция тартуу жана энергетикалык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле сауд компанияларынын генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу жана модернизациялоо, энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, энергияны топтоо системаларын киргизүү жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлорго катышуусуна бурулду.

Ошондой эле жолугушууда кыргыз тараптын 2026-жылдын 11–15-октябрында Эр-Рияд шаарында өтө турган 25-Дүйнөлүк энергетикалык конгресске катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча ишти улантууга жана конкреттүү инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга макулдашышты.

***

Министр энергетики КР Алтынбек Рысбеков встретился с Послом Саудовской Аравии Иядом бин Гази бин Сулайманом Хакимом

Министр энергетики Кыргызской Республики Алтынбек Рысбеков провел встречу с Чрезвычайным и Полномочным Послом Королевства Саудовская Аравия в Кыргызской Республике Иядом бин Гази бин Сулайманом Хакимом.

Стороны обсудили перспективные направления кыргызско-саудовского сотрудничества в энергетической сфере, включая привлечение инвестиций и реализацию энергетических инфраструктурных проектов.

Отдельное внимание уделено возможностям сотрудничества с Саудовским фондом развития, а также участию саудовских компаний в проектах по строительству и модернизации генерирующих мощностей, развитию энергетической инфраструктуры, внедрению систем накопления энергии и повышению энергоэффективности.

В ходе встречи также обсуждалось возможное участие кыргызской стороны в 25-м Всемирном энергетическом конгрессе, который пройдет в Эр-Рияде 11–15 октября 2026 года.

По итогам встречи стороны договорились продолжить работу по перспективным направлениям энергетического сотрудничества и проработке конкретных инвестиционных проектов.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик энергетика башкармалыгы электр ...
29/09/2026

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик энергетика башкармалыгы электр энергетикасы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту

2026-жылдын 23-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик энергетика башкармалыгынын ортосунда электр энергетикасы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков кол койду. Макулдашуу электр энергетикасы тармагында кыргыз-кытай кызматташтыгын кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негиз түзүүгө багытталган.

Документке кол коюу кыргыз жана кытай тараптарынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген практикалык натыйжалардын бири болду. Сүйлөшүүлөрдө энергетика тармагындагы, анын ичинде жашыл энергетика багытындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

***
Министерство энергетики Кыргызской Республики и Государственное управление по энергетике КНР подписали соглашение о сотрудничестве в области электроэнергетики

23 сентября 2026 года, в городе Ханчжоу Китайской Народной Республики в рамках рабочего визита Председателя Кабинета Министров – Руководителя Администрации Президента Кыргызской Республики Адылбека Касымалиева подписано Соглашение между Министерством энергетики Кыргызской Республики и Государственным управлением по энергетике Китайской Народной Республики о сотрудничестве в области электроэнергетики.

С кыргызской стороны документ подписал министр энергетики Кыргызской Республики Алтынбек Рысбеков. Соглашение направлено на расширение кыргызско-китайского сотрудничества в электроэнергетике и создание основы для реализации совместных проектов.

Подписание документа стало одним из практических результатов переговоров кыргызской и китайской сторон, в ходе которых также обсуждалось дальнейшее развитие сотрудничества в сфере энергетики, включая зеленую энергетику.

Address

720070, Кыргызская Республика г. Бишкек, пр. Жибек-Жолу, 326
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312670220

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Энергетика министрлиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Энергетика министрлиги:

Shortcuts

Share