31/08/2026
Эгемендиктин 35 жылдыгына карата спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесине карата Баткен облусунда бир катар спорттук иш-чаралар уюштурулуп, жаштарды спортко тартуу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында майрамдык мелдештер өткөрүлдү.
Аталган иш-чаралар Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, спорттун таяк тартыш, гиря көтөрүү жана кол күрөш түрлөрү боюнча спортчулар өз күчтөрүн сынашты. Ошондой эле шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан улуттук спорттун өзгөчө түрү болгон кыргыз күрөшү боюнча мелдеш уюштурулду.
Мелдештер 75 кг чейинки жана 75 кг жогорку салмактагы ар түрдүү курактагы спорт сүйүүчүлөрү жана спортчулар катышып, күчүн, шамдагайлыгын, чыдамкайлыгын жана чеберчилигин көрсөтүштү. Өзгөчө улуттук спорт түрлөрүнө болгон кызыгуу жогору болуп, мелдештер достук жана атаандаштык маанайда өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө спортчуларга ийгилик каалап, алардын мекенчилдик сезимин жана спортко болгон кызыгуусун арттыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Мындай мелдештер жаш муундарды сергек жашоого үндөп, улуттук спорттун каада-салтын сактоого жана өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Мелдештердин жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталып, аларга уюштуруучулар тарабынан дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Спорттук мелдештер Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесин татыктуу белгилөөгө багытталган иш-чаралардын бири болуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү, элибиздин ынтымагы бекем, өлкөбүздүн келечеги кең болсун!