10/08/2026
Бишкек шаарында «Жаштар стажировкасы» пилоттук долбоору уланууда
Бишкек шаарында «Жаштар стажировкасы» пилоттук долбоорунун алкагында 18 катышуучу «Тигүүчү» адистиги боюнча кыска мөөнөттүү окуусун ийгиликтүү аяктап, ошондой эле жумшак көндүмдөрдү (soft skills) өнүктүрүү боюнча тренингден өтүштү.
Окуунун жыйынтыгында катышуучуларга кыска мөөнөттүү курстарды ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.
Тренингден кийин катышуучулар мындан ары стажировкадан өтө турган «Jasmir» тигүү фабрикасына барышты. Алар үчүн цех боюнча экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө өндүрүш процесси, эмгек шарттары жана келечектеги иш орду менен таанышышты.
Ошондой эле фабриканын жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, алдыдагы стажировка тууралуу маалымат алып, келечектеги милдеттери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
«Жаштар стажировкасы» долбоору жаштарга кесиптик билим алууга, практикалык тажрыйба топтоого жана келечекте ийгиликтүү ишке орношуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.
_______________________________________________________
В Бишкеке продолжается пилотный проект «Молодёжная стажировка»
В Бишкеке успешно завершили краткосрочные курсы по специальности «Швея», 18 участников проекта «Молодёжная стажировка» , а также прошли тренинг по развитию мягких навыков (soft skills).
По итогам обучения участникам были вручены сертификаты, подтверждающие прохождение краткосрочных курсов.
После прохождения тренинга участники посетили швейную фабрику “Jasmir”, где в дальнейшем будут проходить стажировку. Для них была организована экскурсия по цеху, в ходе которой они познакомились с производственным процессом, условиями труда и своим будущим рабочим местом.
Также состоялась встреча с руководством фабрики. Участники смогли задать интересующие вопросы, обсудить предстоящую стажировку и узнать больше о своих будущих обязанностях.
Проект «Молодёжная стажировка» направлен на создание возможностей для молодых людей получить профессиональные знания, практический опыт и необходимые навыки для дальнейшего успешного трудоустройства.